Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору (мындан ары - Климаттык борбор) жөнүндө жобо Климаттык борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт. Климаттык борбор Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун укугун улантуучу болуп саналат. 2. Климаттык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) буйруктарын жана тескемелери, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Климаттык борбор ыкчам башкаруу укугуна негизденген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат. Климаттык борбор өзүнө бекитилип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат. 4. Климаттык борбордун негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар. 5. Климаттык борбордун кыргыз, орус жана англис тилдеринде аталышы жазылган гербдик мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар. 6. Климаттык борбордун толук расмий аталышы: - мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору"; - расмий тилде: "Центр климатического финансирования при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики"; |