Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 14-апрели № 220

Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 ,  2024-жылдын 23-августундагы № 499,  2025-жылдын 11-январындагы N 7

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 127-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат.

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар 3-тиркемеге ылайык.

- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)

1-1. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-марты деп белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361, 2024-жылдын 23-августундагы № 499 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Субъект ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү деп белгиленсин:

1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продукттарын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;

2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмекке киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;

3) 2025-жылдын 1-апрелинен тартып - товарларды калкка сатуу жана/же экспорттоо үчүн Интернет тармагында соода платформасын берүүчү субъект;

4) 2027-жылдын 1-январынан тартып:

- ата мекендик өндүрүштөгү тигүү продукциясын өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашыруучу субъект, ошол продукцияга гана карата;

- юридикалык жакты түзбөстөн өздүк өндүрүштөгү өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продукттарын жүгүртүү боюнча өз ишин жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарба;

5) 2023-жылдын 1-январынан тартып - ушул пункттун 1-4-пунктчаларына киргизилбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу субъект.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179,  2024-жылдын 23-августундагы № 499,  2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Субъект төмөнкүдөй деп белгиленсин:

1) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу киргизилүүчү датага чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттала алат жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ыктыярдуу тартипте колдоно алат;

2) "Эсептен чыгаруу" операциясын милдеттүү түрдө аткаруу менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздебестен товарларды жеткирүүгө укуктуу:

- 2025-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө - ушул токтомдун 2-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн субъекттин дарегине жеткирүүлөр жүргүзүлгөн учурда;

- 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө - өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн арналган товарларды жеткирүү жана иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусун ушул токтомдун 2-пунктунун 4-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн субъекттин дарегине жеткирүү жүргүзүлгөн учурда;

3) ушул токтомдун 2-пунктунун 4-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн, товарлардын акциздик топторун жана идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды сатуу учурунда ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

4) товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтпөстөн калкка товарларды жеткирүүдө эсептен чыгаруу документин 2026-жылдын 1-апрелине чейин түзүүгө укуктуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179 , 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы экономикалык иштин субъекттеринин арасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча системалуу негизде түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.