Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-декабры № 332

2022-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү - 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;

- 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү - 2022-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;

- 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү - 2022-жылдын 6-январындагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров