|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 , 2025-жылдын 28-августундагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Колдонуу чөйрөсү
Ушул Продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын рыногуна жүгүртүүгө келип түшкөн продукциялардын шайкештигине милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн жалпы принциптерин белгилейт.
2. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Тартиптин максаттары үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ISO 9000, ISO/IEC 17000 сериясындагы эл аралык стандарттарда белгиленген терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жалпы жоболор
3.1. Продукциялардын шайкештигин ырастоо милдеттүү же ыктыярдуу мүнөздө болот.
Продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:
- милдеттүү сертификациялоо;
- шайкештикти декларациялоо.
Продукциялардын шайкештигин ыктыярдуу ырастоо ыктыярдуу сертификациялоо формасында жүзөгө ашырылат.
3.2. Шайкештикти ырастоо боюнча иштер "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Продукцияларды милдеттүү сертификациялоо улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча органдар тарабынан алардын аккредитациялоо чөйрөсүнүн чегинде жүргүзүлөт.
3.4. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген уюм же продукцияларды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан (мындан ары - СО) алардын аккредитациялоо чөйрөсүнүн чегинде жүргүзүлөт.
3.5. Эгерде шайкештикти ырастоонун алкагында сыноолор продукцияларды сертификациялоодо колдонулуучу шайкештикти ырастоо схемасында (мындан ары - продукцияларды сертификациялоо схемасы) же шайкештикти декларациялоодо колдонулуучу шайкештикти ырастоо схемасында каралса, же болбосо мыйзамдардын ченемдик укуктук актыларында аныкталса, ал аккредитациялоонун тиешелүү чөйрөсүндө аккредитацияланган сыноо лабораториялары (борборлору) тарабынан жүргүзүлөт.
3.6. Шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциялар, шайкештикти ырастоо формалары Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде (мындан ары - техникалык регламенттер) же алар жок болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциялардын тизмесинде (мындан ары - Продукциялардын тизмеси) белгиленет.
3.7. Шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо техникалык регламенттердин талаптарына же алар жок болсо, Продукциялардын тизмесинде белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
Ыктыярдуу сертификациялоо арыз ээсинин демилгеси боюнча стандарттардын талаптарына жана келишимдин шарттарына шайкештикке арыз ээси менен Тизмеге кирбеген продукциялар үчүн СОнун ортосундагы келишимдин шарттарында жүзөгө ашырылат.
3.8. Продукциялардын шайкештигин ырастоо жүргүзүү иштери бекитилген тарифтерге жана/же прейскурантка ылайык арыз ээси тарабынан төлөнөт.
3.9. Продукцияларды милдеттүү сертификациялоо ушул Тартиптин 4-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
3.10. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
3.11. Шайкештикти ырастоо боюнча документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук басуучу түзүлмөлөрдү пайдалануу менен гана таризделет.
Шайкештик сертификатынын текстин терүү үчүн Times New Roman шрифтинин гарнитуру колдонулат. Шайкештик сертификатын берген СО жөнүндө маалыматтар үчүн шрифтин кегли түз жазылыштагы 9 пункттан кем эмес. Калган маалыматтар үчүн шрифтин кегли түз жазылыштагы 10 пункттан кем эмес.
Сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсинин же декларацияны кабыл алуучунун аталышы, даярдоочунун аталышы, анын жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, ошондой эле продукцияларды даярдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жердин дареги (даректери), жумуштарды аткарган, кызматтарды көрсөткөн объектинин жайгашкан дареги (мамлекеттин аталышынан тышкары) жана продукциялардын белгилери (тиби, түрү, маркасы, модели, артикул ж.б.) мамлекеттик жана расмий тилдерде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин расмий кайрылуусу жана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделген шайкештик сертификаты болсо, шайкештик сертификатын чет тилинде тариздөөгө жол берилет.
3.12. Шайкештик сертификатына жана шайкештик жөнүндө декларацияга ушул Тартипте каралбаган маалыматтарды, ошондой эле кыскартылган сөздөрдү киргизүүгө (жалпы кабыл алынган белгилерди жана кыскартууларды кошпогондо) жана тексти оңдоого жол берилбейт.
3.13. Шайкештик сертификаты жана шайкештик жөнүндө декларация берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын реестрине катталган күндөн тартып күчүнө кирет.
3.14. Шайкештик сертификатынын көчүрмөлөрү шайкештик сертификатынын түп нускасын берген СО тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору берүүчү каттоо номери бар бланктардын өзүнөн таризделет.
Ар бир СО өздөрү берүүчү шайкештик сертификаттарынын эсепке алынган көчүрмөлөрүн эсепке алууну уюштурат.
Катталган шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөлөрү ушул декларацияны кабыл алган адам тарабынан А4 форматындагы ак баракта (210 х 297 мм) даярдалат, жетекчинин (мыйзамдарга ылайык жетекчи ыйгарым укук берген кызмат адамынын) колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөлөрү жетекчи ыйгарым укук берген кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн учурда шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсүндө ыйгарым укук берүүчү документтин аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт.
3.15. Шайкештикти ырастоонун зарыл болгон бардык жол-жоболору аткарылгандан кийин жана коопсуздук талаптарына продукциялардын шайкештигин документтик ырастоо болгондо продукцияларды шайкештик белгиси менен маркалоо жүзөгө ашырылат.
3.16. Продукциялардын шайкештигин ырастоодо сертификациялоо жол-жоболорунун өтүү процессинде же шайкештик жөнүндө сертификатты каттоодо алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо менен сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсинин, сертификат ээлеринин, шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган адамдардын мүлктүк кызыкчылыктары камсыздалат.
4. Продукцияларга милдеттүү түрдө сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби
4.1. Продукцияларды сертификациялоо тиешелүү техникалык регламентте белгиленген продукцияларды сертификациялоо схемасы боюнча, ал эми техникалык регламент жок болсо же продукцияларды сертификациялоо схемасы техникалык регламентте белгиленбесе, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык продукцияларды сертификациялоо схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
Сертификациялоо боюнча органдар продукциялардын стандартына ылайык керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурларда расмий тилде маалыматтардын милдеттүү реквизиттери жок продукцияларды сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө укуктуу эмес.
4.2. Арыз ээси:
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык көрсөтүлгөн продукцияларды сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү аккредитациялоо чөйрөсүнө кирген СОго продукцияларга сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө берет;
- сертификациялоо схемасын тандайт;
- сертификациялоо боюнча иштердин, сыноо жүргүзүүнүн жана инспекциялык контролдоонун (сертификациялоо схемасында талап кылынса) наркын төлөйт;
- төмөнкүдөй документтерди берет:
а) ушул Тартиптин 4.5.1-пунктуна ылайык өндүрүштүн абалын талдоо менен схема үчүн - даярдоочунун техникалык документтерин (конструктордук, технологиялык, эксплуатациялык ж.б.);
б) сапат системасына документтерди (бар болсо) жана сертификациялоо схемасына жараша башка документтерди;
в) продукцияларды жеткирүүгө контрактты (зарыл болсо);
г) товарды коштоочу документтерди - ташылып келүүчү продукциялар үчүн (анын ичинде мунай продуктулары үчүн: партиянын заводдон чыккан номерин жана жөнөтүлгөн партиянын өлчөмүн көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү товардык транспорттук накладной; өндүргөн өлкөнүн коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча сертификациялоо жөнүндө ырастоону көрсөтүү менен сапат паспортун же сертификаттын кармоочусунун же шайкештик сертификатын берген СОнун мөөрүнүн оригиналы менен күбөлөндүрүлгөн шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн);
д) продукциялардын шайкештигин ырастаган документтерди (эгерде арыз ээси сертификациялык сыноонун кыскартылган программасы боюнча сертификациялоого талапкер болсо): шайкештик сертификатын (түп нуска же аны берген аккредитацияланган СО тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө), продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган аккредитацияланган ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан жүргүзүлгөн сыноолордун протоколун (түп нуска же сыноолорду жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аны берген аккредитацияланган лабораториялар тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө);
- сыноолор үчүн продукциялардын партиясын жана үлгүлөрүн СОнун өкүлүнө карап чыгуу үчүн берет;
- продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештиги бузулса, түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгат, бекитет жана аткарат;
- шайкештигине сертификацияланган техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын милдеттүү талаптарына туура келбеген продукцияларды жүгүртүүгө чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат;
- продукцияларды сертификациялоодо СО менен пикир келишпестиктер келип чыкса, СО апелляциялык комиссияга кайрылат, ал эми анын чечимине макул болбосо, аккредитацияланган СОнун жана сыноо лабораторияларынын укукка каршы аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык СОну аккредитациялаган аккредитациялоо боюнча органга даттануу же апелляция менен же Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылат;
- СОнун жана сыноо лабораторияларынын аракеттерине соттук тартипте даттанат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)