Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 токтомуна) |
"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 677 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоодо (мындан ары - тандоо) тартибин аныктайт, тандоодо келип чыккан укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
инновациялык демилге - инновациялык иштин техника-экономикалык, укуктук жана уюштуруу негиздемесин, актуалдуулугун жана практикалык маанисин камтыган инновациялык долбоор (мындан ары - инновациялык долбоор);
стартап - алардын багыты масштабдуу бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, өтө белгисиздик шарттарында жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү болуп саналган жаңы долбоор же инновациялык идеяларга негизделген компания;
жаңылык (новация) - рыноктун аныкталган сегменти үчүн колдонулуп жаткан аналогдоруна салыштырмалуу жаңы белгилерге ээ, практикада колдонулуучу, анын негизинде жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны, жаңы же өркүндөтүлгөн технология, жаңы кызмат көрсөтүүлөр, жаңы уюштуруу-техникалык чечим түзүүдө оң экономикалык же башка пайдалуу натыйжа алып келүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык иштин натыйжасы (жаңы билим, техникалык же башка чечим, эксперименттик же тажрыйбалык үлгү ж.б.);
уюштуруучу – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик);
катчылык - Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары - ИМ Мамфонду);
инновациялык долбоорлорду, стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия - курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген комиссия (мындан ары - Комиссия);
комплекстүү экспертиза - ушул Жободо аныкталган критерийлер боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын илимий иштеп чыгууну, коммерциялык пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле алар ишке ашырылган учурда жетишилүүчү социалдык-экономикалык таасирди аныктоо максатында инновациялык долбоорлорго, стартаптарга көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү илимий-техникалык жана социалдык-экономикалык экспертиза;
насаатчы (ментор) - бизнести жүргүзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча катышуучуларга кеңеш берүү үчүн тандоонун алкагында ишке тартылуучу ишкердик иш жүргүзгөн адис;