Сравнение редакций…
2-тиркеме
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген
Программалык негизде бюджеттерди түзүү,
кароо жана аткаруу боюнча нускама
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84, 85-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (мындан ары – БКБТ) жайылтылат.
2. Бул Нускамалар төмөнкүлөрдү белгилейт :
1) БКБТнын программалык негизде бюджеттин долбоорлорун түзүү жана кароо тартибин (мындан ары – программалык бюджеттер);
2) БКБТнын программалык бюджеттерин аткаруу тартибин;
3) бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна аныктоого карата талаптарды.
3. Бул Нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
бюджеттик программанын администратору – бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тартуучу БКБТнын кызмат адамы.
бюджеттик чара – бюджеттик программанын ишке ашырылышына түздөн-түз өбөлгө түзүүчү иштин түрлөрүн (иш-чаралар, инвестициялык долбоорлор, туруктуу аткарылуучу функциялар, үзгүлтүксүз сатып алуулар) билдирген бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
бюджеттик программа – бюджеттик каражаттар менен камсыз кылынуучу, өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана/же стратегиялык/программалык документтердин максаттары жана/же мамлекеттик башкаруунун/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары менен байланышкан натыйжаларга жетүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун/тармактын милдеттеринин бирин аткарууга багытталат;
натыйжалуулук индикаторлору – пландалган натыйжаларга жетүү даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр же сектордун/тармактын конкреттүү абалы. Натыйжалуулук индикаторлору сектордун/тармактын максаттарына жетүү үчүн багыт катары же БКБТнын ишин баалоо критерийлери катары колдонулат;
контролдук цифралар – бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, анын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгымдарын түзүү ишке ашырылат;
бюджеттик программанын паспорту – жооптуу аткаруучулардын ишинин максатын, багытын, бюджеттик программанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн жана башка мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде программанын максатына жетүүгө багытталган каражаттардын суммасын аныктоочу документ;
программалык түзүм – бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чаралардын тизмеги;
стратегиялык максат – сектордун/тармактын конкреттүү абалы, коомдук көз караштан алганда ага жетүү ылайыктуу болуп саналат;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2-глава. Уюштуруу маселелери жана мөөнөттөрү
4. БКБТ бюджеттик программалардын администраторлорунун, профилдик, стратегиялык, экономикалык жана финансылык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрүнүн арасынан жумушчу топту түзөт (мындан ары – жумушчу топ). БКБТнын жумушчу тобун министрдин орун басары же БКБТнын аппарат жетекчиси жетектейт.
5. Сот системасынын программалык бюджетинин долбоору Судьялар кеңешинин Бюджеттик комиссиясы тарабынан түзүлөт. Жергиликтүү деңгээлдеги программалык бюджеттин долбоору ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт.
6. БКБТ, Судьялар кеңешин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, 25-июнга чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук актыны, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу жооптуу кызматкердин байланышуу маалыматтарын жиберет.
7. Республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТнын жумушчу тобунун иши төмөнкү иштөө графигине ылайык жүргүзүлөт:
№ | Этап | Иш-чаралар | Мөөнөттөрү |
1 | Программалык бюджеттердин долбоорлорун даярдоо процессинин башталышы | 1) Жумушчу топтун персоналдык курамын түзүү жана бекитүү. Программалык бюджетти иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызматкерди дайындоо | 20-июнга чейин |
2) Тармактык саясаттын негизги багыттарын талкуулоо, бюджеттин программалык түзүмүн түзүү жана бекитүү боюнча жумушчу топтун жолугушууларын өткөрүү | 25-июнга чейин | ||
2 | Программалык бюджеттердин долбоорлорун даярдоо процесси | 1) Бюджеттик программалар жана чаралар боюнча натыйжалуулуктун индикаторлору боюнча сунуштарды даярдоо | 1-июлга чейин |
2) Иштин багыттары боюнча баяндоочу бөлүктү түзүү жана бюджеттик чаралар үчүн финансылык эсептөөлөрдү даярдоо | 10-июлга чейин | ||
3) Жарандык коомдун өкүлдөрү менен бюджеттин программалык структураларын талкуулоо (мурда түзүлгөн программалык түзүмү өзгөргөн учурда жүргүзүү зарыл) | 14-июлга чейин | ||
4) Ар бир бюджеттик программанын паспортун, программалык бюджеттин долбоору боюнча жыйынды түшүндүрмө катты түзүү жана таблицаларды топтоо | 16-июлга чейин | ||
5) Стратегиялык/программалык өнүктүрүү документтеринин максаттары жана максаттуу индикаторлору жана/же БКБТнын функциялары менен болгон өз ара байланышы боюнча БКБТнын программалык бюджетин кароо | 18-июлга чейин | ||
6) Программалык бюджеттин долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу | 20-июлга чейин | ||
7) Коомдук угууларды өткөрүү | 25-июлга чейин | ||
8) Программалык бюджеттин долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү | 1-августка чейин |