Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-сентябры № 523
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 132, 2023-жылдын 24-июлундагы № 367, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 667 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 333 , 2025-жылдын 15-августундагы № 499, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 3-августундагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн административдик-башкаруу, чыгармачыл-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык;
21) Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын административдик-башкаруу, чыгармачыл-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын типтүү штаттары 21-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
4) телерадиоберүү системасынын кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясында, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинде иштеген техникалык тейлөөчү персоналга иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөктүн өлчөмү 6-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 132, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө;
2) чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, жогорку квалификациясы үчүн кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
3) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын ичинен төмөнкү кызматкерлердин кызматтык маяналарына төмөнкүдөй өлчөмдөрдө пайыздык үстөктөр:
- автомашиналардын айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы;