Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
|
| |
|
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна) | |
|
|
|
|
Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 404 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү) (мындан ары - БКБТ) тарабынан бюджеттик программалар жана чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду (мындан ары - натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет) түзүү жана берүү процессин, ошондой эле бюджеттик программалардын/чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана алардын натыйжалуулугун баалоо процессин регламенттейт.
2. Бул Тартипти колдонуунун максаты бюджеттик программаларды/чараларды пландоонун жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларга жана чараларга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ишке ашырылуучу бюджеттик программалардын социалдык-экономикалык таасирин жогорулатуу жана мамлекеттик саясаттын пландалган максаттарына жетүү максатында натыйжалуулукка мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү билдирет;
2) бирдиктүү форматтарды колдонууну кошо алганда, бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүгө мониторинг жүргүзүүдө бирдиктүү ыкманы колдонууну билдирет;
3) жоопкерчилик мониторинг жүргүзүүгө тартылган бардык кызмат адамдары ушул Тартипте каралган талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартарын билдирет;
4) ачык-айкындуулук жана отчеттуулук бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы ачык маалымат экендигин, БКБТ веб-ресурстарына жайгаштырыла турганын билдирет. Жарандык коомдун, илимий жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү макулдашуу боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) бюджеттик программанын администратору - бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тартуучу БКБТнын кызмат адамы;
2) бюджеттик чара - бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз көмөк көрсөтүүчү иштин түрлөрү (иш-чаралар комплекси, инвестициялык долбоорлор, туруктуу аткарылуучу функциялар, үзгүлтүксүз сатып алуулар) болгон бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
3) бюджеттик программа - Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринен каражаттар менен камсыз кылынуучу улуттук стратегиянын жана/же өнүктүрүүнүн стратегиялык/программалык документтеринин, жана/же мамлекеттик башкаруунун/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларынын максаттарына байланыштуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун милдеттеринин бирин аткарууга багытталган;