Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 токтомуна) |
"Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 , 2025-жылдын 9-декабрындагы № 793 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөсүн жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "Санарип аймак" АМС) түзүүнүн жана иштөөсүнүн негизги максаттарын, милдеттерин, тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. "Санарип аймак" АМС жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн компетенциясын аткаруусу үчүн ушул Жободо белгиленген тартипте "Санарип аймак" АМСтин модулдарын түзүү жана жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруунун маалыматтык системасын билдирет.
3. "Санарип аймак" АМС ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) системанын администратору - маалыматтык системанын, анын ичинде программалык (системалык) деңгээлде иштешине мониторинг жүргүзүүчү "Санарип аймак" АМСтин операторунун жооптуу кызматкери (адиси);
2) "Санарип аймак" АМСтин ээси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
3) "Санарип аймак" АМСтин жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) - "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана жеке маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана пайдаланууну контролдоо ыйгарым укуктары жүктөлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
4) логин - "Санарип аймак" АМСтин системасына кирүү үчүн пайдалануучунун идентификатору;
5) "Санарип аймак" АМСтин модулдары - белгилүү бир максаты бар жана берилген иштеп чыгуу функцияларын ички түзүмгө ээ болгон башка программалык модулдардан өзүнчө камсыздаган АМСтин өз алдынча бөлүктөрү же болбосо АМСтин түзүүчү ички бөлүгү;
6) "Санарип аймак" АМСтеги маалыматка санкцияланбаган кирүү - кызматкердин кызматтык ыйгарым укуктарын бузуу, бул маалыматка жетүүгө уруксаты жок адамдар тарабынан жалпыга жеткиликтүүлүгү жабык болгон маалыматка жетүү мүмкүндүгү;
7) "Санарип аймак" АМСтин оператору - аны мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтык системалары жана маалымат базалары менен интеграциялоону жана техникалык коштоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;
8) пароль - системанын пайдалануучусуна гана белгилүү болгон символдордун жашыруун ырааттуулугу, бул анын реалдуу маанисине дал келүүсүн ырастоого жана системага кирүү мүмкүндүгүн алууга мүмкүндүк берет;
9) “Санарип аймак” АМСтин пайдалануучулары – “Санарип аймак” АМCке тиешелүү кирүү мүмкүндүгү бар жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландаштыруунун жана болжолдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгууга, “Санарип аймак” АМСке маалыматтарды жүргүзүүгө жана актуалдаштырууга жана/же отчетторду жана чыгуу формаларын түзүүгө жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү муниципалдык кызматчылары, мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчылары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;
10) жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту - анын негизинде жакыр үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыгуучу "Санарип аймак" АМСте электрондук түрдө таризделүүчү жакыр үй-бүлөнүн курамы, бакубатчылыгынын деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жетүү мүмкүндүгү жөнүндө анкета;