Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 372
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикалык (мамлекеттик) бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 27, 116, 118-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 16-20-пунктчалар менен толукталсын:
"16) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин аткаруу жөнүндө отчет (экономикалык классификация/бюджеттин параметрлери боюнча) (30-тиркеме);
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу жөнүндө отчет (экономикалык классификация боюнча жыйынтыктоочу отчет) (31-тиркеме);
18) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу жөнүндө отчет (функционалдык классификация боюнча жыйынтыктоочу отчет) (32-тиркеме);
19) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттеринин резервдик фонддорунун жана максаттуу каражаттарынын эсебинен чыгымдарга багытталган суммалар жөнүндө отчет (33-тиркеме);
20) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчет (экономикалык классификация боюнча) (34-тиркеме).";
- ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда 30-34-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |