КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-августу № 471
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн тарифтик торчо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) бюджеттик булактардан каржылануучу кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо:
- IV бөлүмү күчүн жоготту деп таанылсын;
- VI бөлүмүнүн 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Борбордун жетекчисине кызматкерлерге өзгөчө маанилүү ишти аткаргандыгы, татаалдыгы, сапаты, ишинин натыйжалары, чыгармачылык жана кесиптик демилгесин көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштөө режими үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейин үстөк белгилөө укугу берилет. Көрсөтүлгөн үстөктөр тапшырмаларды өз убагында аткарбаганда, иштин сапаты начарлаганда же эмгек тартиби бузулганда жокко чыгарылат же азайтылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.