Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 14-апрели № 223

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544, 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 717,  2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761,   2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүн башкарууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктунун 31-пунктчасында "Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаменти" деген сөздөр "Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы жана 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544, 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 717,   2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмү (транспорттук контролдоо органы) болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга багытталган: