ЖобоКүчүндө

Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилди)

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

2-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна)

Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 256, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 507 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 412 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө чечим кабыл алуу тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга, чарба жүргүзүүгө жана мөөнөттүү пайдаланууга берүү маселелерине жайылтылбайт.

3. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

- баланс кармоочу - мамлекеттик мүлк ыкчам башкаруусунда же чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;

- мамлекеттик мекеме - мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын кошо алганда менчиктин мамлекеттик формасындагы, мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак;

- мамлекеттик ишкана - менчиктин мамлекеттик формасындагы, ишкананын уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак;

- ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган.

2-глава. Чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкарууга берүү

4. Мамлекеттин менчигине турган мүлктү чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өткөрүп берүү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен - Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине биринчи жолу өткөн объекттерге карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча аныкталуучу башка учурларда;

2) ыйгарым укуктуу органдын чечими менен - бир баланс кармоочудан экинчи баланс кармоочуга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлк объекттерине карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан тиешелүү актылар чыгарылгандыгынын натыйжасында.

5. Ыйгарым укуктуу орган баланс кармоочунун жана кабыл алуучу мамлекеттик мекеменин /ишкананын биргелешкен өтүнүчүнүн негизинде баланс кармоочудан мамлекеттик мүлктү башка мамлекеттик мекемеге/ ишканага чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

6. Чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүүдө тараптардын ортосунда кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт.

7. Кыймылсыз мүлккө чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугу кыймылсыз мүлккө укугун жана оорлотуу (чектөө) укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык каттоого жатат.