Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 31-майындагы

№ 288 токтомуна

 

Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 , 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Ушул Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобо "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнүн жана себүүнүн эсебинен үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

1. Жалпы жоболор

1. Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан ушул Жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлган талаптарга (критерийлерге) жооп берген бир же бир нече айыл чарба өсүмдүгүнүн үрөндүк жана көчөт материалын өстүрүүчү жана сатуучу чарба жүргүзүүчү субъект.

2. Үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкер юридикалык же жеке жак айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

1) үрөнчүлүк чарба статусун алууга арыз;

2) юридикалык жактын мамлекеттик катталганы (кайрадан катталганы) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же жеке адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;

3) айдоо жерлердин менчик ээлиги жана (же) пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (өзүндө документтердин түп нускалары болуу керек);

4) материалдык-техникалык базасы (себүүчү, жыйноочу, кыртышты иштетүүчү, үрөн тазалоочу жана дарылоочу айыл чарба техникасынын маркасын жана техникалык абалын көрсөтүү менен) бар экендиги, ошондой эле алардын өндүрүштүк кубаттуулугун жана табигый абалын чагылдыруу менен бар болгон кырмандары жана кампа жайлары жөнүндө декларация (маалыматтар);

5) ар бир айыл чарба өсүмдүгү боюнча өндүрүүнүн жана сатуунун жакынкы үч жылга карата көлөмүн эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө жана үрөндөрдү сатуунун болжолдонгон булактары жөнүндө маалыматтар.

"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ушул пунктта саналып өткөн документтерди алуу мүмкүндүгү болгон учурда, үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкерлерден бул документтер талап кылынбайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 688 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкер болгон юридикалык же жеке жак Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу арыз берүүгө укуктуу.

Кароо үчүн документтер электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документ түрүндө берилет.

4. Келип түшкөн арызды кароо үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмүндө 5 мүчөдөн турган комиссия түзүлөт. Жыйналышка 4 мүчөдөн кем эмеси катышкан учурда комиссиянын жыйналышы укуктуу болуп саналат. Комиссиянын курамына айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн райондук мамлекеттик администрациясынын, үрөнчүлүк чарба жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн кызмат адамын, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык бөлүмүнүн өкүлүн милдеттүү түрдө киргизүү менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн келип түшкөн арызды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия милдеттүү түрдө жерине баруу менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкердин ишинин натыйжалары жөнүндө корутундуну даярдайт.

Оң корутунду чыгаруу жөнүндө чечим кворумду түзгөн комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынууга тийиш. Комиссиянын бир же андан көбүрөөк мүчөлөрү тарабынан каршы пикирлер болгон учурда баш тартуу себептерин негиздөө менен терс корутунду чыгарылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Комиссиянын келип түшкөн арызды кароо мөөнөтү 10 жумуш күнгө чейинки убакытты түзөт.

6. Ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук топтому берилген жана ушул Жобонун 12, 13, 15-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн оң корутундуну тиркөө менен үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу жөнүндө тиешелүү өтүнүч катты жөнөтөт.

Келип түшкөн өтүнүч каттарды кароо үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу боюнча комиссия түзүлөт.

Комиссиянын курамына үрөнчүлүк маселелерин тейлеген министрдин орун басары, тармактык түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана алардын карантини, айыл чарбасын механизациялоо боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери, илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары, Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын өкүлү кирет.

Комиссия өтүнүч кат келип түшкөн жана расмий катталган учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде аны карайт жана үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу же статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Комиссия тарабынан оң чечим кабыл алынган учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үрөнчүлүк чарбалардын бекитилген тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечиминин долбоорун даярдайт жана белгиленген тартипте киргизет.