Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 токтомуна ылайык) |
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 543, 2024-жылдын 5-февралындагы № 44, 2024-жылдын 23-июлундагы № 419
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) салыштыруу актысы - тараптардын ортосунда белгилүү бир мезгил үчүн өз ара эсептешүүлөрүнүн абалын чагылдырган документ;
2) администрациялануучу эсеп - укук бузууларды, анын ичинде муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн ачылган эсеп;
3) "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы - аппараттык-программалык комплекстер фиксациялаган маалыматты жана жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) бузуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу, ЖКЭ бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жеткирүү/жеткирбөө статусун жана борбордук деңгээлде төлөөнү чагылдырган мамлекеттик маалыматтык система;
4) аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - транспорт каражаттарынын жалпы агымы, фиксацияланган ЖКЭ бузуулар жана видео байкоо жөнүндө комплекстүү маалыматты автоматташтырып берүү системасын билдирген, фото жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар стационардык/көчмө сертификацияланган контролдук-өлчөөчү техникалык каражат;
5) Укук бузуулардын бирдиктүү реестри - катталган укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар, ошондой эле аларга карата колдонулган жазалар жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
6) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды берүүгө жеңүүчү аныктала турган тандоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Айыптардын суммаларын түзүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча администрациялануучу эсепти (мындан ары - администрациялануучу эсеп) ачууга уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)