Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-октябры № 569

Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген

адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармагынын ишканаларынын жана Сары-Жаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек акысына райондук коэффициенттерди белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 5-пункту "Жерүй" Талас кен чыккан жер" деген сөздөрдөн кийин "2725 м белгиден жогору" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"

51

"Жерүй" Талас кен чыккан жердин алтын кени комбинаты 1800 м белгиден 2725 м белгиге чейин

1,6

".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров