Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-апрели № 218

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин макулдашылгандыгын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунун экинчи абзацындагы "238" деген цифралар "239" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 239-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

"239-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызмат орундарынын аталыштары

Саны

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Долбоордун координатору

1

110000

2

Архитектор

1

130000

3

Дизайнер

1

80000

4

Башкы бизнес-аналитик

1

100000

5

Бизнес-аналитик

2

90000

6

Кенже бизнес-аналитик

2

70000

7

Башкы программист

5

120000

8

Программист

4

95000

9

Кенже программист

6

75000

10

Системалык администратор (маалыматтар базасынын администратору)

1

100000

11

Маалыматтык коопсуздук боюнча улук адис

1

90000

13

Жөндөө, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис

2

70000

Эскертүү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине ушул токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы жана 2-пункту колдонулбайт.".