Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 22-декабрындагы№ 816 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 11-марты № 137
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249, 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479, 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023 жылдын 16-майы № 264 , 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 547 "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлккө салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Колдонуу мөөнөтү |
1 | Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары | 0407 11 0000 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
2 | Кубулма форель балыгынын тоюту | 2309 90 1000 2309 90 3100 2309 90 9609 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
3 | Ири мүйүздүү мал, тирүү башка | 0102 29 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
4 | Ири мүйүздүү малдын эти | 0201 10 0201 20 0202 10 0202 20 | 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин |
|
| 2-тиркеме |