|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна) |
Салык постун орнотуу ТАРТИБИ (В редакции постановления Кабинета Министров КР от 27 февраля 2024 года № 83) 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 81, 109, 131, 132 жана 138-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүнүн (мындан ары - субъект) товарларын жана акча каражаттарын толук эсепке алуу жана салык карыздарын төлөө максатында салык постун орнотуу жана анын ишин уюштуруу тартибин аныктайт. 1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 81, 109, 131, 132 жана 138-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүнүн (мындан ары – субъект) товарларын жана акча каражаттарын толук эсепке алуу жана салык карызын төлөө максатында салык постун орнотуу жана анын ишин уюштуруу тартибин аныктайт. 2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 1) жазма буйрук – ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделүүчү товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу максатында салык постун орнотууга укук берүүчү документ; 2) кызматкер – белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде салык постун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы; 3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, мамлекеттик мекеме, обочолонгон бөлүк; 4) субъекттин жооптуу адамы – субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак; 5) х-отчет – отчетту түзүү учуруна карата нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (контролдук-кассалык машинанын (мындан ары – ККМ) өчүрүлбөгөн контролдук чеги); 6) орто аралык отчет – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет; 7) z-отчет – нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (ККМдин өчүрүү менен контролдук чеги); 8) салык постунун жыйынтыктары жөнүндө акт – ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык постун орнотуунун жыйынтыгы таризделген документ; 9) мүлктү убактылуу тартып алуу акты (мындан ары – мүлктү тартып алуу акты) – ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү форма боюнча таризделген, тартып алынган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүчү документ; 10) тоскоолдук көрсөтүү акты – кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген документ; 11) контролдук сатып алуу – ККМди колдонуу боюнча тартиптин жана талаптардын сакталышын контролдоо, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектерди берүү үчүн товарларды аз санда сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан мезгили чектелбестен жүргүзүлүүчү текшерүүнүн методу; 12) уруксат берүүчү документтер – салык кызматынын органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде берилүүчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, патент, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим, камсыздандыруу полиси), ошондой эле уюмдардын жана обочолонгон бөлүктөрдүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтер; 13) баштапкы эсепке алуу документтери – эсеп-фактура (анын ичинде электрондук түрдө), контролдук-кассалык жана товардык чектер, кассалык кириш жана чыгыш ордерлери, салыктык эсепке алуу документтери болуп саналган салыктык базаны аныктоо үчүн салыктык эсептин регистрлери, ошондой эле Улуттук банк тарабынан бекитилүүчү же банктык практикада иштиктүү жүгүртүү адаттары менен колдонулуучу төлөм документтери кирет; 14) шектүү акциздик марка – бул салык кызматынын органы тарабынан контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген формага жана дизайнга ылайык келбегендиги, анын ичинде акциздик марканын бекитилген коргоочу элементтеринин жоктугу аныкталган акциздик марка. 3. Салык посту төмөнкүдөй субъекттин мүлк объектисинде жана/же экономикалык иш жүргүзгөн аймагында орнотулат: 1) акциздик товар өндүрүүчү: – акциздик товарлар болуп саналган күйүүчү-майлоочу материалдарды туруктуу негизде өндүрүүчү; – күйүүчү-майлоочу материалдарды кошпогондо, акциздик товарларды өндүрүүчү: жүгүртүүнүн көлөмүн жана төлөнүүчү салыктардын суммасын төмөндөтүүнү кошуп алганда, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген салыктарды төлөбөй коюунун тобокелдик факторлору болгон учурда товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин; ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тизме боюнча туруктуу негизде; 2) салык карызы бар – салык карызын толук төлөгөнгө чейин; 3) салык отчетторун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөр менен берген жана/же отчетторду бербеген – товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин; 4) салык постун орнотуу менен коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн – катары менен келген жети календардык күндөн кем эмес мөөнөткө, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруу жерлериндеги салык постунан тышкары; 5) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо боюнча тобокелдик факторлору болгон учурда өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн; 6) экономикалык иш жүргүзүүнүн сезондук мүнөзүнө жараша пайдалуу кендерди казып алууну жүзөгө ашыруучу – товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин. 4. Салык посту субъекттин иш режиминде орнотулат. 5. Салык постунун жыйынтыктары салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыда чагылдырылат жана тиешелүү салык контролун жана/же салыктык текшерүүнү жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
|