Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-октябры № 592
2022-жылы мамлекеттик текшерүүдөн өткөн Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмектерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мал чарбасын асылдандырууну андан ары өнүктүрүү, генетикалык ресурстарды сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик текшерүүдөн өткөн асыл тукум заводдорунун тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик текшерүүдөн өткөн асыл тукум фермаларынын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 478 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум субъекттерине асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдорду жана фермаларды статусунан ажыратуу жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Мамлекеттик текшерүүдөн өткөн асыл тукум заводдорунун ТИЗМЕГИ
№ | Субъекттин аталышы жана статусу | Району | Жаныбарлардын түрү | Породасы |
I. Баткен облусу | ||||
1 | "Тегирмен-Башы" асыл тукум эчки заводу жана үрөнчүлүк чарбасы" МИ | Баткен | Эчки | Кыргыз тыбыттуу |
II. Ысык-Көл облусу | ||||
1 | "Оргочор асыл тукум жана үрөнчүлүк боюнча заводу" МИ | Жети-Өгүз | Кой | Кыргыз тоо мериносу |
2 | "Элдияр" ФАЗ | Тоң | Жылкы | Орус таскактуу |
3 | "Рейна-Кенч" ФАЗ | Ак-Суу | ИММ | Абердин-ангус |
III. Нарын облусу | ||||
1 | "Тянь-Шань мамлекеттик асыл тукум заводу" МИ | Нарын | Кой | Тянь-Шань жарым уяң жүндүү |
2 | "Улгу" ФАЗ | Нарын | Жылкы | Жаңы кыргыз |
3 | "Федерация "Тенир-Тоо Аргымактары" ФАЗ | Нарын | Жылкы | Жаңы кыргыз |
4 | "САЛ-ЭМ" ФАЗ | Кочкор | Жылкы | Орус таскактуу |
ИММ | Абердин-ангус | |||
IV. Ош облусу | ||||
1 | "Катта-Талдык" мамлекеттик асыл тукумдуулук заводу" МИ | Кара-Суу | Кой | Кыргыз тоо мериносу |
2 | "Касым-Ата" ФАЗ | Өзгөн | Жылкы | Жаңы кыргыз |
V. Талас облусу | ||||
1 | "Государственный племенной завод по овцеводству им. М.Н.Лущихина" МИ | Кара-Буура | Кой | Кыргыз тоо мериносу |
2 | "Орозбек" ФАЗ | Кара-Буура | Жылкы | Таза кандуу мингич |
VI. Чүй облусу | ||||
1 | "МИС СУТ" ФАЗ | Ысык-Ата | ИММ | Голштино-фриз |
2 | "ЭлДан Аталык" ФАЗ | Ысык-Ата | ИММ | Ала-Тоо |
3 | "Три Т" ФАЗ | Ысык-Ата | Канаттуу | Кросс хай лайн мекияны |
4 | "Этис и Челэй" ФАЗ | Ысык-Ата | Жылкы | Таза кандуу мингич |
5 | "Каракетов Мудалиф" жылкы заводу" ФAЗ | Ысык-Ата | Жылкы | Таза кандуу мингич |
6 | "ФПКЗ "Ак-Баш" ФАЗ | Ысык-Ата | Жылкы | Орус таскактуу |
7 | "Аширбек-Ата" ФАЗ | Ысык-Ата | Жылкы | Таза кандуу мингич |
8 | "Чабрец" ФАЗ | Сокулук | ИММ | Ала-Тоо |
ИММ | Голштино-фриз | |||
ИММ | Абердин-ангус | |||
Кой | Гиссар | |||
9 | "Алмаз" ФАЗ | Сокулук | Чочко | Ири ак |
10 | "Риал" ФАЗ | Москва | Жылкы | Орус таскактуу |