Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 15-марты № 139

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Консулдук иш маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 "Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Документтерди мыйзамдаштырууну жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары мыйзамдаштырылууга тийиш болгон документтердин мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.";

- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- ушул Жобонун 28-пунктуна ылайык суроо-талаптарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында мыйзамдаштыруу жол-жобосун жүргүзүүгө бөгөт болгон жагдайлар белгилүү болгон учурда;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 11-ноябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук уставда:

- 39-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Консул легалдаштырылууга тийиш болгон документтердин мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамада:

- 33-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз-Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

"Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме

Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсепке алуу жөнүндө мастикалуу штамптын үлгүсү

Консулдук эсепке алынган

Осуществлена постановка на консульский учет

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

 

20__-ж. (г.) "___" __________________________

 

Ыйгарым укуктуу адамдын колу:

Подпись уполномоченного лица: ________________________________________________

 

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин

гербдүү мөөрү жок жараксыз

 

Без гербовой печати

заграничных учреждений Кыргызской

Республики недействителен

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 8-тиркеме

Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө мастикалуу штамптын үлгүсү

Консулдук эсептен чыгарылды

Снят с консульского учета

________________________________________________________________

________________________________________________________________

 

20__-ж. (г.) "___" __________________________

Ыйгарым укуктуу адамдын колу: ___________________________________________

Подпись уполномоченного лица: ___________________________________________

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

Консулдук кызмат департаментинин же Кыргыз Республикасынын

чет өлкөдөгү мекемелеринин гербдүү мөөрү жок жараксыз

 

Без гербовой печати Департамента консульской службы

Министерства иностранных дел Кыргызской Республики или

заграничных учреждений Кыргызской Республики недействителен