Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 101 токтомуна) |
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну жөнгө салат.
2. Ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, уюштуруу жана өткөрүү ыкмалары
3. Мамлекеттик сатып алуулар Мыйзамдын ченемдерине, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик сатып алуулар төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
1) Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыя жайгаштырбастан;
2) Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык электрондук каталог аркылуу.
5. Сатып алуучу уюм ушул Тартипке ылайык мамлекеттик сатып алуулардын ыкмасын өз алдынча аныктайт.
6. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй ырааттуу иш-чаралардын аткарылышын караштырат:
- сатып алууларды пландоо;
- сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык спецификациясын (жумуштардын жана сарпталуучу материалдардын, техникалык тапшырмалардын көлөмүнүн ведомостторун) иштеп чыгуу;
- рынокко мониторинг жүргүзүү (изилдөө);