Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-октябры № 196
Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 54, 2022-жылдын 12-августундагы № 447, 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215, 2023-жылдын 16-майындагы № 257, 2024-жылдын 27-августундагы №512, 2025-жылдын 15-июлундагы № 414, 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 272 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тизмекте көрсөтүлгөн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын максаттуу багыты белгиленген тартипте ырасталган шартта КНС төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215 , 2024-жылдын 27-августундагы №512 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 105 (3284) саны менен жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 54, 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 215, 2023-жылдын 16-майындагы № 257 , 2024-жылдын 27-августундагы № 512, 2025-жылдын 15-июлундагы № 414 , 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 272 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ЕАЭБ ТЭИ ТН | Позициялардын аталышы |
Шамал электр станциясы (ШЭС) | |
7308 20 000 0 | Мунаралар жана решеткалуу мачталар |
8483 60 800 0 | Башкалар (валдарды туташтыруу үчүн муфталар жана түзүлүштөр (универсалдуу шарнирлерди кошуп алганда) |
8502 31 000 0 | Шамал энергиялык (башка электр генератордук орнотмолор) |
8503 00 910 0 | Чоюндан куюлган же болоттон куюлган (8501 же 8502 товардык позициясындагы гана же негизинен ошол машиналар үчүн арналган бөлүктөр) |
8503 00 980 0 | Башкалар (8501 же 8502 товардык позициясындагы гана же негизинен ошол машиналар үчүн арналган бөлүктөр) |
8504 22 900 0 | Кубаттуулугу 1600 кВАдан ашык, бирок 10000 кВАдан ашпаган суюк диэлектриги бар трансформаторлор |
8504 40 910 0 | Башкалар (статикалык кайра өзгөрткүчтөр) |
8504 40 910 0 | Литий-иондук (тик бурчтуу (анын ичинде төрт бурчтуу) же башка формадагы электр аккумуляторлору, анын ичинде алар үчүн сепараторлор) |
8537 10 980 0 | Башкалар (электр тогун башкаруу же бөлүштүрүү үчүн 8535 же 8536 товардык позициясындагы эки же андан көп түзүлүштөр менен жабдылган, анын ичинде өзүнө 90 тобундагы шаймандарды жана түзүлүштөрдү жана 8517 товардык позициясынын коммутациялык түзүлүштөрүнөн тышкары башкаруунун санариптик аппараттарын камтыган башка пульттар, панелдер, консолдор, столдор, бөлүштүрүүчү тосмолор жана башка электр аппаратурасы үчүн негиздер, 1000 Вдан ашпаган чыңалууга) |
8537 20 920 0 | Башкалар (8535 же 8536 товардык позициясындагы эки же андан көп түзүлүштөр менен жабдылган, электр тогун башкаруу же бөлүштүрүү үчүн, анын ичинде өзүнө 90 тобундагы шаймандарды жана түзүлүштөрдү жана 8517 товардык позициясынын коммутациялык түзүлүштөрүнөн тышкары башкаруунун санариптик аппараттарын камтыган башка пульттар, панелдер, консолдор, столдор, бөлүштүрүүчү тосмолор жана башка электр аппаратурасы үчүн негиздер, 1000 Вдан ашык, бирок 72, 5 кВдан ашпаган чыңалууга) |
8537 20 980 0 | Башкалар (8535 же 8536 товардык позициясындагы эки же андан көп түзүлүштөр менен жабдылган, электр тогун башкаруу же бөлүштүрүү үчүн, анын ичинде өзүнө 90 тобундагы шаймандарды жана түзүлүштөрдү жана 8517 товардык позициясынын коммутациялык түзүлүштөрүнөн тышкары башкаруунун санариптик аппараттарын камтыган башка пульттар, панелдер, консолдор, столдор, бөлүштүрүүчү тосмолор жана башка электр аппаратурасы үчүн негиздер, 72,5 кВдан ашык чыңалууга) |
Күн электр станциясы (КЭС) | |
8413 19 000 0 | Башкалар (чыгым өлчөгүчкө ээ болгон же аларды орнотууну караштырган соргучтар) |
8415 81 009 0 | Башкалар (нымдуулукту өзүнчө жөнгө салууга мүмкүн болбогон кондиционерлерди кошуп алганда, кошо орнотулган муздаткыч орнотмосу жана муздатуу/ысытуу циклин которуу үчүн клапаны менен абанын температурасын жана нымдуулугун өзгөртүү үчүн кыймылдаткычы жана шаймандары бар желдеткич менен жабдылган абаны кондиционирлөө үчүн башка орнотмолор (реверсивдүү жылуулук соргучтары) |
8418 61 001 9 | Башкалар (8415 товардык позициясындагы абаны кондиционирлөө үчүн орнотмолордон тышкары өндүрүмдүүлүгү 3 кВт жана андан жогору болгон жылуулук соргучтары) |
8419 19 000 0 | Башкалар (агуучу же топтоочу (сыйымдуу), суу жылыткычтар, электрдик эмес) |
8419 50 000 0 | Жылуулук алмаштыргычтар |
8419 90 850 9 | Башкалар (турмуш-тиричилик максаттарында колдонулган машиналарды жана жабдууларды, электрдик эмес, агуучу же топтоочу суу жылыткычтарын (сыйымдуу) кошпогондо ысытуу, бышыруу, кууруу, дистилляциялоо, ректификациялоо, стерилдөө, пастеризациялоо, буулоо, кургатуу, буулантуу, конденсациялоо же муздатуу сыяктуу температуранын өзгөрүшү менен процессте материалдарды иштетүү үчүн машиналардын, электрдик же электрдик эмес жылытуу менен өндүрүштүк же лабораториялык жабдуулардын бөлүктөрү (8514 товардык позициясындагы мештерди, камераларды жана башка жабдууларды кошпогондо) |
8504 40 300 8 | Башкалар (телекоммуникациялык аппаратуралар, эсептөөчү машиналар жана алардын блоктору менен пайдаланылуучу статикалык кайра өзгөрткүчтөр) |
8507 20 800 8 | Башкалар (электр аккумуляторлору, коргошундан жасалган башкалар) |
8507 30 200 9 | Башкалар (электр аккумуляторлору, никель-кадмиевдик, жылчыксыз) |
8507 80 000 9 | Башка аккумуляторлор (электр аккумуляторлору) |
8537 10 910 0 | Эске тутуу менен программалоочу контроллерлор, 1000 Вдан көп эмес чыңалууга |
8541 42 000 0 8541 43 000 0 8541 49 00 0 | Башкалар (модулдарга чогултулган же чогултулбаган, панелге орнотулган же орнотулбаган фотогальваникалык элементтерди кошуп алганда фото сезгичтүү жарым өткөргүч шаймандар; жарык чыгаруучу диоддор, башкалар) |
8541 90 000 0 | Бөлүктөр (диоддор, транзистерлер жана ушуга окшош жарым өткөргүч шаймандар; модулдарга чогултулган же чогултулбаган, панелге орнотулган же орнотулбаган фотогальваникалык элементтерди кошуп алганда фото сезгичтүү жарым өткөргүч шаймандар; жарык чыгаруучу диоддор (LED); чогултулган пьезоэлектрдик кристаллдар) |
Чакан гидроэлектр станциясы (ЧГЭС) | |
8410 11 000 0 | Кубаттуулугу 1000 кВтдан ашык эмес гидравликалык турбиналар жана суу дөңгөлөктөрү |
8410 12 000 0 | Кубаттуулугу 1000 кВтдан ашык, бирок 10000 кВтдан ашпаган гидравликалык турбиналар жана суу дөңгөлөктөрү |
8410 13 000 0 | Кубаттуулугу 10000 кВтдан ашык гидравликалык турбиналар жана суу дөңгөлөктөрү |
8501 61 300 0 | Номиналдуу чыгуу кубаттуулугу 7,5 кВАдан ашпаган өзгөрмө токтун генераторлору (синхрондуу генераторлор) |
8501 61 700 0 | Номиналдуу чыгуу кубаттуулугу 7,5 кВАдан ашык, бирок 75 кВАдан ашпаган өзгөрүлмө токтун генераторлору (синхрондуу генераторлор) |
8501 62 000 0 | Номиналдуу чыгуу кубаттуулугу 75 кВАдан ашык, бирок 375 кВАдан ашпаган өзгөрүлмө токтун генераторлору (синхрондуу генераторлор) |
8501 63 000 0 | Номиналдуу чыгуу кубаттуулугу 375 кВАдан ашык, бирок 750 кВАдан ашпаган өзгөрүлмө токтун генераторлору (синхрондуу генераторлор) |
8502 39 200 0 | турбогенераторлор |
8502 39 800 0 | Башка электр генератордук орнотмолор |
3917 29 000 9 | Башка пластмассалардан жасалган катуу башка түтүктөр, түтүктөр жана шлангдар |
8503 009 100 | 8501 же 8502 товардык позициясындагы машиналар үчүн гана же негизинен алар үчүн арналган куюлган чоюн же куюлган болот бөлүктөр |