Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 38 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 1-июлу № 357

2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров