Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 8-июлу № 363

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт. Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

- 3-пунктунун экинчи абзацындагы "социалдык блок боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-8-пункттарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;