Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2-тиркеме

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген

Программалык негизде бюджеттерди түзүү,

кароо жана аткаруу боюнча нускама

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84, 85-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (мындан ары – БКБТ) жайылтылат.

2. Бул Нускамалар төмөнкүлөрдү белгилейт :

1) БКБТнын программалык негизде бюджеттин долбоорлорун түзүү жана кароо тартибин (мындан ары – программалык бюджеттер);

2) БКБТнын программалык бюджеттерин аткаруу тартибин;

3) бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна аныктоого карата талаптарды.

3. Бул Нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:

бюджеттик программанын администратору – бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тартуучу БКБТнын кызмат адамы.

бюджеттик чара – бюджеттик программанын ишке ашырылышына түздөн-түз өбөлгө түзүүчү иштин түрлөрүн (иш-чаралар, инвестициялык долбоорлор, туруктуу аткарылуучу функциялар, үзгүлтүксүз сатып алуулар) билдирген бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;

бюджеттик программа – бюджеттик каражаттар менен камсыз кылынуучу, өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана/же стратегиялык/программалык документтердин максаттары жана/же мамлекеттик башкаруунун/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары менен байланышкан натыйжаларга жетүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун/тармактын милдеттеринин бирин аткарууга багытталат;

натыйжалуулук индикаторлору – пландалган натыйжаларга жетүү даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр же сектордун/тармактын конкреттүү абалы. Натыйжалуулук индикаторлору сектордун/тармактын максаттарына жетүү үчүн багыт катары же БКБТнын ишин баалоо критерийлери катары колдонулат;