Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-апрели № 227
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында, "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыйынды маалыматты берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 токтомуна) |