Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 341
“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 48, 2023-жылдын 22-мартындагы № 148, 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 181, 2023-жылдын 12-июлундагы № 353, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445, 2024-жылдын 27-февралындагы № 84, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 194, 2025-жылдын 14-августундагы № 495,
2026-жылдын 18-апрелиндеги № 260 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өнөр жайды модернизациялоону жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциясынын номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом болгон 1 000 000,0 (бир миллион) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен уставдык капиталында 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому (мындан ары – “Кыргызиндустрия” ААК) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштүн) мамлекеттик пакеттери “Кыргызиндустрия” ААКтын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилүүчү чарбалык коомдордун тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) “Кыргызиндустрия” ААКтын ишеним башкаруусуна өткөрүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин мамлекеттик ишканаларынын (филиалдарынын) тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргызиндустрия” ААКтын уюмдаштыруучусу жана жалгыз акционери болуп саналары;
2) 2-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн чарбалык коомдордогу акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылары;
3) ушул токтомдун 4-пунктуна ылайык түзүлүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мезгилинде “Кыргызиндустрия” ААКка төмөнкүдөй ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилери:
– ээликтен ажыратуу жана күрөөгө берүү маселелерин кошпогондо, 2-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн чарбалык коомдордогу акционердин (катышуучунун);
– 3-тиркемеге ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстер катары мамлекеттик ишканаларга (филиалдарга) карата мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик башкаруучу органдын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында “Кыргызиндустрия” ААКты жайгаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыксын;