Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 181
Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы төлоонүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 14-августундагы № 416, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2024-жылдын 5-февралындагы № 48, 8 мая 2024 года № 224 , 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 , 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 702, 2025-жылдын 4-июнундагы № 317, 2025-жылдын 29-июлундагы № 452, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 , 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 "Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 7-пунктундагы "саатына 200 сом, кийимчен позада тургандыгы үчүн саатына 100 сом" деген сөздөр "саатына 360 сом, жарым кийимчен позада тургандыгы үчүн - 270 сом, кийимчен позада тургандыгы үчүн саатына 180 сом" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 22-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдой озгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттарында:
3-пункту "Бухгалтер" деген сөздөн кийин "(эки же андан көп бухгалтер болгон учурда, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча адистин милдеттери бир бухгалтерге жүктөлөт)" деген сөздөр менен толукталсын.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)