КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 29-июлу № 409
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) интеллектуалдык менчик укуктарын укукка каршы аракеттерден коргоону укуктук камсыздоо.";
- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) укуктук жактан коргоо функцияларын:
- укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жазаларды колдонот;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт;
- укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктар берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт;
- Комиссия жөнүндө жобону, анын сандык жана жеке курамын бекитет.";