Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 180
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 3-мартындагы № 132, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 16-майындагы № 262, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 , 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 736, 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 , 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 , 2025-жылдын 15-августундагы № 499 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Маданият,искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маданият, искусство,маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 30-марты № 180