Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
III. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-февралындагы № 45, 2015-жылдын 12-февралындагы № 54, 2015-жылдын 18-февралындагы № 66, 2015-жылдын 19-мартындагы № 131, 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 237, 2015-жылдын 14-майындагы № 292, 2015-жылдын 8-июлундагы № 465, 2015-жылдын 15-июлундагы № 500, 25 ноября 2015 года № 803, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 804, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 805, 2015-жылдын 14-декабрындагы № 856, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 874, 2016-жылдын 3-мартындагы № 109, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589, 2017-жылдын 16-январындагы № 20, 2017-жылдын 23-июнундагы № 406, 2017-жылдын 4-июлундагы № 421, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 634, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2018-жылдын 20-июнундагы № 287, 2018-жылдын 20-июнундагы № 294, 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 5-мартындагы № 102, 2019-жылдын 18-мартындагы № 128, 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 739, 2020-жылдын 13-январындагы № 6, 2020-жылдын 3-мартындагы № 119, 2020-жылдын 10-мартындагы № 141, 2020-жылдын 30-июлундагы № 406, 2020-жылдын 3-августундагы № 407, 2021-жылдын 11-мартындагы № 89, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52, 2021-жылдын 12-августундагы № 125, 2021-жылдын 11-октябрындагы № 217, 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 275, 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 284, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 327, 2022-жылдын 28-январындагы № 27, 2022-жылдын 25-мартындагы № 168, 2022-жылдын 1-августундагы № 432, 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 488, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 646, 2023-жылдын 24-январындагы № 34, 2023-жылдын 28-февралындагы № 110, 2023-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 28-мартындагы № 173, 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында | ||||||||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча мүчөлүк акы төлөөчү адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин тариздөө жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-глава, 90-пункт | ||||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону ишке ашырууга ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасында жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу аткаруучу орган (мындан ары - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган) жана анын аймактык башкармалыктары (мындан ары - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ). Аймактык башкармалыктардын тизмеси тейлөө стандарты менен бирге стенддерде, медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында жайгаштырылат | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (мындан ары - ММК полиси) сатып алууга төмөнкүлөр укуктуу: - 18 жашка толгон, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн жеке адамдар; - жарандардын белгилүү бир категориясы үчүн төгүмдөрдү которгон юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2012-жылдын 28-февралындагы № 151 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Камсыздандырылган адамдын статусун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнү алууга укук берүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси. ММК полиси чектелген мөөнөткө жана акы төлөө негизинде берилет: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - 12 календардык ай; - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - 6 же 12 календардык ай | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | ММК полисин алуу үчүн арыз ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ же Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) кайрылуусу зарыл. Арыз ээлерине кызмат көрсөтүү атайын бөлүнгөн жайда жүргүзүлөт. Келүүчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлөт: кийим чечүүчү жай, күтүү үчүн орундар, телефон, жылуулук, суу түтүктөрү, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - короодогу ажаткана). Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн имаратта атайын жабдуулар каралган (пандустар, туткалар). Кызмат көрсөтүү кезек күтүү принциби боюнча жүргүзүлөт. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирипген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Кызматтарды көрсөтүүдө келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ жана саламаттык сактоо уюмдарында ММК полисин сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү көрсөтүлгөн такта болушу керек | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө, полистин наркын төлөөгө кеткен убакыттын чеги - 15-20 мүнөт. Адистердин телефон аркылуу консультация берүүсүнө жана жеке аңгемелешүүгө кеткен убакыт 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. ММК полисин алуунун чектелген мөөнөтү арызды берген жана анын наркын төлөгөн күндөн тартып 5 күндөн ашпоого тийиш | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн ала алат: - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдан, медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгында төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Чүй проспекти, 122; - иш убактысы: дүйшөмбү-жума саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12-30дан 13-30га чейин; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ; - саламаттык сактоо уюмдарынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ тизмеси (кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында, такталарында жайгаштырылат). Жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланыш түзүүдө); - электрондук форматта (ММК полиси жана жол-жобосу, аны алууга акы төлөө жөнүндө маалымат, "суроолор-жооптор" медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында - www.foms.kg; - маалымат такталарында; - маалыматтык материалдарда (мамлекеттик жана расмий тилдердеги брошюралар, буклеттер). ММК полисин алуу үчүн арыздардын үлгүлөрү жана Жарандарды медициналык- санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктарындагы жана саламаттык сактоо уюмдарындагы маалымат такталарында көрсөтүлгөн | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалымат берүү бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде кепилденет, маалымат өз убагында жаңыртылып турат. Көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылат; - жалпыга маалымдоо каражаттарында ("Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Будь здоров" газеталары, "АКИпресс" "Кабар", "24 KG", "Азаттык", "Баракелде" маалымат сайттарында, "Кыргыз радиосу" радиосунда, "КТР", "Замана TV", НБТ телеканалдарында); - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында (www.foms.kg); - мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарында, брошюраларда, буклеттерде; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын жана анын АБ "ишеним телефондору" боюнча; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын жана анын АБ коомдук кабылдамаларында; - калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда; - Электрондук кызмат көргөзүүлөрдүн мамлекеттик порталында | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын бардык АБ жана саламаттык сактоо уюмдарында ММК полисин тариздөө жана берүү үчүн жооптуу адам болот. Кабинетте маалыматтык табличкалар болот. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ калк менен иштеген бардык кызматкерлеринде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейджиктери) болушу керек. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Өзгөчө категориядагы керектөөчүлөргө (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, улгайгандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери) аңгемелешүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга таанылган эл аралык жеке маалыматты коргоо стандарттарын сактоого милдеттенет. Кызмат алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланууга мүмкүн эмес. Жеке маалыматтарды киргизүү боюнча маалымат базалары коргоонун тиешелүү даражасы менен камсыздалышы керек. Купуялуулук принцибинин сакталышы юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыктарды аткаруу үчүн зарыл болгон даражада чектелиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | ММК полисин сатып алуу үчүн арыз ээси паспортун (ID-карта) көрсөтүшү зарыл, белгиленген үлгүдөгү арызды жазып, ММК полисинин наркын төлөшү керек. Арыз ээсинин өкүлү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты же арыз ээси менен туугандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү зарыл. Жарандар белгиленген үлгүдөгү арыздардын бланктарын ММК полисин берүүгө жооптуу болгон адистерден акысыз ала алышат. Берилген арыздар ММК полистерин берүү/өткөрүп берүү журналына датасын, ММК полисин алуучулардын аты-жөнүн жазуу жана колун коюу менен толтурулат. Юридикалык уюмдар ким экендигин ырастоочу документтери жок жарандардын категориясы үчүн ММК полистерин медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган менен түзүлгөн келишимдин жана аты жазылган тизменин негизинде сатып ала алат | ||||||
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүң актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын тактыгы жана өз убагында болушу; - ММК полисин алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык келүү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта), акысыз бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу "суроо-талап - жооп" режиминде жүргүзүлөт. Кызматты алуу үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталына катталуусу зарыл. Алынган көчүрмөнү чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1) portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2) 2017-жылдагы үлгүдөгү ID-картты же булут электрондук кол тамгасын пайдалануу менен жүргүзүлө турган каттоо болбогон учурда - каттоодон өтүү керек; 3) тиешелүү кызмат көрсөтүүнү табуу; 4) суроо-талапты түзүү үчүн "жөнөтүү" баскычын басуу зарыл; 5) киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгат, кызмат көрсөтүүчүнүн маалымат системасына жөнөтүлөт жана кабарлама түрүндө маалыматтык документ берилет". Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 5 (кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалыматын ырастоочу кандайдыр бир документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалыматтык системасынан электрондук арыз берүүдө автоматтык түрдө генерацияланат). Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөр 113 номери боюнча медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын шыр байланышына телефон чалуу аркылуу суроолор менен кайрылууда маалымат түрүндө жооп алышат | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн төмөнкүлөргө баш тартылышы мүмкүн: - 18 жашка чыга электерге; - арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу, аныкталбаган үлгүдөгү документтерди берүүдө (кемтиги бар, оңдолгон, өчүрүлгөн болсо); - ал адамда башка адамдын атынан иштөөгө расмий ыйгарым укугу болбосо (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын ырастоочу документтер); - ММК полиси үчүн акы төлөбөгөн учурда; - арыз ээси тарабынан стандартта көрсөтүлгөн документтердин толук тизмеси берилбесе | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда алуучу белгиленген тартипте медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу уюмдун жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана даттануу жазылган күнү камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууну жана дооматты кароо медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган жана анын АБ тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоосу керек. Адегенде жазуу жүзүндөгү даттануу кызмат алуучу тарабынан медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ берилип, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө каралат. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын АБ тарабынан кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органга кайра даттанууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же сапатсыз кызмат көрсөтүлгөн учурда алуучу медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | ||||||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштык нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-бап, 7-пункт | ||||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет элдик жарандар. Кандайдыр бир чектөөлөр жок | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү тастыктоонун натыйжаларын таануу тартиби; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 "Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому; 2016-жылдын 16-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтому | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Шайкештик сертификаты | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөр үчүн имараттын ичиндеги санитардык-гигиеналык жайларды (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор (имараттарды, жайларды) менен жабдуу; - кезек күтүү тартиби боюнча. Сертификаттоо боюнча органда күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон, интернет бар. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арыз же жолдомо алуу үчүн аларга түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Бардык зарыл документтер болгон учурда кызмат көрсөтүүгө берилген билдирүү жаран кайрылган күнү кабыл алынат. Милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоодо шайкештик сертификаты 30 календардык күнгө чейинки мөөнөттө берилет. Милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоонун жыйынтыктарын таануу боюнча жумуштарды жүргүзүү мөөнөтү тастыктоочу документтер толук болгондо милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоонун жыйынтыгын таануу боюнча жумуштарды аткаруу мөөнөтү билдирүү алынган күндөн тартып кайрылуунун ээсине шайкештик сертификатын берүүгө чейин 2 күндөн ашпашы керек | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жобосу жөнүндө маалымат берүү: - жазуу жүзүндө; - оозеки (телефон, жеке байланыш аркылуу); - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы аркылуу; - электрондук форматта (www.nas.gov.kg - расмий web-сайтында "суроо-жооптор"). - маалыматтык тактада. Бланкаларды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби жөнүндө жана акы төлөө (которуу) жөнүндө маалыматтар электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган. Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын иштөө режими: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30 - 17.30 чейин, түшкү тыныгуу 12.00 - 13.00 чейин. Телефон номерлери, банк реквизиттери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты расмий web-сайтында жана маалымат тактасында жайгаштырылган | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө өз убагында жаңыланып туруучу маалымат бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берилет. Кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу менен төмөнкүлөрдөн таанышууга болот: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын расмий сайтынан; - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кеңсесиндеги маалымат тактасынан | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкеринин столунда кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн маалыматтык табличка же кызматкерде маалыматтык бейдж болушу керек. Келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкер кызматтык жана функциялык милдеттерди сактайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол-бербестен, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбашы зарыл. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана ооруктун ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерге ылайык берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кайрылуунун ээси төмөнкү документтерди бериши зарыл: - тиешелүү үлгүдөгү арыз; - товар коштомо документтер жана (же) номенклатураны жана ташылып келинген продукциянын санын тастыктаган продукцияны өндүрүүчү менен контракт (келишим); - жүк ташуу бажы декларациясы; - сертификациялануучу продукцияга ченемдик жана техникалык документтер (зарылдыгына жараша); - сертификаттын түп нускасынын ээсинин же сертификатты берген сертификациялоо боюнча органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (таануу жол-жобосу жүргүзүлгөн учурда) шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Тексттин оригиналынын котормосу котормочунун кол тамгасы жана мөөрү менен ырасталат. Башка жактар шайкештик сертификатын алуу үчүн арызды нотариалдык же ишкананын (субъектинин) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кайрылуу ээсинин атынан жазылган ишеним кат аркылуу беришет. Кайрылуунун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына продукцияны сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга жазуу жүзүндөгү арыз берүүгө; - сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө акы төлөөгө жана төлөгөндүгү тууралуу эсеп-фактураны берүүгө; - кароо үчүн продукциянын партиясын берүүгө; - сертификациялык текшерүү жүргүзүү үчүн продукциянын партиясынан үлгүлөрдү тандап алууга шарт түзүүгө, зарылдыгына жараша текшерүү жүргүзүүгө жабдуу орнотууга | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө баалардын прейскуранты Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын расмий сайтында, маалымат тактасында жана "Токтом" маалымат тутумунда жайгаштырылган | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүлөр үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү "Бирдиктүү терезе" принцибине ылайык, төмөнкүдөй тартипте берилет: 1) Кайрылуунун ээси электрондук форматта иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасында (мындан ары - "БТБ МИ") каттоодон өтүп, электрондук санариптик кол тамга алуусу керек. "БТБ МИ" электрондук дареги: www.trade.kg. 2) "БТБ МИ" каттоодон өткөн кайрылуу ээси "БТБ МИ" ишке киргизилген "Тулпар-систем" маалыматтык тутуму аркылуу сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга арызды жана зарыл болгон документтерди электрондук түрдө жибере алат. 3) "БТБ МИ" ишке киргизилген "Тулпар-систем" маалыматтык тутуму аркылуу сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга кайрылуунун ээси тарабынан автоматтык түрдө жиберилген арыз жана зарыл болгон документтер сертификаттоо боюнча органга келип түшөт. 4) Сертификаттоо боюнча орган документтер толук жана так болгон учурда сертификаттоо жумуштарын аткарууга киришет. 5) Документтер топтому толук эмес, электрондук санариптик кол тамганын жоктугу сыяктуу кемчиликтер табылган учурда, кызматкер "Тулпар Систем" маалыматтык тутумунда аныкталган шайкеш эместиктер боюнча комментарий берип, арызды кайрылуунун ээсине кайтарат | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайрылуунун ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына дал келбегенде; - керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн зарыл болгон документтерди бербей койгон учурда; - жогоруда саналып өткөн документтердин пакети толук берилбесе; - берилген документтерде так эмес маалыматтар көрсөтүлсө; - лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча продукция бекитилген талаптарга дал келбегенде | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууда талаш маселелер келип чыкса, кайрылуунун ээси сертификаттоо боюнча органдын жетекчилигинин наамына даттануу (апелляция) жиберүүгө укуктуу. Сертикаттоо боюнча орган төмөнкүлөргө милдеттүү: - кайрылуунун ээсинин даттануусун (апелляцияны) кабыл алууга жана каттоого; - даттанууну (апелляцияны) кароого; - жазуу жүзүндө негиздүү жооп даярдап аны кайрылуу ээсине берүүгө. Жазуу жүзүндөгү кайрылуу каттоого алынгандан кийин 14 күндүн ичинде каралат. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды сурап алуу же башка чара көрүү зарыл болгон учурда даттанууну чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте кайрылуунун ээсине алдын ала билдирүү менен 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Апелляция боюнча терс чечим чыгарылган учурда кайрылуунун ээси аккредитациялоо боюнча органга (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору) сертификаттоо боюнча органдын бейукук иш-аракеттерине даттануу (апелляция) берүүгө укуктуу. Ошондой эле кайрылуунун ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сертификаттоо боюнча органдын, аккредитациялоо боюнча органдын иш-аракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгил аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||||||
3-глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту | ||||||||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 1-пункт | ||||||
2 | Кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жумушу жана маянасы (кирешеси) жок, жумуш издеп жүргөн, ишке кирүүгө даяр, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына кайрылган Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жарандары жумушсуз катары каттоого турууга укуктуу. Ошондой эле zanyatost.kg порталы жана portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жумуш издөөчү катары катталуу үчүн электрондук арыз берүүгө укуктуу. Маалымкат жумушсуз катары катталган жарандарга portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 токтому менен бекитилген Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкат | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн шарттар болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу электрондук түрдө; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, арыз берүүчүдөн документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Арыз берүүчүнү жумушсуз катары таануу чечими 10 күндүн ичинде кабыл алынат. Кезек күтүүнү кошо алганда, маалымкатты берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - zanyatost.kg порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер жана брошюралар, такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - жеке кабыл алууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдардын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо талабы боюнча берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоодо жашаган жери же болбосо барган жери боюнча аймактык органдар тарабынан төмөнкүдөй документтер суралат: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашоого уруксат; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотулган жана эмгек китепчеси жок адамдар үчүн - аскердик билети; - эмгек китепчеси же камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтери; - кесиптик квалификациясын ырастаган документтери. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок адамдар паспортун же ким экендигин ырастоочу башка документин жана билими жөнүндө документин (болсо) көрсөтүшөт | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү | ||||||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же zanyztost.kg порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо талапты кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жиберүү үчүн өтүнмө ээсинин квалификациялуу электрондук колтамгасы болгондо өтүнмө ээси жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg же zanyztost.kg порталдарында катталышы керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкатты portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алууга болот | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкүлөр жумушсуз катары таанылбайт жана катталбайт: - 16 жашка чыга элек жарандар; - Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар; - аймактык органга алар катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде аларга ылайыктуу жумуш сунуштоого келбеген жарандар, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн аймактык орган тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар; - аймактык органда алар катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумуштун, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштун эки вариантынан баш тарткан, биринчи жолу жумуш издеп жүргөн (мурда иштебеген) жана кесиби (адистиги) жок жарандар; - кесипке даярдоодон же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар; - ишинин жана кирешесинин жоктугу жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды камтыган документтерди тапшырган жарандар; - эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына соттун чечими менен, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар; - иштеген жарандар | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигинин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||||||
(5-глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 634 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||||
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары | "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" күбөлүктөрүнүн дубликаттарын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-бап, 92-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Дене тарбия жана спорт жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Спорт чеберлери, эл аралык класстагы спорт чеберлери, эмгек сиңирген спорт чеберлери (күбөлүктөрүн бузуп же жоготуп алгандар) | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери | "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын токтому менен бекитилген "Бирдиктүү спорттук классификация" | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн түпкү натыйжасы | "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" күбөлүктөрүнүн дубликаттары | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Келгендерге кызмат көрсөтүү төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолсуз кириши (даараткана, жуунуучу жайлар), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттарга, жайларда) пандустар, туткалардын болушу; - кезек күтүү принциби боюнча; Уюмдар күтүү үчүн жайларга, (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы) дааратканаларга, жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот; Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардан документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө кеткен убакыттын чеги - 30 минута; - күбөлүктөрдүн дубликаттарын тариздөө - 21 күн; - документтерди берүүгө кеткен убакыттын чеги - 30 минута | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемеге жеке кайрылууда; электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке жолугушууда); - коомдук кабылдамалар аркылуу; - ЖМКлар аркылуу; маалыматтык такталардан, брошюралардан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берилет: кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын болушу жана алар менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды толтуруунун тартиби (үлгүлөр). Маалымат расмий жана мамлекеттик тилдерде берилет | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат ар бир кайрылган адамга акысыз түрдө берилери кепилденет. Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө төмөнкүлөр аркылуу маалымдалат: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.sport.gov.kg); телефон байланышы жана жеке кайрылуу; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү коомдук кабылдамалар, мекемелер; -ЖМК. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, расмий сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | ||||||||
10 | Келгендер менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык бөлүмдөрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык көрнөкчөлөр болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлер аты-жөнү жана кызматты көрсөтүүчү жеке көрнөкчөлөргө (бейджиктерге) ээ болууга тийиш. Калк менен сүйлөшүү убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди ойлонуштуруу жана аргументтерди келтирүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, ийкемдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдарга (көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА), таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, ооруктун эмгекчилерине, кош бойлуу аялдарга жана жашы жете электер менен келгендерге кызмат көрсөтүүлөр алар үчүн ыңгайлуу формада өткөрүлөт | ||||||
11 | Купуялыкты камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тараптын аракеттеринин тизмеси | Үлгү боюнча эркин (басма же электрондук формада) арыз (арыздын бланкы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз берилет); - фотосүрөт 3x4 (2 даана); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция | ||||||
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн монополияга каршы саясат жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан буйрук чыгаруу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын керегелерине, расмий сайтында жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулугу; - аныктыгы жана өз убагындалыгы, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык келиши; - жынысы, улуту, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттык белгиленген шарттарына ылайык имаратка, жайга мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызматкерлердин зарыл документтерди толтурууда жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу | ||||||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген, кызматтарды көрсөткөн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерге жеке кайрылганда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта жарым-жартылай көрсөтүлөт, арыз берүү этабында керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында толтура алышат (www.sport.gov.kg) | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - 12-пунктта көрсөтүлгөн документтер жок болгондо; - "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" деген спорттук наамдарды берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругу болбогондо | ||||||
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай аткарылбаган учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнүнөн, жашаган дарегинен, телефон №, ошондой эле колтамгасынан жана датасынан турууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө кайрылууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн анын жообун алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге же аны сапатсыз көрсөтүүгө канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайрадан кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайрадан каралып турууга тийиш | ||||||
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Аккредиттелген лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-глава, 46-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткарган аткаруу бийлигинин борбордук органы (мындан ары - техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жана компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому; - Улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтому; - ISO/IEC 17011; - ISO/IEC 17025; - ISO 15189 | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Аккредитациялоо аттестаты | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө (аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берүү) күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө; - эгерде бардык кайрылуучулар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу жайларга) тоскоолдуксуз кире алышса; - күтүүчү орундарды (отургучтарды) сунуштайт, жылуулук, суу, телефон бар (зарыл болсо); - жандуу кезек принциби боюнча; - жеке адамдарга, кызмат көрсөтүлбөйт | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан лабораториянын компетенттүүлүгүн ырастоо төмөнкү баскычтарды жана шарттарды камтыйт: Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 8 айдан баштап 1,6 жылга чейин: - документтердин толуктугуна талдоо жүргүзүү менен өтүнмөлөрдү алуу, анын ичинде электрондук форматта 30 мүнөттөн 2 саатка чейин; - аккредитациялоо жүргүзүү жана келишимди тариздөө, наркын эсептөө, буйрутманы/эсепти берүү - эң көп дегенде 3 күн; - акы төлөнгөндөн кийин, кызыкдар тараптардын макулдашуусу менен эксперттик топ түзүү 15 күндөн 2 айга чейин; - акыркы корутундуну берүү менен документтерди 3 айга чейин экспертизадан өткөрүү; - кайталап корутунду берүү менен 1,5 айдын ичинде кайталап экспертиза жүргүзүү; - 2-3 күндүн жыйынтыктоочу отчётун берүү менен жеринде баалоо; - 15 күндүн ичинде көзөмөлдөөчү орган тарабынан түзөтүүчү иш-аракеттерди көрсөтүү; - 2 айдын ичинде карама-каршылыктарды четтетүү үчүн түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана далилдерди келтирүү; - чечим кабыл алуу үчүн Комиссия түзүү жана 15 күндүн ичинде чечим кабыл алуу; - аккредитациялоо чөйрөсүн бекитүү менен аккредитациялоо жөнүндө аттестатты тариздөө - 2 күн; - продукциялардын аккредитацияланган лабораториясынын жана ИК картасынын ишине инспектордук контролду (ИК) жүргүзүүгө келишимди тариздөө - 2 саат; - аккредиттелген лабораториянын ишине ИК өткөрүү жөнүндө билдирүү жана эксперттик топтун мүчөлөрүнүн макулдугу 2 күн. Аккредитациялоо аттестатын алгандан кийин, жыл сайын аккредитацияланган лабораториянын ишине, лабораториянын эл аралык стандарттын белгиленген талаптарына шайкештигин улантышына инспекциялык көзөмөл жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - Кыргыз аккредитациялоо борбору дареги 720011, Бишкек шаары, Фрунзе көч. 421; иш графиги: 9.00дөн 18.00гө чейин, дем алыш күндөрү - ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12 саат 30 мүнөттөн 13 саат 30 мүнөткө чейин; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен (жазуу жүзүндөгү суроого жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке байланыш менен); - E-mail аркылуу (арыз ээсинин документтерине экспертиза жөнөтүү); - факсимилдик маалымат (мисалы, буйрук - эсеп-фактураны төлөө үчүн жөнөтүү). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат каалаган кайрылган жакка акысыз берилет. Аккредитациялоого өтүнмөлөрдүн формаларынын үлгүлөрү жана аккредитациялоо материалдарын даярдоонун тиешелүү жол-жоболору - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg). Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Кыргыз аккредитациялоо борборунун, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын (portal.tunduk.kg) маалымат стенддеринде, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий сайтында (www.kca.gov.kg) жайгаштырылган | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телевидение); - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайты: www.kca.gov.kg; - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана байланыш телефондору; - аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен катар стендде, аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоодо | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин кеңселеринин эшиктерине маалымат тактачалары илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принципиалдуу болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле чечимди кабыл алууда таразалап жана тактап түшүндүрүү зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Лабораториянын компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн юридикалык жак белгиленген талаптарга ылайык лабораториялык аккредитациялоодон өтүү үчүн документтердин топтомун даярдашы керек. - Керектүү документтер: Белгиленген үлгүдөгү өтүнмө: Өтүнмөгө тиркеме: - квалификацияны текшерүүгө жана лабораториялар аралык салыштырып текшерүүдө контролдоо органынын катышуусу жөнүндө маалымат; - квалификацияны текшерүүгө жана лабораториялар аралык салыштырып текшерүүдө контролдоо органынын катышуу планы; - тийиштүү эл аралык стандарттарда көрсөтүлгөн аккредитациялоо критерийлерине жана аларды колдонуу боюнча колдонмолорго ылайык, Лабораториянын менеджмент системасынын вариантын (А, В) көрсөтүү менен документтештирилген башкаруу системасы; - лабораториянын ишине ылайык толтурулган жарыяланган аккредитациялоо чөйрөсүнүн долбоору (аккредитациялоонун белгиленген чөйрөсү түрүндө, мүмкүн болгон жерде ийкемдүү чөйрө түрүндө); - ишмердүүлүгүнө ылайык бардык тиешелүү толтурулган формалары менен лабораториялык паспорт; - жыйынтыктар жөнүндө отчёттун толтурулган форматтары (тестирлөө/изилдөө протоколу, үлгү алуу акты (керек болсо), калибрлөө сертификаты жарыяланган аккредитациялоо чөйрөсүндө (электрондук түрдө); - ШБОнун аккредитациялоо критерийлерине шайкеш толтурулган контролдук баракча: Ф.КЦА-ПА1ООС.Е (электр. формат); - лабораториянын ишин чагылдырган ички аудиттик жазуулардын (аккредитациялоо (баштапкы/кайра баалоо/кеңейтүү) жана башкарууну карап чыгуу чөйрөсүндө суралган шайкештикти баалоо иш-аракеттерин чагылдырган/камтыган ички аудиттер жөнүндө маалыматтар барбы же жокпу) тиешелүү ШБОнун аккредитациялоо тийиштүү критерийлеринин алкагында аккредитациялоого өтүнмөнү берүүгө чейин жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун көчүрмөлөрү; - лабораториянын иши жөнүндө, анын компетенттүүлүгүн тастыктаган башка документтер (бар болсо); - лабораториянын жабдууларын ички калибрлөө боюнча компетенттүүлүгүн ырастоого өтүнмө бергенде, ал кошумча тапшырат: - ISO/IEC 17025 талаптарына жооп берген ички калибрлөө методдору/жол-жоболору; - жабдуунун ички калибровкасын жүргүзүү үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин техникалык жабдуулары жана компетенттүүлүгү жөнүндө маалымат (калибрлөө лабораториясы үчүн формаларды колдонуу Ф.КЦА-ПА1ООС.Д.1). Лабораторияны ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө өтүнмө бергенде, ал кошумча тапшырат; - Ф.КЦА-ПА1ООС.А.6 ылайык лабораторияны киргизүүгө арыз; - Ф.КЦА-ПА1ООС. А ылайык таризделген кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө (word форматында) ББ (ЕАЭБ) ТР боюнча аккредитациялоо чөйрөсүндөгү долбоор; - ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине Excel форматындагы Ф.КЦА-ПА1ООС.ТС.2 формасы боюнча бар болгон маалыматты эске алуу менен толтурулган ШБО жөнүндө маалымат. Долбоордо стандарттарды жана/же техникалык регламенттерди аккредитациялоо чөйрөсүндө Лаборатория кошумча документтердин көчүрмөсүн орус тилинде, мисалы, Европа Комиссиясынын, ASTM, ASSHTO, ISTA, API директиваларынын, эрежелеринин жана жеткиликтүү эмес башка документтердин көчүрмөсүн бериши керек. Кыргыз аккредитациялоо борбору өтүнмө ээсинен макулдук алгандан кийин, "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат сурайт | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча иштин наркы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аткарылган шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлугүн ырастоо үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин прейскурантына ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып белгиленет, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - КР ЭФМ) тарабынан бекитилет. Кызматтын наркы жөнүндө маалыматты маалыматтык стендден жана Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий веб-сайтынан www.kca.gov.kg тааныша алат. | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында аныкталган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосу учурунда консультация берүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин маданияттуулугу жана сылыктыгы; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүү алууга сурам (арыз) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүктүн - 3 стадиясы (жеткиликтүү веб-баракча электрондук формадагы арызды толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүнчүлүгү бар) | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү негиздер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - өтүнмөнү кабыл алууда белгиленген талаптарга ылайык лабораторияны аккредитациялоо боюнча материалдардын топтому толук болбосо; - өтүнмө ээси тарабынан төлөм жок болгон учурда (төлөм тапшырмасы, кириштөө ордери ж.б.); - ар бир өзгөчө тармакта баалоочулардын жана/же техникалык эксперттердин жетиштүү санынын жоктугу; - толукталып иштелип чыккан материалдар өз убагында берилбесе (аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү келишимине ылайык) эскертүү даярдалат, андан кийин аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан баш тартылат; - өтүнмө ээси аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан өзү баш тартса; - өтүнмө белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жана/же тиркелген документтер толук көлөмдө берилбесе, алдамчылык жүрүм-турумдун далилдери же ШБО тарабынан атайылап жалган маалыматтарды берүү, ошондой эле маалыматты жашыруу белгиленсе аккредитациялоо бөлүмү тарабынан себебин көрсөтүү менен 10 жумуш күндүн ичинде өтүнмөнү кабыл алуудан расмий баш тартуу даярдалат | ||||||
17 | Даттануу тартиби | КР ЭФМ Кыргыз аккредитациялоо борборунун иши менен макул болбогон учурда, лаборатория Кыргыз аккредитациялоо борборунун www.kca.gov.kg сайтында жайгаштырылган Даттанууларды жана апелляцияларды кароо жөнүндө жобого жана Апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын иштөө тартибине ылайык даттанууга же апелляцияга укуктуу. Кыргыз аккредитациялоо борбору же алдыңкы баалоочу/техникалык эксперт тарабынан аккредитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан/ жүргүзүлгөн иштерге лабораториянын даттануу тартиби: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директорунун атына юридикалык же жеке жактын жазуу жүзүндөгү даттануусу же апелляцияга берүүсү; - конкреттүү даттануу/апелляция боюнча комиссиянын жеке жана сандык курамы кандай маселе боюнча түзүлгөнүнө жараша түзүлөт жана КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун буйругу менен бекитилет. КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринин жана аккредиттелген ШБО ишине даттануу (штаттык жана ишке тартылган) төмөндөгүлөрдөн турган Комиссия тарабынан каралышы мүмкүн: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен (тыштан адистерди тартуусуз); - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен, анын курамына көз карандысыз адистерди тартуу менен (эреже катары, техникалык мүнөздөгү жана ченемдик камсыздоо маселелерин кароодо). Апелляцияны кароо боюнча комиссиянын курамына көз карандысыз адистер киргизилет: - юрист, эгер берилген апелляция ШБО аккредитациялоого талапкердин юридикалык статусуна, түзүмүнө ж.б. тийиштүү болсо; - техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган, эгер берилген апелляция шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдуу жана ченемдик камсыздоо маселелерине тийиштүү болсо; - аккредитациялоо боюнча алгачкы чечимди кабыл алууда жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышпаган техникалык эксперттерди же аккредитациялоо боюнча ТК өкүлдөрүн, эгер берилген апелляция иштин конкреттүү техникалык багытында аккредитациялоонун белгиленген критерийлерине шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоого талапкердин/аккредиттелген органдын шайкештигине тийиштүү болсо. Келип түшкөн даттануу/апелляция даттанууларды/апелляцияларды кароо боюнча комиссиянын курамына буйрук менен бекитилген датадан тартып 12 жумуш күндүн ичинде каралышы керек. Кошумча материалдарды суратып алуу зарылдыгы болсо, комиссиянын жыйынынын мөөнөтү 30 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Берилген даттануунун/апелляциянын маңызы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусу аргументтелген негиздеме менен жазуу жүзүндө берилиши керек. Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн корутундусу каралып жаткан даттануу/апелляция боюнча бардык башка далилдер менен биргеликте бааланышы жана четке кагуу мотивдерин көрсөтүү менен толук же жарым-жартылай четке кагылышы мүмкүн. Комиссия карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколун жана даттануу/апелляция маселесинин сунушталган чечимин тариздейт. Протоколго жана Чечимге комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы тарабынан кол коюлат. 3 жумуш күндүн ичинде катчы карап чыгуу жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна Чечимдин долбоору менен Комиссиянын жыйынынын протоколун сунуштайт. Даттанууну/апелляцияны кароонун жыйынтыгы КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна даттанууну жөнөткөн жакка чечимди кабыл алуу күнүнөн тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө жеткирилет. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча маалыматты даярдоодо Комиссиянын иштөө процессинде алынган купуялуулук сакталышы керек. Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда жак соттук доону белгиленген тартипте бериши мүмкүн. Кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу же кызматты сапатсыз берүү жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда алуучу чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызматтын стандарты, жок дегенде үч жылда бир жолу, ошондой эле зарылчылыкка жараша каралып турат | ||||||
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-глава, 47-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу борбордук аткаруу органы (мындан ары - техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Шайкештикти баалоо боюнча органдарды (ШБО) аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому; - Улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтому; - ISO/IEC 17011; - ISO/IEC 17065 | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Аккредитациялоо аттестаты | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө (аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берүү) күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө; - эгерде бардык кайрылуучулар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуугуч бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кире алышса; - күтүүчү орундарды (отургучтарды) сунуштайт, жылуулук, суу, телефон бар (зарыл болсо); - жандуу кезек принциби боюнча; - жеке адамдарга, кызмат көрсөтүлбөйт | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | - документтердин толуктугуна талдоо жүргүзүү менен өтүнмөлөрдү алуу, анын ичинде электрондук форматта 30 мүнөттөн 2 саатка чейин. Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 8 айдан баштап 1,6 жылга чейин: - аккредитациялоо жүргүзүү жана келишимди тариздөө наркын эсептөө, буйрутманы/эсепти берүү - эң көп дегенде 3 күн; - акы төлөнгөндөн кийин, кызыкдар тараптардын макулдашуусу менен эксперттик топ түзүү 15 күндөн 2 айга чейин; - акыркы корутундуну берүү менен документтерди 3 айга чейин экспертизадан өткөрүү; - кайталап корутунду берүү менен 1,5 айдын ичинде кайталап экспертиза жүргүзүү; - 2-3 күндүн жыйынтыктоочу отчётун берүү менен жеринде баалоо; - 15 күндүн ичинде көзөмөлдөөчү орган тарабынан түзөтүүчү иш-аракеттерди көрсөтүү; - 2 айдын ичинде карама-каршылыктарды четтетүү үчүн түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана далилдерди келтирүү; - чечим кабыл алуу үчүн Комиссия түзүү жана 15 күндүн ичинде чечим кабыл алуу; - аккредитациялоо чөйрөсүн бекитүү менен аккредитациялоо жөнүндө аттестатты тариздөө - 2 күн; - продукцияларды аккредитациялоо лабораториясынын жана ИК картасынын ишине инспектордук контролду (ИК) жүргүзүүгө келишимди тариздөө - 2 саат; - аккредиттелген лабораториянын ишине ИК өткөрүү жөнүндө билдирүү жана эксперттик топтун мүчөлөрүнүн макулдугу 2 күн. Аккредитациялоо аттестатын алгандан кийин, жыл сайын продукцияны сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдардын ишине, продукцияны сертификациялоо боюнча органдын шайкештигин улантууга жана эл аралык стандарттын белгиленген талаптарынын кызматтарына инспекциялык көзөмөл жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - Кыргыз аккредитациялоо борбору дареги 720011, Бишкек шаары, Фрунзе көч. 421; иш графиги: 9.00дөн 18.00гө чейин, дем алыш күндөрү - ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12 саат 30 мүнөттөн 13 саат 30 мүнөткө чейин; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен (жазуу жүзүндөгү суроого жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке байланыш менен); - E-mail аркылуу (арыз ээсинин документтерине экспертиза жөнөтүү); - факсимилдик маалымат (мисалы, буйрук - эсеп-фактураны төлөө үчүн жөнөтүү). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат каалаган кайрылган жакка акысыз берилет. Аккредитациялоого өтүнмөлөрдүн формаларынын үлгүлөрү жана аккредитациялоо материалдарын даярдоонун тиешелүү жол-жоболору - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg). Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Кыргыз аккредитациялоо борборунун, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын (portal.tunduk.kg) маалымат стенддеринде, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий сайтында (www.kca.gov.kg) жайгаштырылган | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телевидение); - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайты: www.kca.gov.kg; - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана байланыш телефондору; - аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен катар стендде, аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоодо | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин кеңселеринин эшиктерине маалымат тактачалары илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Продукцияны сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн жана юридикалык жактын кызматтарын тастыктоо үчүн белгиленген талаптарга ылайык продукциянын жана кызматтардын шайкештигин баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча документтердин топтомун даярдоо керек. - Керектүү документтер: Белгиленген үлгүдөгү өтүнмө. Өтүнмөгө тиркеме: - Сапат боюнча колдонмо жана ага байланыштуу жол-жоболор; - өтүнмө берилген аккредитациялоо тармагынын долбоору; - өтүнмө берилген тармакта иш жүргүзүүгө компетенттүүлүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү менен продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органдын адистери/сертификациялоо боюнча эксперттер жөнүндө маалыматтар; - сертификациялоо сыноолорун жүргүзүү пландалган аккредиттелген Сыноо лабораторияларынын тизмеси; - сертификациялоо сыноолорун жүргүзүүгө СЛ продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо боюнча орган түзгөн келишимдер; - сертификациялоо сыноолорун жүргүзүү пландалган башка өлкөлөрдүн СЛ аккредитациялоо тармагы (бар болсо); - продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоонун шайкеш келген критерийлери боюнча толтурулган контролдук барагы: Ф.КАБ-ПА1ШБО.Е4; - продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органдын ишин камтуу менен ички аудиттин (аккредитациялоо тармагында суралган шайкештикти баалоо боюнча иш-чаралар камтыган ички аудитти аудитти/аудиттерди жүргүзүү жөнүндө маалыматтар барбы (алгачкы/экинчи баалоо/кеңейтүү) жана продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоонун тийиштүү критерийлеринин алкагында аккредитациялоого өтүнмө берүүгө чейин жүргүзүлгөн жетекчилик тарабынан талдоонун жазууларынын көчүрмөлөрү; - продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча орган жүргүзүп жаткан иштерге талаптарды белгилеген документтердин тизмеги; - сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө ээси менен келишимдин долбоору; - сертификациялоо боюнча ишти жүргүзүүгө баалардын прейскуранты. Продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды ЕАЭБ Бирдиктүү реестрине киргизүүгө өтүнмөдө, ал кошумчалап төмөнкүлөрдү берет: - Ф.КАБ-ПА1ШБО.А.6 ылайык продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды киргизүүгө өтүнмө; - Ф.КАБ-ПА1ШБО.А ылайык таризделген, кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү (Word форматында) аккредитациялоо тармагында иштеген ББ (ЕАЭБ) ТР боюнча аккредитациялоо тармагындагы долбоор; - бар болгон маалыматты эске алуу менен толтурулган, продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча орган үчүн Ф.КАБ-ПА1ШБО.ББ.1 формасы боюнча Excel форматында Бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн СБ жөнүндө маалымат. Сертификациялоо тармагында ишин жүзөгө ашырууга карата уюмдун компетенттүүлүгүн тастыктаган башка документтер. Кыргыз аккредитациялоо борбору көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында өтүнмө ээсинен макулдук алгандан кийин "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө ээси жөнүндө маалыматты суратып алат | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү жана продукцияны сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо боюнча иштин наркы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аткарылган шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин прейскурантына ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып белгиленет, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - КР ЭФМ) тарабынан бекитилет. Кызматтын наркы жөнүндө маалыматты КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маалыматтык стендинен жана расмий сайтынан www.kca.gov.kg таба аласыз | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында аныкталган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызматтарга кайрылган юридикалык жактарга жынысы, улуту жана дини боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосу учурунда консультация берүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин маданияттуулугу жана сылыктыгы; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portaI.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүү алууга сурам (арыз) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portaI.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлуктүн - 3 стадиясы (жеткиликтүү веб-баракча электрондук формадагы арызды толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүнчүлүгү бар) | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү негиздер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - өтүнмөнү кабыл алууда белгиленген талаптарга ылайык лабораторияны аккредитациялоо боюнча материалдардын топтому толук болбосо; - өтүнмө ээси тарабынан төлөм жок болгон учурда (төлөм тапшырмасы, кириштөө ордери ж.б.); - ар бир өзгөчө тармакта баалоочулардын жана/же техникалык эксперттердин жетиштүү санынын жоктугу; - толукталып иштелип чыккан материалдар өз убагында берилбесе (аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү келишимине ылайык) эскертүү даярдалат, андан кийин аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан баш тартылат; - өтүнмө ээси аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан өзү баш тартса; - өтүнмө белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жана/же тиркелген документтер толук көлөмдө берилбесе, алдамчылык жүрүм-турумдун далилдери же ШБО тарабынан атайылап жалган маалыматтарды берүү, ошондой эле маалыматты жашыруу белгиленсе аккредитациялоо бөлүмү тарабынан себебин көрсөтүү менен 10 жумуш күндүн ичинде өтүнмөнү кабыл алуудан расмий баш тартуу даярдалат | ||||||
17 | Даттануу тартиби | КР ЭФМ Кыргыз аккредитациялоо борборунун иши менен макул болбогон учурда, лаборатория Кыргыз аккредитациялоо борборунун www.kca.gov.kg сайтында жайгаштырылган Даттанууларды жана апелляцияларды кароо жөнүндө жобого жана Апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын иштөө тартибине ылайык даттанууга же апелляцияга укуктуу. Кыргыз аккредитациялоо борбору же алдыңкы баалоочу/техникалык эксперт тарабынан аккредитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан/ жүргүзүлгөн иштерге лабораториянын даттануу тартиби: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директорунун атына юридикалык же жеке жактын жазуу жүзүндөгү даттануусу же апелляцияга берүүсү; - конкреттүү даттануу/апелляция боюнча комиссиянын жеке жана сандык курамы кандай маселе боюнча түзүлгөнүнө жараша түзүлөт жана КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун буйругу менен бекитилет. - персональный и количественный состав комиссии по конкретной жалобе/апелляции формируется исходя из вопроса, по которому она подана, и утверждается приказом Кыргызского центра аккредитации при МЭФ КР. КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринин жана аккредиттелген ШБО ишине даттануу (штаттык жана ишке тартылган) төмөнкүлөрдөн турган Комиссия тарабынан каралышы мүмкүн: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен (тыштан адистерди тартуусуз), - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен, анын курамына көз карандысыз адистерди тартуу менен (эреже катары, техникалык мүнөздөгү жана ченемдик камсыздоо маселелерин кароодо). Апелляцияны кароо боюнча комиссиянын курамына көз карандысыз адистер киргизилет: - юрист, эгер берилген апелляция ШБО аккредитациялоого талапкердин юридикалык статусуна, түзүмүнө ж.б. тийиштүү болсо; - техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган, эгер берилген апелляция шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдуу жана ченемдик камсыздоо маселелерине тийиштүү болсо; - аккредитациялоо боюнча алгачкы чечимди кабыл алууда жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышпаган техникалык эксперттерди же аккредитациялоо боюнча ТК өкүлдөрүн, эгер берилген апелляция иштин конкреттүү техникалык багытында аккредитациялоонун белгиленген критерийлерине шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоого талапкердин/аккредиттелген органдын шайкештигине тийиштүү болсо. Келип түшкөн даттануу/апелляция даттанууларды/апелляцияларды кароо боюнча комиссиянын курамына буйрук менен бекитилген датадан тартып 12 жумуш күндүн ичинде каралышы керек. Кошумча материалдарды суратып алуу зарылдыгы болсо, комиссиянын жыйынынын мөөнөтү 30 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Берилген даттануунун/апелляциянын маңызы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусу аргументтелген негиздеме менен жазуу жүзүндө берилиши керек. Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн корутундусу каралып жаткан даттануу/апелляция боюнча бардык башка далилдер менен биргеликте бааланышы жана четке кагуу мотивдерин көрсөтүү менен толук же жарым-жартылай четке кагылышы мүмкүн. Комиссия карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколун жана даттануу/апелляция маселесинин сунушталган чечимин тариздейт. Протоколго жана Чечимге комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы тарабынан кол коюлат. 3 жумуш күндүн ичинде катчы карап чыгуу жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна Чечимдин долбоору менен Комиссиянын жыйынынын протоколун сунуштайт. Даттанууну/апелляцияны кароонун жыйынтыгы КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна даттанууну жөнөткөн жакка чечимди кабыл алуу күнүнөн тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө жеткирилет. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча маалыматты даярдоодо Комиссиянын иштөө процессинде алынган купуялуулук сакталышы керек. Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, экинчи жак соттук доону белгиленген тартипте бериши мүмкүн. Кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу же кызматты сапатсыз берүү жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда алуучу чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызматтын стандарты, жок дегенде үч жылда бир жолу, ошондой эле зарылчылыкка жараша каралып турат | ||||||
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Менеджмент системасын сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-глава, 48-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу борбордук аткаруу органы (мындан ары - техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Шайкештикти баалоо боюнча органдарды (ШБО) аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому; - Улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтому; - ISO/IEC 17011; - ISO/IEC 17021 | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Аккредитациялоо аттестаты | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө (аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берүү) күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө; - эгерде бардык кайрылуучулар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуугуч бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кире алышса; - күтүүчү орундарды (отургучтарды) сунуштайт, жылуулук, суу, телефон бар (зарыл болсо); - жандуу кезек принциби боюнча; - жеке адамдарга, кызмат көрсөтүлбөйт | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | - документтердин толуктугуна талдоо жүргүзүү менен өтүнмөлөрдү алуу, анын ичинде электрондук форматта 30 мүнөттөн 2 саатка чейин; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 8 айдан баштап 1,6 жылга чейин: - аккредитациялоо жүргүзүү жана келишимди тариздөө наркын эсептөө, буйрутманы/эсепти берүү - эң көп дегенде 3 күн; - акы төлөнгөндөн кийин, кызыкдар тараптардын макулдашуусу менен эксперттик топ түзүү 15 күндөн 2 айга чейин; - акыркы корутундуну берүү менен документтерди 3 айга чейин экспертизадан өткөрүү; - кайталап корутунду берүү менен 1,5 айдын ичинде кайталап экспертиза жүргүзүү; - 2-3 күндүн жыйынтыктоочу отчётун берүү менен жеринде баалоо; - 15 күндүн ичинде көзөмөлдөөчү орган тарабынан түзөтүүчү иш-аракеттерди көрсөтүү; - 2 айдын ичинде карама-каршылыктарды четтетүү үчүн түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана далилдерди келтирүү; - чечим кабыл алуу үчүн Комиссия түзүү жана 15 күндүн ичинде чечим кабыл алуу; - аккредитациялоо чөйрөсүн бекитүү менен аккредитациялоо жөнүндө аттестатты тариздөө - 2 күн; - продукциялардын аккредитацияланган лабораториясынын жана ИК картасынын ишине инспектордук контролду (ИК) жүргүзүүгө келишимди тариздөө - 2 саат; - аккредиттелген лабораториянын ишине ИК өткөрүү жөнүндө билдирүү жана эксперттик топтун мүчөлөрүнүн макулдугу 2 күн. Аккредитациялоо аттестатын алгандан кийин, жыл сайын продукцияны эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын шайкештигин улантууга Менеджмент системасын сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишине инспекциялык көзөмөл жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - Кыргыз аккредитациялоо борбору дареги 720011, Бишкек шаары, Фрунзе көч. 421; иш графиги: 9.00дөн 18.00гө чейин, дем алыш күндөрү - ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12 саат 30 мүнөттөн 13 саат 30 мүнөткө чейин; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен (жазуу жүзүндөгү суроого жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке байланыш менен); - E-mail аркылуу (арыз ээсинин документтерине экспертиза жөнөтүү); - факсимилдик маалымат (мисалы, буйрук - эсепфактураны төлөө үчүн жөнөтүү). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат каалаган кайрылган жакка акысыз берилет. Аккредитациялоого өтүнмөлөрдүн формаларынын үлгүлөрү жана аккредитациялоо материалдарын даярдоонун тиешелүү жол-жоболору - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg). Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Кыргыз аккредитациялоо борборунун, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын (portal.tunduk.kg) маалымат стенддеринде, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий сайтында (www.kca.gov.kg) жайгаштырылган | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телевидение); - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайты: www.kca.gov.kg; - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана байланыш телефондору; - аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен катар стендде, аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоодо | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин кеңселеринин эшиктерине маалымат тактачалары илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органды тастыктоодо аккредитациялоо үчүн керектүү документтер: - белгиленген үлгүдөгү өтүнмө (сайтта жайгаштырылган): Эскертүү: өтүнмөдө өтүнмө ээси - уюмдун дареги, телефон номери, факсы, e-mail, банк реквизиттери, ОКПО коду, веб-сайты көрсөтүлүшү керек. Өтүнмөгө тиркеме: - өтүнмө берилген аккредитациялоо тармагынын долбоору; - Сапат боюнча колдонмо жана ага байланыштуу жол-жоболор; - менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын ишине ылайык тийиштүү формалар менен менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын паспорту (кагаз жана электрондук түрдө); - өтүнмө берилген тармакта иш жүргүзүүгө компетенттүүлүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү менен продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органдын адистери/сертификациялоо боюнча эксперттер жөнүндө маалыматтар; - сертификациялоо сыноолорун жүргүзүү пландалган аккредиттелген Сыноо лабораторияларынын тизмеси; - сертификациялоо сыноолорун жүргүзүүгө СЛ продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо боюнча орган түзгөн келишимдер; - сертификациялоо сыноолорун жүргүзүү пландалган башка өлкөлөрдүн СЛ аккредитациялоо тармагы (бар болсо); - продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоонун шайкеш келген критерийлери боюнча толтурулган контролдук барагы: Ф.КАБ-ПА1ШБО.Е4; - продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органдын ишин камтуу менен ички аудиттин (аккредитациялоо тармагында суралган шайкештикти баалоо боюнча иш-чаралар камтыган ички аудитти /аудиттерди жүргүзүү жөнүндө маалыматтар барбы (алгачкы/экинчи баалоо/кеңейтүү) жана продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоонун тийиштүү критерийлеринин алкагында аккредитациялоого өтүнмө берүүгө чейин жүргүзүлгөн жетекчилик тарабынан талдоонун жазууларынын көчүрмөлөрү; - продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча орган жүргүзүп жаткан иштерге талаптарды белгилеген документтердин тизмеги; - сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө ээси менен келишимдин долбоору; - сертификациялоо боюнча ишти жүргүзүүгө баалардын прейскуранты. Продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды ЕАЭБ Бирдиктүү реестрине киргизүүгө өтүнмөдө, ал кошумчалап төмөнкүлөрдү берет: - Ф.КАБ-ПА1 ШБО.А.6 ылайык продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды киргизүүгө өтүнмө; - Ф.КАБ-ПА1ШБ0.А ылайык таризделген, кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү (Word форматында) аккредитациялоо тармагында иштеген ББ (ЕАЭБ) ТР боюнча аккредитациялоо тармагындагы долбоор; - бар болгон маалыматты эске алуу менен толтурулган, продукцияны жана кызматтарды сертификациялоо боюнча орган үчүн Ф.КАБ-ПА1ШБО.ББ.1 формасы боюнча Excel форматында Бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн СБ жөнүндө маалымат. Сертификациялоо тармагында ишин жүзөгө ашырууга уюмдун компетенттүүлүгүн тастыктаган башка документтер. Кыргыз аккредитациялоо борбору көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында өтүнмө ээсинен макулдук алгандан кийин "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө ээси жөнүндө маалыматты суратып алат | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Менеджмент системасын сертификаттоо боюнча органды аккредитациялоо боюнча иштин наркы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аткарылган шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгун ырастоо үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин прейскурантына ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып белгиленет, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - КР ЭФМ) тарабынан бекитилет. Кызматтын наркы жөнүндө маалыматты КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маалыматтык стендинен жана расмий сайтынан www.kca.gov.kg таба аласыз | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында аныкталган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызматтарга кайрылган юридикалык жактарга жынысы, улуту жана дини боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосу учурунда консультация берүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин маданияттуулугу жана сылыктыгы; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүү алууга сурам (арыз) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүктүн - 3 стадиясы (жеткиликтүү веб-баракча электрондук формадагы арызды толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүнчүлүгү бар) | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү негиздер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - өтүнмөнү кабыл алууда белгиленген талаптарга ылайык лабораторияны аккредитациялоо боюнча материалдардын топтому толук болбосо; - өтүнмө ээси тарабынан төлөм жок болгон учурда (төлөм тапшырмасы, кириштөө ордери ж.б.); - ар бир өзгөчө тармакта баалоочулардын жана/же техникалык эксперттердин жетиштүү санынын жоктугу; - толукталып иштелип чыккан материалдар өз убагында берилбесе (аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү келишимине ылайык) эскертүү даярдалат, андан кийин аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан баш тартылат; - өтүнмө ээси аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан өзү баш тартса; - өтүнмө белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жана/же тиркелген документтер толук көлөмдө берилбесе, алдамчылык жүрүм-турумдун далилдери же ШБО тарабынан атайылап жалган маалыматтарды берүү, ошондой эле маалыматты жашыруу белгиленсе аккредитациялоо бөлүмү тарабынан себебин көрсөтүү менен 10 жумуш күндүн ичинде өтүнмөнү кабыл алуудан расмий баш тартуу даярдалат | ||||||
17 | Даттануу тартиби | КР ЭФМ Кыргыз аккредитациялоо борборунун иши менен макул болбогон учурда, лаборатория Кыргыз аккредитациялоо борборунун www.kca.gov.kg сайтында жайгаштырылган Даттанууларды жана апелляцияларды кароо жөнүндө жобого жана Апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын иштөө тартибине ылайык даттанууга же апелляцияга укуктуу. Кыргыз аккредитациялоо борбору же алдыңкы баалоочу/техникалык эксперт тарабынан аккредитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан/жүргүзүлгөн иштерге лабораториянын даттануу тартиби: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директорунун атына юридикалык же жеке жактын жазуу жүзүндөгү даттануусу же апелляцияга берүүсү; - конкреттүү даттануу/апелляция боюнча комиссиянын жеке жана сандык курамы кандай маселе боюнча түзүлгөнүнө жараша түзүлөт жана КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун буйругу менен бекитилет. КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринин жана аккредиттелген ШБО ишине даттануу (штаттык жана ишке тартылган) төмөнкүлөрдөн турган комиссия тарабынан каралышы мүмкүн: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен (тыштан адистерди тартуусуз); - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен, анын курамына көз карандысыз адистерди тартуу менен (эреже катары, техникалык мүнөздөгү жана ченемдик камсыздоо маселелерин кароодо). Апелляцияны кароо боюнча комиссиянын курамына көз карандысыз адистер киргизилет: - юрист, эгер берилген апелляция ШБО аккредитациялоого талапкердин юридикалык статусуна, түзүмүнө ж.б. тийиштүү болсо; - техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган, эгер берилген апелляция шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдуу жана ченемдик камсыздоо маселелерине тийиштүү болсо; - аккредитациялоо боюнча алгачкы чечимди кабыл алууда жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышпаган техникалык эксперттерди же аккредитациялоо боюнча ТК өкүлдөрүн, эгер берилген апелляция иштин конкреттүү техникалык багытында аккредитациялоонун белгиленген критерийлерине шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоого талапкердин/аккредиттелген органдын шайкештигине тийиштүү болсо. Келип түшкөн даттануу/апелляция даттанууларды/апелляцияларды кароо боюнча комиссиянын курамына буйрук менен бекитилген датадан тартып 12 жумуш күндүн ичинде каралышы керек. Кошумча материалдарды суратып алуу зарылдыгы болсо, Комиссиянын жыйынынын мөөнөтү 30 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Берилген даттануунун/апелляциянын маңызы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусу аргументтелген негиздеме менен жазуу жүзүндө берилиши керек. Комиссиянын ар мүчөсүнүн корутундусу каралып жаткан даттануу/апелляция боюнча бардык башка далилдер менен биргеликте бааланышы жана четке кагуу мотивдерин көрсөтүү менен толук же жарым-жартылай четке кагылышы мүмкүн. Комиссия карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколун жана даттануу/апелляция маселесинин сунушталган чечимин тариздейт. Протоколго жана Чечимге Комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы тарабынан кол коюлат. 3 жумуш күндүн ичинде катчы карап чыгуу жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна Чечимдин долбоору менен Комиссиянын жыйынынын протоколун сунуштайт. Даттанууну/апелляцияны кароонун жыйынтыгы КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна даттанууну жөнөткөн жакка чечимди кабыл алуу күнүнөн тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө жеткирилет. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча маалыматты даярдоодо комиссиянын иштөө процессинде алынган купуялуулук сакталышы керек. Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда жак соттук доону белгиленген тартипте бериши мүмкүн. Кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу же кызматты сапатсыз берүү жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда алуучу чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызматтын стандарты, жок дегенде үч жылда бир жолу, ошондой эле зарылчылыкка жараша каралып турат | ||||||
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Персоналды сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-глава, 49-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу борбордук аткаруу органы (мындан ары - техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Шайкештикти баалоо боюнча органдарды (ШБО) аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын комлетенттүүлүгүн тастыктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому; - Улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтому; - ISO/IEC 17011; - ISO/IEC 17024 | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Аккредитациялоо аттестаты | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө (аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берүү) күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө, - эгерде бардык кайрылуучулар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуугуч бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кире алышса; - күтүүчү орундарды (отургучтарды) сунуштайт, жылуулук, суу, телефон бар (зарыл болсо); - жандуу кезек принциби боюнча; - жеке адамдарга, кызмат көрсөтүлбөйт | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | - документтердин толуктугуна талдоо жүргүзүү менен өтүнмөлөрдү алуу, анын ичинде электрондук форматта 30 мүнөттөн 2 саатка чейин; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 8 айдан баштап 1,6 жылга чейин: - аккредитациялоо жүргүзүү жана келишимди тариздөө наркын эсептөө, буйрутманы/эсепти берүү - эң көп дегенде 3 күн; - акы төлөнгөндөн кийин, кызыкдар тараптардын макулдашуусу менен эксперттик топ түзүү 15 күндөн 2 айга чейин; - акыркы корутундуну берүү менен документтерди 3 айга чейин экспертизадан өткөрүү; - кайталап корутунду берүү менен 1,5 айдын ичинде кайталап экспертиза жүргүзүү; - 2-3 күндүн жыйынтыктоочу отчётун берүү менен жеринде баалоо; - 15 күндүн ичинде көзөмөлдөөчү орган тарабынан түзөтүүчү иш-аракеттерди көрсөтүү; - 2 айдын ичинде карама-каршылыктарды четтетүү үчүн түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана далилдерди келтирүү; - чечим кабыл алуу үчүн Комиссия түзүү жана 15 күндүн ичинде чечим кабыл алуу; аккредитациялоо чөйрөсүн бекитүү менен аккредитациялоо жөнүндө аттестатты тариздөө - 2 күн; - продукциянын аккредитацияланган лабораториясынын жана ИК картасынын ишине инспектордук контролду (ИК) жүргүзүүгө келишимди тариздөө - 2 саат; - аккредиттелген лабораториянын ишине ИК өткөрүү жөнүндө билдирүү жана эксперттик топтун мүчөлөрүнүн макулдугу 2 күн. Аккредитациялоо аттестатын алгандан кийин, жыл сайын эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча органдын шайкештигин улантууга персоналды сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишине инспекциялык көзөмөл жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - Кыргыз аккредитациялоо борбору дареги 720011, Бишкек шаары, Фрунзе көч. 421; иш графиги: 9.00дөн 18.00гө чейин, дем алыш күндөрү - ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12 саат 30 мүнөттөн 13 саат 30 мүнөткө чейин; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен (жазуу жүзүндөгү суроого жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке байланыш менен); - E-mail аркылуу (арыз ээсинин документтерине экспертиза жөнөтүү); - факсимилдик маалымат (мисалы, буйрук - эсеп-фактураны төлөө үчүн жөнөтүү). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат каалаган кайрылган жакка акысыз берилет. Аккредитациялоого өтүнмөлөрдүн формаларынын үлгүлөрү жана аккредитациялоо материалдарын даярдоонун тиешелүү жол-жоболору - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg). Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Кыргыз аккредитациялоо борборунун, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын (portal.tunduk.kg) маалымат стенддеринде, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий сайтында (www.kca.gov.kg) жайгаштырылган | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телевидение); - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайты: www.kca.gov.kg; - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана байланыш телефондору; - аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен катар стендде, аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоодо | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин кеңселеринин эшиктерине маалымат тактачалары илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Персоналды сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн юридикалык жак белгиленген талаптарга ылайык персоналды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо боюнча документтин комплектин даярдашы керек. - Керектүү документтер: Белгиленген үлгүдөгү өтүнмө: - сапат боюнча колдонмо жана ага байланыштуу жол-жоболор; - өтүнмө берилген аккредитациялоо тармагынын долбоору; - өтүнмө берилген тармакта иш жүргүзүүгө компетенттүүлүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү менен персоналды сертификациялоо боюнча органдын адистери/сертификациялоо боюнча эксперттер жөнүндө маалыматтар; - сертификациялоо органдары жүргүзгөн иштерге талаптарды белгилеген документтердин тизмеги; - сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө ээлери менен келишимдер; - сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө баалардын прейскуранты. Кыргыз аккредитациялоо борбору көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында өтүнмө ээсинен макулдук алгандан кийин "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө ээси жөнүндө маалыматты суратып алат | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо боюнча иштин наркы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аткарылган шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин прейскурантына ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып белгиленет, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - КР ЭФМ) тарабынан бекитилет. Кызматтын наркы жөнүндө маалыматты КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маалыматтык стендинен жана расмий сайтынан www.kca.gov.kg таба аласыз | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында аныкталган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызматтарга кайрылган юридикалык жактарга жынысы, улуту жана дини боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосу учурунда консультация берүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин маданияттуулугу жана сылыктыгы; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg, аркылуу кызмат көрсөтүү алууга сурам (арыз) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүктүн - 3 стадиясы (жеткиликтүү веб-баракча электрондук формадагы арызды толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүнчүлүгү бар) | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү негиздер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - өтүнмөнү кабыл алууда белгиленген талаптарга ылайык лабораторияны аккредитациялоо боюнча материалдардын топтому толук болбосо; - өтүнмө ээси тарабынан төлөм жок болгон учурда (төлөм тапшырмасы, кириштөө ордери ж.б.); - толукталып иштелип чыккан материалдар өз убагында берилбесе (аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү келишимине ылайык) эскертүү даярдалат, андан кийин аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан баш тартылат; - өтүнмө ээси аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан өзү баш тартса | ||||||
17 | Даттануу тартиби | КР ЭФМ Кыргыз аккредитациялоо борборунун иши менен макул болбогон учурда, лаборатория Кыргыз аккредитациялоо борборунун www.kca.gov.kg сайтында жайгаштырылган Даттанууларды жана апелляцияларды кароо жөнүндө жобого жана апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын иштөө тартибине ылайык даттанууга же апелляцияга укуктуу. Кыргыз аккредитациялоо борбору же алдыңкы баалоочу/техникалык эксперт тарабынан аккредитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан/жүргүзүлгөн иштерге лабораториянын даттануу тартиби: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директорунун атына юридикалык же жеке жактын жазуу жүзүндөгү даттануусу же апелляцияга берүүсү; - конкреттүү даттануу/апелляция боюнча комиссиянын жеке жана сандык курамы кандай маселе боюнча түзүлгөнүнө жараша түзүлөт жана КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун буйругу менен бекитилет. КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринин жана аккредиттелген ШБО ишине даттануу (штаттык жана ишке тартылган) Комиссия тарабынан каралышы мүмкүн, Комиссия төмөнкүлөрдөн турат: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен (тыштан адистерди тартуусуз); - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен, анын курамына көз карандысыз адистерди тартуу менен (эреже катары, техникалык мүнөздөгү жана ченемдик камсыздоо маселелерин кароодо). Апелляцияны кароо боюнча комиссиянын курамына көз карандысыз адистер киргизилет: - юрист, эгер берилген апелляция ШБО аккредитациялоого талапкердин юридикалык статусуна, түзүмүнө ж.б. тийиштүү болсо; - техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган, эгер берилген апелляция шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдуу жана ченемдик камсыздоо маселелерине тийиштүү болсо; - аккредитациялоо боюнча алгачкы чечимди кабыл алууда жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышпаган техникалык эксперттерди же аккредитациялоо боюнча ТК өкүлдөрүн, эгер берилген апелляция иштин конкреттүү техникалык багытында аккредитациялоонун белгиленген критерийлерине шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоого талапкердин/аккредиттелген органдын шайкештигине тийиштүү болсо. Келип түшкөн даттануу/апелляция даттанууларды/апелляцияларды кароо боюнча комиссиянын курамына буйрук менен бекитилген датадан тартып 12 жумуш күндүн ичинде каралышы керек. Кошумча материалдарды суратып алуу зарылдыгы болсо, Комиссиянын жыйынынын мөөнөтү 30 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Берилген даттануунун/апелляциянын маңызы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусу аргументтелген негиздеме менен жазуу жүзүндө берилиши керек. Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн корутундусу каралып жаткан даттануу/апелляция боюнча бардык башка далилдер менен биргеликте бааланышы жана четке кагуу мотивдерин көрсөтүү менен толук же жарым-жартылай четке кагылышы мүмкүн. Комиссия карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколун жана даттануу/апелляция маселесинин сунушталган чечимин тариздейт. Протоколго жана Чечимге Комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы тарабынан кол коюлат. 3 жумуш күндүн ичинде катчы карап чыгуу жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна Чечимдин долбоору менен Комиссиянын жыйынынын протоколун сунуштайт. Даттанууну/апелляцияны кароонун жыйынтыгы КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна даттанууну жөнөткөн жакка чечимди кабыл алуу күнүнөн тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө жеткирилет. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча маалыматты даярдоодо Комиссиянын иштөө процессинде алынган купуялуулук сакталышы керек. Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда жак соттук доону белгиленген тартипте бериши мүмкүн. Кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу же кызматты сапатсыз берүү жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда алуучу чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызматтын стандарты, жок дегенде үч жылда бир жолу, ошондой эле зарылчылыкка жараша каралып турат | ||||||
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Контролдоонун аккредиттелген органынын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 4-глава, 50-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу борбордук аткаруу органы (мындан ары - техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жана компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 4-декабрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому; - Улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтому; - ISO/IEC 17011; - ISO/IEC 17020 | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Аккредитациялоо аттестаты | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө (аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берүү) күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөдө; - эгерде бардык кайрылуучулар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуугуч бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кире алышса; - күтүүчү орундарды (отургучтарды) сунуштайт, жылуулук, суу, телефон бар (зарыл болсо); - жандуу кезек принциби боюнча; - жеке адамдарга, кызмат көрсөтүлбөйт | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | - документтердин толуктугуна талдоо жүргүзүү менен өтүнмөлөрдү алуу, анын ичинде электрондук форматта 30 мүнөттөн 2 саатка чейин; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 8 айдан баштап 1,6 жылга чейин: - аккредитациялоо жүргүзүү жана келишимди тариздөө наркын эсептөө, буйрутманы/эсепти берүү - эң көп дегенде 3 күн; - акы төлөнгөндөн кийин, кызыкдар тараптардын макулдашуусу менен эксперттик топ түзүү 15 күндөн 2 айга чейин; - акыркы корутундуну берүү менен документтерди 3 айга чейин экспертизадан өткөрүү; - кайталап корутунду берүү менен 1,5 айдын ичинде кайталап экспертиза жүргүзүү; - 2-3 күндүн жыйынтыктоочу отчётун берүү менен жеринде баалоо; - 15 күндүн ичинде көзөмөлдөөчү орган тарабынан түзөтүүчү иш-аракеттерди көрсөтүү; - 2 айдын ичинде карама-каршылыктарды четтетүү үчүн түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана далилдерди келтирүү; - чечим кабыл алуу үчүн Комиссия түзүү жана 15 күндүн ичинде чечим кабыл алуу; - аккредитациялоо чөйрөсүн бекитүү менен аккредитациялоо жөнүндө аттестатты тариздөө - 2 күн; - продукциялардын аккредитацияланган лабораториясынын жана ИК картасынын ишине инспектордук контролду (ИК) жүргүзүүгө келишимди тариздөө - 2 саат; - аккредиттелген лабораториянын ишине ИК өткөрүү жөнүндө билдирүү жана эксперттик топтун мүчөлөрүнүн макулдугу 2 күн; - корутунду отчетту берүү менен ИК жүргүзүү 2 күн; - контролдоо органы тарабынан оңдоочу аракеттерди сунуштоо 5 күндүн ичинде; - оңдоочу аракеттерди аткаруу жана шайкештикти жокко чыгаруу боюнча далилдерди берүү 1 айдын ичинде; - Чечимди кабыл алуу боюнча комиссияны түзүү жана чечимдерди кабыл алуу 15 күндүн ичинде; - эл аралык стандарттардын талаптарына контролдоонун аккредиттелген органынын шайкештигин тастыктоо боюнча буйрук; - терс натыйжаларда - аккредитациялоо аттестатынын аракетин 1 айга токтотуп туруу/аккредитациялоо аттестатынын аракетин жокко чыгаруу; - токтотууга алып келген шайкеш келбестиктерди жокко чыгаруу боюнча оңдоочу аракеттерди контролдоо органы тарабынан аткарууда аккредитациялоо аттестатынын аракетин калыбына келтирүү | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат берүү: - Кыргыз аккредитациялоо борбору дареги 720011, Бишкек шаары, Фрунзе көч. 421; иш графиги: 9.00дөн 18.00гө чейин, дем алыш күндөрү - ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12 саат 30 мүнөттөн 13 саат 30 мүнөткө чейин; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен (жазуу жүзүндөгү суроого жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке байланыш менен); - E-mail аркылуу (арыз ээсинин документтерине экспертиза жөнөтүү); - факсимилдик маалымат (мисалы, буйрук - эсеп-фактураны төлөө үчүн жөнөтүү); Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат каалаган кайрылган жакка акысыз берилет. Аккредитациялоого өтүнмөлөрдүн формаларынын үлгүлөрү жана аккредитациялоо материалдарын даярдоонун тиешелүү жол-жоболору - Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында (www.kca.gov.kg). Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Кыргыз аккредитациялоо борборунун, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын (portal.tunduk.kg) маалымат стенддеринде, ошондой эле Кыргыз аккредитациялоо борборунун расмий сайтында (www.kca.gov.kg) жайгаштырылган | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телевидение); - аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайты: www.kca.gov.kg; - маалыматтык стенддер, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана байланыш телефондору; - аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн ырастоо. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен катар стендде, аккредитациялоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын сайтында жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоодо | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо органдарынын компетенттүүлүгүн тастыктоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин кеңселеринин эшиктерине маалымат тактачалары илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Контролдоо органынын компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн юридикалык жак белгиленген талаптарга ылайык контролдоо органын аккредитациялоо боюнча документтин комплектин даярдашы керек. Керектүү документтер: - белгиленген үлгүдөгү өтүнмө. Өтүнмөгө тиркеме: - квалификацияны текшерүүгө жана лабораториялар аралык салыштырып текшерүүдө контролдоо органынын катышуусу жөнүндө маалымат (талап кылынган жерде); - квалификацияны текшерүүгө жана лабораториялар аралык салыштырып текшерүүдө контролдоо органынын катышуу планы (талап кылынган жерде); - тийиштүү жол-жоболорду тиркөө менен контролдоо органынын сапаты боюнча колдонмо; - контролдоо органын аккредитациялоонун тийиштүү критерийлери боюнча толтурулган контролдоо баракчасы: Ф.КАБ-ПА1ШБО.Е.9 - контролдоо органынын ишин камтуу менен ички аудиттин жазууларынын (аккредитациялоо (баштапкы/кайра баалоо/кеңейтүү) жана башкарууну карап чыгуу чөйрөсүндө суралган шайкештикти баалоо иш-аракеттерин чагылдырган/камтыган ички аудиттер жөнүндө маалыматтар барбы же жокпу) контролдоо органын аккредитациялоонун тийиштүү критерийлеринин алкагында аккредитациялоого өтунмөнү берүүгө чейин жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун көчүрмөлөрү; - өтүнмө берилген аккредитациялоо тармагынын долбоору; - белгиленген мыйзамдуу тартипте бекитилген, контролду жүргүзүү боюнча ишке баалардын прейскуранты; - субподрядчы менен келишим (бар болсо); - өзүнүн жабдуусуна ички калибрлөөнү жүргүзүү бөлүгүндө контролдоо органынын компетенттүүлүгүн тастыктоого өтүнмө берүүдө, ал кошумчалап төмөнкүлөрдү берет: - ISO/IEC 17025 талаптарына жооп берген ички калибрлөө боюнча ыкмалар/жол-жоболор; - жабдууга ички калибрлөө жүргүзүү боюнча ШБО персоналынын техникалык жабдуу жана компетенттүүлүгү жөнүндө маалымат (Ф.КАБ-ПА1ШБО.Д.1 боюнча контролдоонун калибрлөө органы үчүн формаларды колдонуу). Контролдоо органын ЕАЭБ Бирдиктүү реестрине киргизүүгө өтүнмө берүүдө, ая кошумчалап төмөнкүлөрдү берет: - Ф.КАБ-ПА1ШБО.А.6 ылайык контролдоо органын кошууга өтүнмө; - Ф.КАБ-ПА1ШБО.А ылайык таризделген кагаз жана электрондук түрдөгү (Word форматында) аккредитациялоо тармагында ББ (ЕАЭБ) ТР боюнча аккредитациялоо жаатындагы долбоор; - Болгон маалыматты эске алуу менен толтурулган контролдоо органы үчүн Ф.КАБ-ПА1ШБО.ТС.З формасы боюнча Excel форматында ЕАЭБ бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн КО жөнүндө маалымат. Кыргыз аккредитациялоо борбору көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында өтүнмө ээсинен макулдук алгандан кийин "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө ээси жөнүндө маалыматты суратып алат | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо боюнча иштин наркы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аткарылган шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин прейскурантына ылайык, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып белгиленет, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мындан ары - КР ЭФМ) тарабынан бекитилет. Кызматтын наркы жөнүндө маалыматты КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун маалыматтык стендинен жана расмий сайтынан www.kca.gov.kg таба аласыз | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында аныкталган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызматтарга кайрылган юридикалык жактарга жынысы, улуту жана дини боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосу учурунда консультация берүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин маданияттуулугу жана сылыктыгы; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүү алууга сурам (арыз) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүктүн - 3 стадиясы (жеткиликтүү веб-баракча электрондук формадагы арызды толтурууга жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга бастырып чыгарбастан эле жиберүүгө функциялык мүмкүнчүлүгү бар) | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү негиздер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - өтүнмөнү кабыл алууда белгиленген талаптарга ылайык лабораторияны аккредитациялоо боюнча материалдардын топтому толук болбосо; - өтүнмө ээси тарабынан төлөм жок болгон учурда (төлөм тапшырмасы, кириштөө ордери ж.б.); - ар бир өзгөчө тармакта баалоочулардын жана/же техникалык эксперттердин жетиштүү санынын жоктугу; - толукталып иштелип чыккан материалдар өз убагында берилбесе (аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү келишимине ылайык) эскертүү даярдалат, андан кийин аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан баш тартылат; - өтүнмө ээси аккредитациялоо боюнча ишти улантуудан өзү баш тартса; - эгер өтүнмө белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жана/же тиркелген документтер толук көлөмдө берилбесе, алдоо жүрүм-турумунун же маалыматты жашыруу далилдери белгиленсе, аккредитациялоо боюнча органдын ишин уюштуруу бөлүмү 10 жумуш күндүн ичинде себепти көрсөтүү менен өтүнмөнү кабыл алуудан расмий баш тартуу даярдалат | ||||||
17 | Даттануу тартиби | КР ЭФМ Кыргыз аккредитациялоо борборунун иши менен макул болбогон учурда, лаборатория Кыргыз аккредитациялоо борборунун www.kca.gov.kg сайтында жайгаштырылган Даттанууларды жана апелляцияларды кароо жөнүндө жобого жана Апелляциялар жана даттануулар боюнча комиссиянын иштөө тартибине ылайык даттанууга же апелляцияга укуктуу. Кыргыз аккредитациялоо борбору же алдыңкы баалоочу/техникалык эксперт тарабынан аккредитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан/жүргүзүлгөн иштерге лабораториянын даттануу тартиби: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директорунун атына юридикалык же жеке жактын жазуу жүзүндөгү даттануусу же апелляцияга берүүсү; - конкреттүү даттануу/апелляция боюнча комиссиянын жеке жана сандык курамы кандай маселе боюнча түзүлгөнүнө жараша түзүлөт жана КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун буйругу менен бекитилет. КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринин жана аккредиттелген ШБО ишине даттануу (штаттык жана ишке тартылган) Комиссия тарабынан каралышы мүмкүн, Комиссия төмөнкүлөрдөн турат: - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен (тыштан адистерди тартуусуз); - КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистеринен, анын курамына көз карандысыз адистерди тартуу менен (эреже катары, техникалык мүнөздөгү жана ченемдик камсыздоо маселелерин кароодо). Апелляцияны кароо боюнча комиссиянын курамына көз карандысыз адистер киргизилет: - юрист, эгер берилген апелляция ШБО аккредитациялоого талапкердин юридикалык статусуна, түзүмүнө ж.б. тийиштүү болсо; - техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган, эгер берилген апелляция шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдуу жана ченемдик камсыздоо маселелерине тийиштүү болсо; - аккредитациялоо боюнча алгачкы чечимди кабыл алууда жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышпаган техникалык эксперттерди же аккредитациялоо боюнча ТК өкүлдөрүн, эгер берилген апелляция иштин конкреттүү техникалык багытында аккредитациялоонун белгиленген критерийлерине шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоого талапкердин/аккредиттелген органдын шайкештигине тийиштүү болсо. Келип түшкөн даттануу/апелляция даттанууларды/апелляцияларды кароо боюнча комиссиянын курамына буйрук менен бекитилген датадан тартып 12 жумуш күндүн ичинде каралышы керек. Кошумча материалдарды суратып алуу зарылдыгы болсо, Комиссиянын жыйынынын мөөнөтү 30 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Берилген даттануунун/апелляциянын маңызы боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн корутундусу аргументтелген негиздеме менен жазуу жүзүндө берилиши керек. Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн корутундусу каралып жаткан даттануу/апелляция боюнча бардык башка далилдер менен биргеликте бааланышы жана четке кагуу мотивдерин көрсөтүү менен толук же жарым-жартылай четке кагылышы мүмкүн. Комиссия карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын протоколун жана даттануу/апелляция маселесинин сунушталган чечимин тариздейт. Протоколго жана Чечимге Комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы тарабынан кол коюлат. 3 жумуш күндүн ичинде катчы карап чыгуу жана акыркы чечимди кабыл алуу үчүн КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна Чечимдин долбоору менен Комиссиянын жыйынынын протоколун сунуштайт. Даттанууну/апелляцияны кароонун жыйынтыгы КР ЭФМ караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна даттанууну жөнөткөн жакка чечимди кабыл алуу күнүнөн тартып 5 күндөн ашпаган мөөнөттө жеткирилет. Даттанууну кароо жыйынтыгы боюнча маалыматты даярдоодо Комиссиянын иштөө процессинде алынган купуялуулукта сакталышы керек. Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда жак соттук доону белгиленген тартипте бериши мүмкүн. Кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу же кызматты сапатсыз берүү жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда алуучу чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызматтын стандарты, жок дегенде үч жылда бир жолу, ошондой эле зарылчылыкка жараша каралып турат | ||||||
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кайрылмандарга күбөлүктөрдү берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 2-пункту | ||||||
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында кайрылмандын күбөлүгүн берүү кызматын кошо алганда, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөн борбордук мамлекеттик органы (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары (мындан ары - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Этностук кыргыздар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (50-берене); "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 629 "Кайрылмандын күбөлүгүнүн бланкынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтому | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кайрылмандын күбөлүгүн берүү менен "Кайрылман" макамынын ыйгарылышы | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат төмөнкүдөй көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор, менен жабдылган (имарат, жай); - кезек күтүү принциби боюнча. Имаратта күтүү жайлары, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болсо - сырттагы), жылытуу системасы, суу түтүгү, телефон болот. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, же эгерде алар тепкичтен көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арызын кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келгендерге ыңгайлуу болушу үчүн, кызмат көрсөтүлүүчү жайда кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 2 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 20 мүнөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана анын аймактык органдарынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mz.gov.kg сайтынан; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын аймактык органдарына жеке кайрылууда; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин www.mfa.gov.kg жана www.dcsmfa.kg сайттарынан. Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында жарандарды кабыл алуу - алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде - алар кайрылган күнү жана алдын-ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mz.gov.kg сайты; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге, эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин даректери, телефон номерлери жана иштөө режими www.mfa.gov.kg жана www.dcsmfa.kg сайттарында жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келгендер менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди жүйөлөштүрө алуу. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү этиканын ченемдерин сактоону, таламдардын кагылышуусун болтурбай, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу функционалдык милдеттерин аткарышат жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу, көрүүсү боюнча ДМЧА жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу адам жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Тиешелүү документтердин/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан иш-аракеттердин тизмеги | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - жеке өзү же ишеним берилген адамы аркылуу (нотариус аркылуу таризделген ишеним каты болгон учурда) эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин жооптуу кызматкерлерине кайрылуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген форма боюнча бланкта өтүнүч катын, ошондой эле кайрылмандын күбөлүгүн берүү жөнүндө анкетаны толтуруу. Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман макамын берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет: - паспорт же аны алмаштыруучу документ; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат; нике тууралу күбөлүк. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет: - жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бири өгөй ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; - ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк; - алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүлөрдү тиркөө зарыл: - адамдын жүзүн даана чагылдырган 30х40мм өлчөмүндөгү түстүү сүрөт - 2 даана; - тез көктөмө - 1 даана; - кагаз конверт - 1 даана | ||||||
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат алыш үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - стандартта белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын дал келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун күткөндөрүнө дал келүүсү; - даттануу жана сунуштар китебинин керектөөчү үчүн жеткиликтүү жайда болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Жарым-жартылай берилет. Документтерди электрондук түрдө тапшырса болот, ал эми кайрылмандын күбөлүгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке өзүнө берилет | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына ылайык келбеген учурда; - кайрылмандын күбөлүгүн берүүгө тоскоолдук болуучу фактылар жөнүндө маалымат ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан тастыкталган учурда; - эгерде керектөөчү тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш кылса; - эгерде керектөөчү мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырса; - эгерде керектөөчү Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыгып, анын аймагынын биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга чакырса; - эгерде керектөөчү террористтик аракеттери же киши өлтүргөндүгү үчүн соттолгон болсо; - эгерде керектөөчү келген максаты тууралуу өтүнүч катын берүү учурунда өзү жөнүндө жалган маалымат берген болсо; - эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки жана кат жүзүндө кайрылууга укуктуу. Кат жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун мазмуну, колу жана берилген күнү көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Кат жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү, катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда, керектөөчү эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | ||||||
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559 токтомуна ылайык 13-глава күчүн жоготту) | ||||||||
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Окумуштуулук даража берүү жөнүндө дипломду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 10-пункту | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик илимий-эксперттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары окумуштуулук даражаны изденип алуучулар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө"; 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" | ||||||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Окумуштуулук даража берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык эрежелерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; - жандуу кезек принциби боюнча. Кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде ыңгайлуулуктун болушу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана алардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө документтерди кароонун ченемдик мөөнөтү - 6 айга чейин, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү жөнүндө - 4 айга чейин. Жыйынтыкты берүү - 30 мүнөткө чейин Документтерди жеке кабыл алуу 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан; - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан (www.nakkr.kg); - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылуу учурунда; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен алууга болот. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу таратылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты; - маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы аркылуу. Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келген адамдар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөсүнүн каалгаларына маалымат жазуулары илиниши керек. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке бейджиктери болот. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле, кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерин) сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кардар жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Зарыл документтердин жана/же кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу адамдар аткара турган аракеттердин тизмеги | Изденүүчү төмөнкү документтерди берет: - диссертациялык кеңештин төрагасынын колу коюлган, диссертациялык кеңеш иштеген уюмдун бланкасына жазылган коштомо кат; - диссертациялык кеңештин төрагасынын колу коюлган, ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн окумуштуулук даража берүү жөнүндө маалымкат; - иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракча; - диссертациялык кеңештин жыйынынын стенограммасы; - расмий оппоненттеринин пикирлери; - жетектөөчү уюмдун пикири; - келүү барагы; - эсептөө комиссиясынын жыйынынын протоколу; - илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүчүлөр үчүн жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөдө билим алган адамдар, ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандары үчүн); - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген эквиваленттүүлүк жөнүндөгү күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүүчүлөр үчүн илимдин кандидаты дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөдө окумуштуулук даража алган адамдар, ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандары үчүн); - эквиваленттүүлүк жөнүндөгү документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө күбөлүк; - диссертация аткарылган уюмдун корутундусу; - диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясынын корутундусу; - кошумча талкуунун протоколу; - диссертациянын темасын жана илимий жетекчини (илимий кеңешчини) бекитүү жөнүндө окумуштуулар кеңешинин протоколунун көчүрмөсү; - авторефератка келген пикирлер; - автореферат жиберилген тизме; - коргоо жөнүндө газетадагы кулактандыруу; - каттоо-эсепке алуу карточкасы; - окумуштуулук наамды алуу үчүн индентификациялык карточка жана анын электрондук версиясы; - диссертация, 10 нускада диссертациянын авторефераты жана алардын электрондук варианты; - диссертациялык иштин "Антиплагиат" программасы аркылуу текшерилгендиги жөнүндө маалымкат (бар болсо); - документтердин тизими | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында берилет, ал ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nakkr.kg) жайгаштырылган | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк белгилери же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкеш келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, кабыл алуунун жарандарга ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлбөйт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн адам тарабынан арыз түшкөн учурда | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда ушул кызмат көрсөтүүнү алуучу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздары ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын доо арызы боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек | ||||||
15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө аттестатты берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 11-пункту | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик илимий-эксперттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары окумуштуулук наамдарды изденип алуучулар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө"; 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" | ||||||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү аттестат | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; - жандуу кезек принциби боюнча. Кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде ыңгайлуулуктун болушу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана алардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Профессор наамын ыйгаруу боюнча документтерди кароонун ченемдик мөөнөтү 6 айга чейин, доцент жана улук илимий кызматкердики - 4 айга чейин. Жыйынтыкты берүү - 30 мүнөткө чейин. Документтерди жеке кабыл алуу 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан; - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан (www.nakr.kg); - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылуу учурунда; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу таратылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты; - маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы аркылуу. Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келген адамдар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөсүнүн каалгаларына маалымат жазуулары илиниши керек. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке бейджиктери болот. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерин) сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кардар жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Зарыл документтердин жана/же кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу адамдар аткара турган аракеттердин тизмеги | Изденүүчү төмөндөгү документтерди берет: - уюмдун жетекчисинин колу коюлган ошол уюмдун бланкасына жазылган коштомо кат; - Окумуштуулар кеңешинин төрагасынын колу коюлган, ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө маалымкат; - иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракча; - эмгек китепчесинин иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - паспортунун иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - жогорку билими жөнүндө документинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, илимдин кандидаты жана илимдин доктору дипломдорунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (чет өлкөдө окумуштуулук даража алган адамдар, КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандары үчүн), эквиваленттүүлүк жөнүндөгү документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - илимий жана окуу-методикалык эмгектеринин тизмеси; - окумуштуулар кеңешинин протоколунан көчүрмө; - жарыяланган эмгектердин түп нускалары же көчүрмөлөрү; - документтердин тизими | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында берилет, ал ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nakkr.kg) жайгаштырылган | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк белгилери же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкеш келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, кабыл алуунун жарандарга ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлбөйт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн адам тарабынан арыз түшкөн учурда | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда ушул кызмат көрсөтүүнү алуучу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздар ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын доо арызы боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек | ||||||
16. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтерди нострификациялоо, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды кайрадан аттестациялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 12-пункту | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик илимий-эксперттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары окумуштуулук наамдарды изденип алуучулар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө"; 2012-жылдын 12-январындагы № 16 "Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (РhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" | ||||||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Окумуштуулук даража берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом. Окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү аттестат. Философиянын докторунун (РhD) мамлекеттик үлгүдөгү диплому | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; - жандуу кезек принциби боюнча. Кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде ыңгайлуулуктун болушу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана алардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүүгө аттестациялык ишти кароонун ченемдик мөөнөтү 6 айга чейин, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү 4 айга чейин, философиянын доктору (РhD) 4 айга чейин, профессор окумуштуулук наамын ыйгарууга аттестациялык ишти кароо 6 айга чейин, доцент жана улук илимий кызматкер - 4 айга чейин. Жыйынтыкты берүү - 30 мүнөткө чейин. Документтерди жеке кабыл алуу 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан; - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан (www.nakkr.kg); - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылуу учурунда; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу таратылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты; маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы. Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келген адамдар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөсүнүн каалгаларына маалымат жазуулары илиниши керек. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке бейджиктери болот. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди жүйөөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерин) сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кардар жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Зарыл документтердин жана/же кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу адамдар аткара турган аракеттердин тизмеги | Изденүүчү төмөндөгү документтерди берет: - уюмдун өтүнүч каты; - иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракча; - жогорку билими, окумуштуулук даражасы жөнүндө дипломунун же окумуштуулук наамы жөнүндө аттестатынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; - изденүүчүнүн колу коюлган, иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн илимий эмгектеринин тизмеси; - диссертациясы жана анын электрондук версиясы; - диссертациянын авторефераты - 3 нуска, электрондук версиясы менен; - диссертациянын авторефератынын кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аннотациясы; - паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - документтеринин тизмеси | ||||||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында берилет, ал ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nakkr.kg) жайгаштырылган | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк белгилери же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкеш келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, кабыл алуунун жарандарга ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлбөйт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн адам тарабынан арыз түшкөн учурда | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда ушул кызмат көрсөтүүнү алуучу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздары ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын доо арызы боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек | ||||||
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Окумуштуулук даражаларды берүү жөнүндөгү дипломдорду жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү аттестаттарды тариздөө жана калыбына келтирүү (жупнуска берүү) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 13-пункту | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик илимий-эксперттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары окумуштуулук даражалардын жана окумуштуулук наамдардын ээлери | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтому | ||||||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Илимдин докторунун диплому, илимдин кандидатынын диплому, философиянын докторунун (PhD) диплому, профессордун аттестаты, доценттин аттестаты, улук илимий кызматкердин аттестаты (жупнуска деген жазуусу менен) | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык эрежелерге жооп берген жайларда; жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; - жандуу кезек принциби боюнча. Кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде ыңгайлуулуктун болушу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана алардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дипломду же аттестатты даярдоонун ченемдик мөөнөтү - 1 ай. Жыйынтыкты берүү - 30 мүнөткө чейин. Документтерди жеке кабыл алуу 30 мүнөттүн ичинде жүргүзүлөт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан; - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан (www.nakkr.kg); - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылуу учурунда; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу таратылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты; маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы. Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келген адамдар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөсүнүн каалгаларына маалымат жазуулары илиниши керек. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке бейджиктери болот. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерин) сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кардар жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Зарыл документтердин жана/же кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу адамдар аткара турган аракеттердин тизмеги | Арыздануучу төмөндөгү документтерди берет: - жеке арызы; - жоготуп алгандыгы тууралуу документ (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин табылган буюмдар столунан маалымкат, жоготкондугу тууралуу гезиттеги кулактандыруу); - паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; Дипломду же аттестатты алууда: өздүгүн билдирүүчү документ (паспорт, кызматтык күбөлүк, айдоочулук күбөлүк), акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында берилет, ал ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nakkr.kg) жайгаштырылган | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк белгилери же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкеш келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, кабыл алуунун жарандарга ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлбөйт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн адам тарабынан арыз түшкөн учурда | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда ушул кызмат көрсөтүүнү алуучу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздары ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын доо арызы боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек | ||||||
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Ченемдик укуктук документтерди жана мезгилдүү басылмаларды ведомстволук программадан ашыкча чыгаруу Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 63-пункту | ||||||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик илимий-эксперттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтому | ||||||
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Ченемдик укуктук документтер жана мезгилдүү басылмалар | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык эрежелерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; - жандуу кезек принциби боюнча. Кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде ыңгайлуулуктун болушу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана алардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын бюллетени" журналын ведомстволук программадан ашыкча басып чыгаруунун ченемдик мөөнөтү - кийинки отчеттук кварталдын 15 күнүнөн кеч эмес. "Аттестация" журналы жана нускама ушул жылдын биринчи, экинчи кварталында чыгарылат | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан; - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан (www.nakkr.kg): - ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылуу учурунда; - ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу таратылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты; маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы. Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келген адамдар менен баарлашуу | Ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөсүнүн каалгаларына маалымат жазуулары илиниши керек. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке бейджиктери болот. Келген адамдар менен баарлашууда кызматкерлер этиканын: сылык мамиле жасоо, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, аңгемелешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди жүйөлөштүрүү сыяктуу негизги принциптерди сакташы керек. Бардык кызматкерлер жарандарга карата этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, жеке кызыкчылыктардын кагылышын туудурбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди жана кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерин) сакташы керек | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыз кылуунун ыкмалары | Кардар жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Зарыл документтердин жана/же кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу адамдар аткара турган аракеттердин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучу төмөндөгү документтерди берет: - акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында берилет, ал ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nakkr.kg) жайгаштырылган | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жашы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк белгилери же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына жараша басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтерди гана талап кылуу; кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкеш келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, кабыл алуунун жарандарга ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүдөн) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкеш келиши; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү орунда болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жүргүзүлбөйт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция жок учурунда | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат тиешелүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда ушул кызмат көрсөтүүнү алуучу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана анда кардардын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануу себеби, кардардын колу жана датасы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттоодон өткөрүп, жетекчиликке кароо үчүн жөнөтөт. Даттануу жана доо арыздар ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги белгилеген тартипке ылайык каралат. Жазуу жүзүндөгү даттанууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү ал катталгандан 14 күндөн ашпоого тийиш. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын доо арыз боюнча кабыл алган чечимине канааттанбаган учурда соттук тартипте даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турушу керек | ||||||
47. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын-паспортун (ID-карта) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 15-пункт | ||||||
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандар жана 16 жашка чыга элек адамдар. Эскертүү. 16 жашка чыга элек, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам паспорт алууда (алмаштырууда) арыз-анкетага анын мыйзамдуу өкүлү кол коёт | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө"; - 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө"; - 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" | ||||||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жана консулдук мекемесинде Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) берүү | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолсуз кирүү камсыздалган, бул объекттер пандус, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү, кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын кошо алганда - кызмат көрсөтүүнү алууга берилген арызды каттоо күнүнөн тартып эки айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө бөлүнгөн убакыт - 30 мүнөттөн ашык эмес | ||||||
Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, теле көрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mfa.gov.kg; - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталарында, буклеттерде; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде кызматты көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген. бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер сунушталат: - анкета-арыз, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери тарабынан "Паспорт" АМТ аркылуу толтурулат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү тастыктоочу дүмүрчөктөр (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге толуктоо катары төмөнкү документтер берилет: 1) адам 16 жашка толгондо: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - ата-энесинин (камкорчу/көзөмөлчү) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгон учурда) паспорттору арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн же болбосо жалпы жарандык паспорту (бар болсо) - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү тууралуу өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыгып жаткан юридикалык жактар үчүн; 2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (ал 18 жашка толсо же андан улуу куракта болсо): - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда; - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду же болбосо жалпы жарандык паспорту (бар болсо); 3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда: а) паспорттун жарактуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же болбосо арыз ээсинин каалоосу боюнча: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; б) жеке маалыматтарын өзгөртүүгө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунда жаңылыш жүргүзүлгөн жазуулар табылгандыгына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда), никеге туруусу же никесин бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турууда же никесин бузууда), күйөөсүнүн (аялынын) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (күйөөсү (аялы) каза болгон учурда) же акт жазуусунан көчүрмө - КБМРде маалыматтар жок болгон учурда же болбосо мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 формасы жок болгон учурда; 5) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда: - алмаштырылууга тийиш болгон 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаpaнынын паспорту; - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду; 6) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту, 2004- же 1994-жылдардын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун бузуп алгандыгына байланыштуу кайрылган учурда: - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган паспорт. Арыз ээсинин инсандыгын жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРде маалыматтар жок учурунда) аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан мурда берилген паспортко карата № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерүү жүргүзүлөт; 7) 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жоготуп алгандыгына байланыштуу: - арыз ээсинин жоготуп алган паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик алымдын коюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Консулдук кызматты көрсөтүү үчүн баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынган каражаттардын коюму тууралуу маалымат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||||||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке өзү кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта көрсөтүлбөйт | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күнүнүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күнүнөн тартып 14 иш күнүнөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | ||||||
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы No 327 токтому менен III бөлүмдүн 19-главасына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык. | ||||||||
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июлундагы № 406 токтомуна ылайык 20-глава күчүн жоготту) | ||||||||
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Визаларды жана визалык колдоону тариздөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 17-пункту | ||||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти (мындан ары - КР ТИМ ККД); Кыргыз Республикасынын аймагында Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - КР ТИМ ЫУӨ); Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин тизмеси тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана КР ТИМ ККД маалымат такталарына жана сайтына жайгаштырылган | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө"; - "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө"; - 2011-жылдын 11-ноябрынын № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 20-февралынын № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө"; - 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын таризделген визасы жана/же визалык колдоо | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Электрондук виза алуу үчүн арыз http://www.evisa.e-gov.kg расмий интернет-сайтына жайгашкан "Электрондук виза" порталы аркылуу берилиши мүмкүн. Жеке кайрылууда кызмат төмөнкүдөй шарттарда көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдугу жок кирүү, мындай объекттер пандус, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү жайы, ажатканалар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация алуу үчүн кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес; - консультация алуу - 20 мүнөттөн ашык эмес; - кабыл алынган документтерди кароо, визаны тариздөө, визалык колдоо арыз катталган күндөн тартып үчтөн жети календардык күнгө чейин; - кезек күтүү жана таризделген виза/же таризделген визалык колдоо алуу - 20 мүнөттөн ашык эмес. Электрондук виза алуу үчүн арыз берүү мөөнөтү - 5 иш күндөн ашык эмес. Визаны жана визалык колдоону тариздөөнүн чектелген мөөнөтү - жети календардык күн, электрондук виза тариздөөнүн чектелген мөөнөтү - беш иш күн | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.mfa.gov.kg; - www.evisa.e-gov.kg сайтынан (мындан ары - "Электрандук виза" порталы); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Онлайн режиминдеги интерактивдүүлүк - 5. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук орган менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же арыз ээсинин визалык анкетасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук визаны жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57. Жарандарды алдын ала жазылуусуз кабыл алынат. Иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 09:00-18:00. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси (веб-сайттар, жарандарды кабыл алуу графиги жөнүндө маалымат менен) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында көрсөтүлгөн | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Электрондук виза порталы; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен биргеликте тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Электрондук визаны тариздөө учурунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, чет өлкөдөгү мекемелерине баруу талап кылынбайт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же иш-аракеттердин тизмеси | 1. Визанын категориясына жана типтерине жараша визаны тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеги: 1) дипломатиялык виза ("D" тиби) үчүн: - дипломаттык паспорттун көчүрмөсү; - аккредитациялык картанын көчүрмөсү (КР ТИМ ККД же ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); - чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 2) кызматтык виза ("О" тиби) үчүн: - кызматтык паспорттун көчүрмөсү; - аккредитациялык картанын көчүрмөсү (ТИМ ККД же ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); - чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 3) инвестициялык виза ("I" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон ошол мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестордун статусуна ылайык келишин ырастоочу жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 4) эмгек визасы ("W1" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же жумуш берүүчүнүн уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкаттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишин жүргүзүү ниети бар арыз ээсинин жеке кайрылуусу; - жумушка болгон уруксат (узак мөөнөттүү визаны тариздеген учурда); 5) эмгек визасы ("W2" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же жумуш берүүчүнүн уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым каттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты же журналисттерди/кабарчыларды аккредитациялоо жөнүндө документ (узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); 6) окуу визасы ("S" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (окутуу мөөнөтүн көрсөтүү менен) (узак мөөнөттүү визаны тариздөөдө); - 7) ишкердик визасы ("В" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, салык органынан салык боюнча карызынын жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым каттын көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; (жеңилдетилген визалык режим каралган чет мамлекеттин жарандарынан сырткары). 8) айдоочулук виза ("Т" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде башкалар каралбаса, арыз ээсинин кызматын жана жүк ташыган автотранспорт каражатынын маалыматын көрсөтүү менен транспорттук компаниянын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы; - автотранспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - эл аралык жүк ташууга укук берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. 9) мейман визасы үчүн ("G" тиби): - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсү тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты; - чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсү; - чакыруучу тараптын же арыз ээсинин иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалым кат же материалдык мүмкүнчүлүгү тууралуу бардык башка документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн милдеттенме; - дарылануунун мөөнөттөрүн, наркын, коштоп жүрүүчүлөргө муктаждыгын көрсөтүү менен (медициналык кызматтарды алуу максатында) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу же ырастамасы; - дарылоону алдын ала төлөгөндүгүн же аны кийин төлөө мүмкүндүгүн ырастоочу документтер (медициналык кызматтарды алуу максатында); 10) туугандар визасы ("RL" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүч каты; - чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсү; - никени каттоо тууралуу күбөлүк же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамиледе экендигин ырастоочу башка документтер; - чакыруучу тараптын же арыз ээсинин иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалым кат же материалдык мүмкүнчүлүгүн далилдеген бардык башка документтер; - жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүч катын кароо тууралуу документ (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда); - миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өтүнүчү же качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу-кирүү визасы бериле турган болсо); 11) мекен визасы ("М" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - арыз ээсинин өтүнүч каты; - кыргыздардын этностук таандыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандык абалы тууралуу актыдан көчүрмө, архивдик документтер, чет өлкөнүн улуттук паспорттору); - жашап турууга уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүч катын кароо тууралуу документ (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда); - "кайрылман" статусу бар жактардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы бериле турган болсо); 12) туристтик виза ("ТS" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; 13) тоо туризм визасы ("МТ" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу; - жүрүү маршруту (тийиштүү тур уюштуруу планы); 14) диний визасы ("К" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген уруксаты болгондо диний уюмдун кайрылуусу; 15) үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - чет элдик жарандын арызы; - кабыл алуучу уюмдун өтүнүч каты (юридикалык жактар үчүн); - арыз ээси менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыгын күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү; 16) транзиттик виза ("ТR" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - үчүнчү өлкөгө баруучу акыркы пунктка чейин жол жүрүү билетинин көчүрмөсү же баруучу өлкөнүн визасынын көчүрмөсү же болбосо барган жеринен виза алууда үчүнчү мамлекеттин расмий бийлиги ырастаган уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү; 17) чыгуу визасы ("L" тиби) үчүн: - жарактуу документинин көчүрмөсү; - улуттук коопсуздук органынын, ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каттары. Арыз ээлери ушул пунктта каралган документтерди чет тилинде берилген учурда алардын мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу тиркелүүгө тийиш, мында документтер менен иштеген котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек (документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдениши же болбосо Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ага мамлекеттик жана расмий тилдеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу жүргүзүлүшү керек. 2. Визанын категориясына жараша визалык колдоону тариздөө үчүн КР ТИМ ККД жана КР ТИМ ЫУӨгө визалык колдоону тариздөө үчүн, визанын категориясына жараша жеке максаттар үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат: - Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы; - толтурулган визалык анкета; - каражаттардын төлөнгөндүгү тууралуу ырастама; - визанын талап кылынган категориясына ылайык визаны тариздөө үчүн жогоруда аталган зарыл болгон документтердин тизмесинде каралган башка документтер; башка максаттар үчүн (КР ТИМ КДД): - чакыруучу тараптын өтүнүч каты; - толтурулган визалык анкета; - каражаттардын төлөнгөндүгү тууралуу ырастама; - визанын талап кылынган категориясына ылайык визаны тариздөө үчүн жогоруда аталган зарыл болгон документтердин тизмесинде каралган башка документтер. 3. Электрондук виза алуу үчүн тышкы иштер, КР ТИМ ККД, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарында жайгаштырылган электрондук виза алуунун талаптары жана эрежелери менен таанышуу зарыл | ||||||
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде жүргүзүлөт. Прейскуранттын баасы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкеш келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, чет өлкөдөгү мекемелерине барбастан, электрондук визаны онлайн режиминде тариздөө мүмкүнчүлүгү | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилиши мүмкүн. Арыз ээси расмий интернет сайтында жайгашкан "Электрондук виза" порталы аркылуу КР ТИМ ККДга электрондук визаны тариздөөгө арыз берет. "Электрондук виза" порталы төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт: - электрондук виза алуунун шарттары; - "Электрондук виза" порталы аркылуу санариптик форматта бериле турган керектүү документтер; - консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу акча каражаттары (мындан ары - каражаттар); - каражаттарды төлөөнүн ыкмалары (электрондук банктык төлөө системасы); - Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби; - электрондук визаларды алуу үчүн арыздарды кароонун мөөнөтү; - кабыл алуудан баш тартылган электрондук виза алуу үчүн арыздарды кайрадан карап чыгуу тартиби; - каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер; - электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары; - визаларды тариздөө боюнча кошумча маалыматтар. Келүү максаттарына жараша визаны тариздөө үчүн арызды чакырган тарап дагы бериши мүмкүн. Арыз ээси "Электрондук виза" порталында визалык анкетаны толтурат жана ушул стандарттын 12-пунктунда каралган документтерди түстүү фото (ак фондо) менен берет. Визаны алуу үчүн арыз каражаттар төлөнгөндөн кийин ТМЭБС (Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы) тарабынан ырасталат. Арыз ээсинин визалык анкетасында ката же тийиштүү категориядагы визаны тариздөө үчүн зарыл документтердин жоктугу белгиленген учурда, виза алууга арыз каталарды жоюу же арызды зарыл болгон бардык документтер менен толуктоо үчүн арыз берүүчүгө кайтарылат. Электрондук визаны тариздөөгө баш тартылган учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн акча каражаттары кайтарылып берилбейт. КР ТИМ ККД берилген документтердин талапка шайкештигин текшерет. Каталар же шайкеш эмес аныкталган учурда арыз ээсине оңдоолордун зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жиберилет жана өтүнмө жеткире иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарылып берилет. Визаны тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук орган менен 4 иш күндүн ичинде ТМЭБС аркылуу макулдашылат. Жеңилдетилген визалык режим колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле 14 жашка чыга элек жактар үчүн визаны тариздөөгө өтүнмөлөр макулдашылбайт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук орган визаны тариздөөгө тоскоол боло турган негиздердин жоктугу жөнүндө же визаны тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы тууралуу КР ТИМ ККДга электрондук билдирүү жөнөтөт. Улуттук коопсуздук органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жообу берилбесе, өтүнмө оң жагына макулдашылды деп эсептелет. КР ТИМ ККД улуттук коопсуздук органы менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же арыз ээсинин визалык анкетасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук визаны жиберет. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү пайда болгон суроолор боюнча КР ТИМ ККДга же Кыргыз Республикасынын веб-сайттары аркылуу чет өлкөдөгү мекемелерге кайрыла алышат | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жооп берүүнүн мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде туруктуу негизде кайра каралышы керек | ||||||
22. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын чакыртуусу боюнча нотариалдык иш жүргүзүү үчүн нотариустун баруусу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 69-пункт | ||||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органынын мамлекеттик нотариустары (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик нотариустары). Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик нотариустардын тизмеси, алар менен байланышуу жөнүндө маалымат, кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик нотариалдык контораларынын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Нотариат жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту); - 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускаманын 12-пункту); - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Керектөөчүнүн чакыруусу боюнча мамлекеттик нотариустун нотариалдык иш жүргүзүү үчүн баруусу | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүгө же анын өкүлүнө кызмат көрсөтүү алар мамлекеттик нотариалдык конторага жеке кайрылууда төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 саатка чейин, анын ичинде: - арызды кабыл алуу жана/же көрсөтүлө турган кызматты алуу иш аракеттерине чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин; - кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин. Ошону менен бирге мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү нотариалдык ишти жасатуучу адамдын жашаган жерине чейин барууга сарпталган убакытка жараша болот | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан; - аймактык юстиция органдарынан; - мамлекеттик нотариалдык конторалардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымдоо такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - гезиттер; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары болушу керек. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, нотариус төмөнкүлөргө милдеттүү: жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо алардын көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга; алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык жагын билбөөдөн зыян тартпоолору үчүн жасалып жаткан нотариалдык аракеттердин кесепети тууралуу эскертүүгө, алар жасап жаткан нотариалдык аракеттердин келечек натыйжалары жөнүндө эскертүүгө | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектөөчү же анын өкүлү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүүсү зарыл: - оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция. Ошону менен бирге керектөөчү нотариустун сапарга чыгуусу үчүн бара турган жерине чейин транспорт жалдап же жол чыгымдарын төлөп бериши керек | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү: кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү нотариалдык иштерди аткаруу максатында жерине баруу үчүн нотариусту чакыруу жөнүндө керектөөчү арызын берген учурда электрондук форматта жарым-жартылай берилиши мүмкүн | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - жеке жана юридикалык жактардын максаттары жана ниеттери мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция көрсөтүлбөсө | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш. Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш | ||||||
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июлундагы № 406 токтомуна ылайык 23-глава күчүн жоготту) | ||||||||
24. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Нотариалдык күбөлөндүрүүнү жасатуу үчүн типтүү эмес документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 71-пункт | ||||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органынын мамлекеттик нотариустары (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик нотариустары). Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик нотариустардын тизмеси, алар менен байланышуу жөнүндө маалымат, кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Нотариат жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту); - 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускаманын 8-пункту); - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Нотариалдык иш аракетти аткаруу үчүн типтүү эмес документтин долбоору | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 2 саат 15 мүнөткө чейин, анын ичинде: - документтерди кабыл алуу жана/же көрсөтүлө турган кызматты алуу иш аракеттерине чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдан; - аймактык юстиция органдарынан; - мамлекеттик нотариалдык конторалардан. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымдоо такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - гезиттер; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары болушу зарыл: Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, нотариус төмөнкүлөргө милдеттүү: жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо алардын көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга; алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык жагын билбөөдөн зыян тартпоолору үчүн жасалып жаткан нотариалдык аракеттердин кесепети тууралуу эскертүүгө, алар жасап жаткан нотариалдык аракеттердин келечек натыйжалары жөнүндө эскертүүгө | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү зарыл: - оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция. Ошол эле учурда керектөөчү мамлекеттик нотариуска типтүү эмес документтин долбоору кайсы максатта зарыл экендигин мүмкүн болушунча жеткиликтүү, сабаттуу түшүндүрүүсү зарыл | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||||||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Типтүү эмес документти иштеп чыгууга керектөөчү тарабынан арыз берүү жагында электрондук форматта кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - жеке жана юридикалык жактардын максаттары жана ниеттери мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция көрсөтүлбөсө | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш. Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | ||||||
(Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 173 токтомуна ылайык 25-глава күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 173 токтомуна ылайык 26-глава күчүн жоготту) | ||||||||
| ||||||||
27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 95-пункт | ||||||
2 | Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана жазык-аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Ченемдик укуктук актылар: - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; - "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Ушул стандарттын 16-пунктунда каралган учурларда кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартуу. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ түрүндө жиберилет | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук түрдө, төмөнкүдөй шарттар бар болсо: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭК); - Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри аркылуу (мындан ары - КМТУБМР); - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармагычтар менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) бардык керектөөчүлөрдүн тоскоолдуксуз кирүүсү; - жайда күтүү үчүн орундар, жылытуу системасы, телефон байланышына жана Интернет тармагына жетүү мүмкүндүгү бар; - түшкөн өтүнмөлөргө ылайык электрондук кезек принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА), кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет же эгерде жайда өз алдынча чыгып баруу мүмкүн болбосо, өтүнмөлөрдү жана башка документтерди кабыл алуу үчүн кызматкер аларга түшүп келет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдар (угуу жана көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар ДМЧА, карыган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдердин кызматкерлер тарабынан сакталуусу. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарына, расмий сайтка жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр) жайгаштырылат. Иштөө графиги: Дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 16.00гө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин. Мамлекеттик порталдын жана Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштөө графиги - оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык тыныгууларды кошпогондо, күнү-түнү. Керектөөчү жумуш убактысы бүткөндөн кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылганда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү кийинки иш күнүндө жүзөгө ашырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жеке жана юридикалык жактар үчүн кагаз жүзүндө кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 53 мүнөт, анын ичинде: - арызды жана документтерди кабыл алуу - 5 мүнөт; - арызды жана документтерди электрондук документ жүгүртүү системасында каттоо - 2 мүнөт; - Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктуу кызматкери (адис-каттоочу) тарабынан арыздын каралышы - 12 мүнөт; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөө квитанциясын текшерүү (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо учурунда) - 10 мүнөт; - КМТУБМРге маалымат киргизүү - 19 мүнөт; - кызмат көрсөтүүнү аткаруунун жыйынтыгы тууралуу билдирмени керектөөчүгө каалагандай жеткиликтүү ыкма менен жиберүү - 5 мүнөт. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү кагаз жүзүндө кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө окшош | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) "жеке кабинет" аркылуу аралыктан кирүү режиминде; - Юстиция министрлигинде; - министрликтин расмий сайтында (www.minjust.gov.kg); - социалдык тармактарда (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке байланышта); - электрондук түрдө. Маалымат менен маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде таанышууга болот. Даректер, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Юстиция министрлигинин маалымат такталарына жана расмий сайтына (www.http://minjust.gov.kg) жайгаштырылат | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер); - социалдык тармактар: (www.facebook.com/minjustKR/7fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg); - финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери, нотариустар жана кызыкдар адамдар үчүн окууларды, тренингдерди өткөрүү жолу менен; - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу менен; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консултация берүү менен. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз негизде берилет | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин каалгасында маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялыкты камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылбайт. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жеке маалыматтарды КМТУБМР жайгаштырууга макулдук берилет | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу: - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз; - көрсөтүлүүчү кызматка акы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат. Эскертүү: порталга кайрылууда керектөөчүгө "жеке кабинетке" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алган датаны жана убактысын көрсөтүү менен электрондук колтамга (ЭК) менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында билдирүү жөнөтүлөт. Кызмат кагаз түрүндө алынган учурда: Кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек: - белгиленген үлгүдөгү арызды (арыздын үлгүсү Юстиция министрлигинин такталарында жана расмий сайтында http://minjust.gov.kg/ru/content/1155 болот); - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу катталган учурда); - жеке маалыматтарды КМТУБМРга жайгаштырууга макулдук; - зарыл болгон учурда өкүлгө ишеним катты; - ким экендигин ырастоочу документти. Зарыл болгон иш-аракеттер: - кагаз жүзүндөгү көрсөтүлгөн документтерди алдын ала текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу кызматкерге кайрылуу; - белгиленген үлгүдөгү арызды толтуруу; - акыны төгүү үчүн банктык реквизиттерди алуу; - банк системасы жана төлөм системасы аркылуу төлөө; - кагаз түрүндө керектүү документтердин тизмесин саат 9.00дөн 16.00гө чейин каттоого берүү; - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо же өзгөртүү же токтотуу тууралуу жазуу киргизүү жөнүндө күрөөлүк билдирүүнүн бир нускасын алуу; - кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз берүүчү жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому менен аныкталган. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык актуалдуулугу жана өз убагындалыгы; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагындалыгы (бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн билдирилген көлөмүнө жана өткөрүү мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээлеринен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, дини, саясий же башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - арыз ээлеринин даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук жана кагаз форматында көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат толугу менен автоматташтырылган түрдө онлайн режиминде, Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык веб-портал аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) каттоодон өтүшү керек | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - эгерде ишеним кат боюнча күрөө кармоочу же анын өкүлү болуп саналбаган адамдын атынан берилсе; - эгерде керектөөчү ким экендигин ырастоочу документти, ал эми анын өкүлү - ким экендигин ырастоочу документти жана ишеним катты көрсөтпөсө; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин жоктугу (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда) | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү административдик тартипте жазуу жүзүндөгү даттануу менен Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | ||||||
271. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 96-пункт | ||||||
2 | Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана кылмыш-жаза аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Ченемдик укуктук актылар: - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; - "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмеги); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары - КМТУБМР) көчүрмө. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ формасында жиберилет | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй ишке ашырылат: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук формада, төмөнкүдөй шарттар бар болсо: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭКТ); - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармагычтар менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) бардык керектөөчүлөрдүн тоскоолдуксуз кирүүсү; - жайлар күтүү, жылытуу, телефон байланышына жана Интернет тармагына жетүү үчүн орундар менен жабдылган; - түшкөн өтүнмөгө ылайык электрондук кезек принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА), кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет же аларга эгерде бөлмөгө өз алдынча чыгуу мүмкүн болбосо, кызматкер өтүнмөлөрдү жана башка документтерди кабыл алуу үчүн аларга түшөт; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгы боюнча ДМЧА, картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдердин кызматкерлер тарабынан сакталуусу. Жеңилдиктери бар жарандардын тизмеси маалымат такталарына, расмий сайтка жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр) жайгаштырылат. Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арыздарды кабыл алуу дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 16.00гө чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик порталдын жана Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштөө графиги - оңдоо иштерине байланыштуу техникалык тыныгууларды кошпогондо, күнү-түнү. Керектөөчү жумуш убактысы бүткөндөн кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылганда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү кийинки иш күнү менен жүзөгө ашырылат | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 34 мүнөттү түзөт, анын ичинде: - арызды кабыл алуу - 5 мүнөт; - арызды жана документтерди электрондук документ жүргүзүү системасында каттоо - 2 мүнөт; - акы төлөнгөнү жөнүндө квитанцияны текшерүү - 8 мүнөт; - КМТУБМРда маалыматтарды издөө - 5 мүнөт; - документтерди тариздөө жана документтерди басып чыгаруу - 5 мүнөт; - көчүрмөгө ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан кол коюу - 5 мүнөт; - керектөөчүгө документти берүү - 4 мүнөт. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү кагаз жүзүндө кызмат көрсөтүү мөөнөтүнө окшош | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер, социалдык тармактар); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg); - финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери, нотариустар жана башка кызыкдар адамдар үчүн окууларды жана тренингдерди өткөрүү жолу менен; - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу менен; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консультация берүү. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке байланышта); - электрондук формада. Маалымат менен маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде таанышууга болот. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтына (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет | ||||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, "Кабар" КУМА, 1-радио ж.б., гезиттер аркылуу); - социалдык тармактар (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1) аркылуу; - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери, нотариустар жана кызыкдар адамдар үчүн окууларды жана тренингдерди өткөрүү жолу менен; - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу менен; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышып консультация алуу. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылат: (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин каалгасында маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялыкты камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жеке маалыматтарды КМТУМБРде жайгаштырууга макулдук берилет | ||||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төмөнкүлөр берилет: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз; - көрсөтүлө турган кызматка төлөө жөнүндө маалымат. Эскертүү: керектөөчүгө "жеке кабинетине" порталга кайрылганда электрондук колтамга (ЭК) менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен билдирме жиберилет. КМТУБМРден кагаз түрүндө көчүрмө алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек: - КМТУБМРден көчүрмө берүү жөнүндө арызды (арыздын үлгүсү Юстиция министрлигинин расмий сайтында бар); - көчүрмө берүү үчүн кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны; - зарыл болгон учурда өкүлгө ишеним катты жана өздүгүн ырастоочу документти. КМТУБМР аркылуу: Электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү Юстиция министрлиги менен акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүп, КМТУБМРге кирүүгө уруксат (логин жана пароль) алышы керек. Андан кийин өз алдынча онлайн режимде каалаган убагында (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148) же (https://portal.tunduk.kg/) шилтеме боюнча кирип, жеке жана юридикалык жактын, ошондой эле күрөө предметинин зарыл маалыматтарын көчүрмөнү алуу үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документти тиркөө менен АМСке киргизсе болот. Көчүрмөдө суралган предмет боюнча маалымат камтылат. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз берүүчү жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу | ||||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому менен аныкталган. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилүүсү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди жарандардан талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | ||||||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук жана кагаз форматында көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат толугу менен автоматташтырылган формада онлайн режиминде, Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык веб-портал аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) каттоодон өтүшү керек | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ жок болсо; - арыздын баяндалышы так эмес берилсе же зарыл болгон маалымат жок болсо | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү административдик тартипте Юстиция министрлигине жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бекитилген формада берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | ||||||
28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууга коюу жана консулдук эсептен чыгаруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасынын 24-пункту | ||||||
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти (мындан ары - КР ТИМ ККД); Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана КР ТИМ ККД маалымат такталарында жана сайтында жайгаштырылган | ||||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары | ||||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрынын № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө"; - 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" | ||||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жаранынын анык жалпы жарандык паспортуна консулдук каттоого тургандыгы тууралуу белги коюу (Кыргыз Республикасынын жаранынын талабы боюнча). Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө маалым кат (Кыргыз Республикасынын жаранынын талабы боюнча) | ||||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү жайы, ажатканалар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүгө зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет (Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу) | ||||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация алуу үчүн кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес; - консультация алуу - 10 мүнөттөн ашык эмес; - консулдук каттоого коюуну тариздөө - арыз катталган күндөн тартып үч жумуш күнгө чейин; - документтерди алууда кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн чектелген мөөнөтү - 3 жумуш күн | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайтынан; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/консулдук мекемелерине жеке кайрылууда; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө/консулдук мекемелеринде жарандарды кабыл алуу - алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57. Иш графиги: дүйшөмбү - жума, саат 09:00-18:00 чейин. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн/консулдук мекемелеринин тизмеси (веб-сайттар жөнүндө маалыматы, жарандарды кабыл алуу графиги менен) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында көрсөтүлгөн | ||||||
9 | Кызмат көрсөтүүлөрдү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mfa.gov.kg сайты; - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемелеринин сайттары; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайтына жайгаштырылат | ||||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | ||||||
12 | Мамлекеттик кызмат керектөөчүлөр тарабынан зарыл болгон документтердин жана/же аракеттердин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: 1) толтурулган каттоо карточкасын; 2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун; 3) "Каттоо эсебинен чыгарылды" штампы басылган чыгаруу дарек баракчасын (Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына); 4) бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн, ак фондогу, 3x4 см өлчөмдөгү эки түстүү фото сүрөтүн. Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу) | ||||||
13 | Төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз негизде көрсөтүлөт | ||||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болушу | ||||||
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине же ыйгарым укуктуу органдын порталына ушул стандарттын 12-пунктунда каралган документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө) жиберүүгө укуктуу. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү КР ТИМ ККДга же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/ консулдук мекемелерине веб-сайт аркылуу кайрыла алышат | ||||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу үчүн негиз | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баш тартылышы мүмкүн | ||||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде туруктуу негизде кайра каралышы керек | ||||||
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|