Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик жарандык кызматчылардын же муниципалдык кызматчылардын (мындан ары - кызматчылар) тартиптик жорук жасаган фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
2. Кызматчы жасаган тартиптик жорук же анын функциялык милдеттерин аткарбаган фактылар боюнча материалдарды өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү чогултуу жана изилдөө үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси дайындаган кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же жүргүзүлбөйт:
1) фактылар чындыкка ылайык келген учурда - кызматчы жасаган жоругу үчүн өзүнүн күнөөсүн чын дилинен мойнуна алса;
2) эгерде жасалган жорукта кылмыштын курамынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.
4. Кызматтык териштирүү - адамдардын чөйрөсү боюнча да, көлөмү боюнча да мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинен чыкпоого тийиш болгон ички текшерүү. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык санына кирбеген адамдар күбө катары жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн бериши жана квалификациялуу корутунду алуу үчүн компетенттүү адистер жана эксперттер катары тартылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүдө комиссиянын курамына ошол органдар карамагында болгон жогору турган мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) өкүлү (өкүлдөрү) киргизилет.
5. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиз (себеп) болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын рапорттору, кызматтык каттары;
- этика боюнча комиссиянын сунушу;
- кызматтык тартип бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү даттануулар, арыздар, маалыматтар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тартиптик жорук жөнүндө билдирүүлөр;
- жасалган тартиптик жорук жөнүндө кызматчынын, же болбосо жеке же юридикалык жактардын арыздары;