Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомуна) |
Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелерине ылайык сатып алынган материалдык ресурстар боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салык салынуучу берүүлөр боюнча КНС суммасынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү тартибин (мындан ары - КНСтин ашкан суммасы) жана КНСтин ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералык текшерүүнү жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) кайтарып берүү - КНСтен ашкан сумманы башка салыктар боюнча салыктык карыздарын төлөө эсебине чегерүү, ошондой эле КНСтен ашып кеткен суммаларды бюджеттен КНС төлөөчүнүн банктык эсебине төлөө;
2) ордун толтуруу - КНСтен ашкан сумманы КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын, кийинки салыктык мезгилдин КНСин, ошондой эле анын импортко КНС боюнча милдеттенмесин жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карызын төлөө эсебинен чегерүү;
3) "FORM STI-012" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча импортко КНС милдеттенмелерин жана салыктардын башка түрлөрү боюнча, салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебинен КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана аны кайтарып берүү жөнүндө корутунду;
4) "FORM STI-013" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча КНС төлөөчүнүн банктагы эсебине бюджеттен КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө корутунду;
5) камералык текшерүү - КНСтен ашкан сумманын түзүлүшүнүн негиздүүлүгүн жана өлчөмүн аныктоого байланышкан иш-чаралардын комплекси;
6) товар коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өткөргүч түтүктөр транспорту жана электр берүү линиялары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделүүчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган ташууда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоочу эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу кагаздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылуучу товарлар тууралуу маалыматты, анын ичинде товарлардын наркын ырастоочу башка документтер.
7) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана салык мыйзамдарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 327-беренесине ылайык нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, белгилүү салык мезгилинде сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан ашып кеткен учурда КНС төлөөчүнүн КНСинин ашкан суммасы Салык кодексинин 326 жана 329-беренелеринде каралган тартипте жана ага ылайык төмөнкүдөй эсепке алынат:
1) КНСтен ашкан сумма арызы жок эле КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын төлөөнүн эсебине чегерүү менен орду толтурулат;
2) КНС боюнча салыктык санкциялар жана туумдар боюнча карыздар жок болгон учурда, КНСтен ашкан сумма арызы жок эле кийинки салыктык мезгилге КНСти төлөө эсебине киргизилет;