Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 84 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 токтомуна) |
“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому (мындан ары – “Коом”) коммерциялык уюм болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн.
2. Коом өзүнүн ишин Коомдун Уставынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде ишке ашырат.
3. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак катары түзүлдү деп саналат. Коом иштөө мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
4. Коомдун толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому;
– расмий тилде: Открытое акционерное общество “Кыргызиндустрия”;
– англис тилинде: “Kyrgyzindustry” Open Joint Stock Company”.
Коомдун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – “Кыргызиндустрия” ААК;
– расмий тилде – ОАО “Кыргызиндустрия”;
– англис тилде – “Kyrgyzindustry” OJSC”.