Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу»Түндүк«мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 245
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү талаптагыдай жана натыйжалуу техникалык координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү техникалык милдеттерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) түзүлсүн.
2. Мекеме жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мекеме электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн төмөнкү элементтеринин оператору болуп аныкталсын:
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;
- Бирдиктүү идентификациялоо системасы;
- Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;
- Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемесине» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -декабрындагы № 745 «Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнундө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 «Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1 1-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Мекеменин балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн элементтерин («Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, Бирдиктүү идентификациялоо системасын, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Улуттук мониторинг системасын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестрин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестрин);
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Түндүк» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруунун натыйжасында мурда алынган жабдууларды жана негизги каражаттарды.
11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жабдууларды жана негизги каражаттарды Мекеменин балансына өткөрүп берүүсү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналары белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгертүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
- маалыматтык системалардын иштешин жана Мекеменин ишин камсыздоо үчүн Мекеме тарабынан берилген өлчөмдөгү финансы каражаттарын жыл сайын республикалык бюджетте карасын.