Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна) |
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693, 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633, 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 200, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 602, 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайын иштелип чыккан жана мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун, кызматтан бошотуунун жана аттестациялоонун тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби
2. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси себептерин көрсөтүү менен "улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызматка дайындоо же кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине дайындоонун же бошотуунун себептерин көрсөтүү менен сунуш киргизет.
3. “Улуттук” деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна сунушталган талапкерди дайындоо жөнүндө сунушка төмөнкү документтер тиркелет:
1) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
2) илимий эмгектердин тизмеси;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык билими, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин түп нускалары;
4) эмгек китепчесинин түп нускасы;
5) жогорку окуу жайын өнүктүрүүнүн перспективдүү планы;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарды ырастоочу башка документтер.
Ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жооптуу кызматкери күбөлөндүргөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилет.
Кызмат ордуна дайындоо жөнүндө сунушта “улуттук” деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган талапкердин ишкердик жана жеке сапаттарынын кыскача мүнөздөмөсү берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 602, 2026-жылдын 4-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. "Улуттук" деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызматтан бошотуу жөнүндө сунушка аттестациялык комиссиянын протоколу же кызматтан бошотуунун мыйзамдуу жана жүйөлүү негизи тиркелет.