Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 30-июну № 355

Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382,  2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 40-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-  Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382, 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

11. Бул токтомду аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде жана жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 72-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 331 "Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;