Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

2022-жылдын 28-январы № 33

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 "Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Рейддик салык контролун ыкчам жүргүзүү жана салык постун орнотуу аркылуу салыктардын жана жыйымдардын толук жана өз убагында бюджетке келип түшүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына, 127, 131-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 "Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелеринде:

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- рейддик салык контролу жана салык постун орнотуу формасындагы салык контролуна;";

- 3-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 9 жана 15-пункттарындагы "рейддик салык контролу жана салык посту," деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров