Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
VIII. Коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 466, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 678, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 803, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 804, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 874, 2016-жылдын 3-мартындагы № 109, 2017-жылдын 16-январындагы № 20, 2017-жылдын 29-июнундагы № 412, 2018-жылдын 28-майындагы № 254, 2018-жылдын 20-июнундагы № 294, 2020-жылдын 10-февралындагы № 75, Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 52, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VIII. Коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Келишим боюнча жеке жана юридикалык жактардын объектилерин коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу (милициялык, аскерлештирилген жана кароол) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 9-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Келишимдик негизде мамлекеттик, жамааттык жана жарандардын жеке менчик объектилерин жана мүлктөрүн, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, чет элдик юридикалык жана жеке жактардын жеке менчиктерин, ташылган жүктөрдү куралдуу күзөт кылуу укугуна ээ болгон жана ага баш ийген адистештирилген күзөт бөлүнүштөрүнө жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүнүшү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (мындан ары - ИИМдин Күзөт кызматы) |
3 | Мамлекеттик тейлөө алуучулар | Юридикалык жана аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын маселелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылар |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Эки жактуу келишимдин негизинде жеке жана юридикалык жактардын бардык түрдөгү менчик объектилерин кайтаруу, коопсуздугун камсыз кылуу: - милиция күзөтү; - борбордоштурулган көзөмөлдөө түйүнү аркылуу кайтаруу; - кароол күзөтү; - аскерлештирилген күзөт; - жеке жана юридикалык жактарды кайтаруу; - жарандардын турак жайларын жана батирлерин кайтаруу; - жүктөрдү коштоо жана коммерциялык иш-чараларды кайтаруу; - дүрбөлөң баскычы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Арыз ээси кайрылган учурда кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик тейлөө берүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди кабыл алуу үчүн чектелген убакыт - 20 мүнөткө чейин. мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 иш күндөн ашык эмес. Техникалык жактан жабдылгандыгын жана кайтаруучу ишараттоо каражаты менен камсыздалгандыгын текшерүүнүн алгачкы актысы - 10 иш күнгө чейин. Актта көрсөтүлгөн сунуштардын керектөөчү тарабынан аткарылышы жана объектинин техникалык каражаттар менен жабдылышы текшерүү актында көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин. Кайрадан текшерүү жана келишимге чейинки текшерүү актысын түзүү - 10 иш күнгө чейин; Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү эки тараптуу келишимде сүйлөшүлөт, ал бир жылдан ашык эмес мөөнөткө түзүлөт. Келишимдин мөөнөтү бүтөөрүнө эки ай калганда, эки тараптан тең келишимди токтотуу талабын койбосо, келишим ошол эле мөөнөткө жана шартта узартылды деп саналат, Келишим мөөнөтүнөн мурда эки тараптын каалаган бир жагынын демилгеси боюнча 10 иш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү аркылуу төмөнкүдөй шарттарда токтотулат: - объекттин иши токтогондо; - келишимдин шарттары такай бузулса |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын расмий сайтынан www.mvd.kg; - КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнө жеке кайрылуу учурунда; - КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сайты: www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн тизмеси, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын жана КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн такталарына, сайтына жайгаштырылат |
Мамлекеттик тейлөөнү ишке ашыруу жана тейлөө | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга эз адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнө кайрылып төмөнкү документтерди берүүлөрү зарыл: 1) жеке жактарга: - эркин формада жазуу жүзүндөгү арыз; - ким экендигин ырастоочу документ (паспорт, күбөлүк); 2) юридикалык жактарга: - эркин формада жазуу жүзүндөгү арыз; - ишеним кат. Кызмат көрсөтүү келишимге кол коюлган күндөн тартып башталат. Керектөөчүлөрдөн түшкөн арыздар каттоо журналына милдеттүү тартипте жазылат |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын маалымат такталарына жана расмий сайтына www.mvd.kg жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жака жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү, ушул стандарттын 12-пунктуна ылайык документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн электрондук почтага (so_mvd_kr@mail.ru) жиберүү этабында жарым-жартылай электрондук форматта берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жала даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылышы мүмкүн: -18 жашка жетпеген адамдарга; - арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу белгиленбеген үлгүдөгү (кемчилиги, оңдоолору бар жана булганган) документтер берилген учурда; - башка жактын атынан аракет кылууга жактын расмий ыйгарым укугу жок болгондо (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты, тууганчылыгын күбөлөндүргөн документи); - ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси КР ИИМдин КК жана анын бөлүнүштөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды коштоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 11-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Коомдук тартипти коргоону, жол кыймылынын коопсуздугун, коомдук жайларда, көчөлөрдө, транспортто кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдоо, көзөмөлдөө жана уруксат берүү функцияларын аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы (мындан ары - КР ИИМ ЖЖК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (8-берене). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын автожолдору жана калктуу конуштардын көчөлөрү боюнча коопсуз өтүүнү жана тоскоолсуз жүрүүнү камсыздоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Арыз ээси кайрылган учурда кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок имараттарда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды коштоо КР ИИМ ЖКК кызматкерлери тарабынан кайгуул автомобилдеринде жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү алуу иш-аракеттери үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин; Арыз берилген күнү каралат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык белгиленет |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - КР ИИМ ЖККнын сайтында vww.gubdd.mvd.kg; - КР ИИМ ЖККга жеке кайрылганда; - КР ИИМ ЖККнын маалыматтык такталарында. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - КР ИИМ ЖККнын сайтында www.gubdd.mvd.kg; - маалыматтык такталарында; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын жана КР ИИМ ЖКК такталарына, сайтына (www.mvd.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн уюмдун/мекеменин бланкында жазуу жүзүндө арызды тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды камтыган жүктүн келген жана кеткен күнүн, убактысын жана жерин көрсөтүү менен берүү зарыл; - тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жардырылуучу материалдарды камтыган жүктү ташууга уруксат |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал КР ИИМ ЖККнын (gubdd.mvd.kg) жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын маалымат такталарына жана расмий сайтына (www.mvd.kg) жайгаштырылат Акы төлөө шарттары: акы төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын автожолдору жана калктуу конуштарынын көчөлөрү боюнча коопсуз өтүү жана тоскоолсуз жүрүү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү, кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты берүүнүн жана арыз тапшыруунун этабында byhggubdd@mail.ru электрондук почтага билдирүү жиберүү аркылуу жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Билдирүүнү электрондук түрдө берүүдө кол коюу укугуна ээ болгон адамдын электрондук санариптик кол тамгасынын болуусу милдеттүү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылышы мүмкүн: арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш 1 келбеген учурда; ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер керектөөчү тарабынан берилбеген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын, КР ИИМ ЖККнын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын, КР ИИМ ЖККнын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын, КР ИИМ ЖККнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ички иштер органдарынын жарандардын укуктарынын жана эркиндигинин, же коомдук тартиптин бузулушун токтотуу (четтетүү) боюнча шашылыш жардамы - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 12-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы. Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрү. Коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Оперативдүү таасир этүү борбору жүргүзөт (мындан ары - Оперативдүү таасир этүү борбору) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Окуялардын алдын алуу, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу, адам өмүрүнө, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудуруучу абалдарда жана башка коркунучтуу кырдаалдарда жардам берүү жөнүндө өтүнүчтөргө өз убагында таасир этүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат Телефон боюнча кайрылган учурда: - жерине баруу менен токтоосуз таасир этүү |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Токтоосуз |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасынан; адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын расмий сайтынан www.mvd.kg; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органына жеке кайрылууда; - адамдын укуктарын жана эркиндигин, укуктук тартипти коргоо, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органында маалыматтык тактада, брошюраларда, буклеттерде. Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сайты: www.mvd.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы. Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн даректери, телефондору номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын такталарына, сайтына, ошондой эле жогоруда аталган нөөмөт бөлүмдөрүндө жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын, ошондой эле ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдери сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу; - "102" телефону боюнча кабарлоо; Келип түшкөн кайрылуулар маалыматты каттоо журналына милдеттүү түрдө катталат, мында жарандын кайрылган күнү, аты-жөнү, дареги, байланыш телефону көрсөтүлөт |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Баш тартууга жол берилбейт |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн же Оперативдүү таасир этүү борборунун жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн же Оперативдүү таасир этүү борборунун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ички иштер органдарынын облустук, шаардык жана райондук нөөмөт бөлүмдөрүнүн же Оперативдүү таасир этүү борборунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194 токтому менен стандарттардын VIII бөлүмүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, главанын номерлери өзгөртүлдү. | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Интеллектуалдык менчиктин объекттерин бажы реестрине киргизүү -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 45-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында бажы ишин жетектеген аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана жеке жактар - тышкы экономикалык иштин катышуучулары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобо |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Интеллектуалдык менчиктин объекттерин бажы реестрине киргизүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Бардык кайрылуучуларга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имаратына кирүүгө ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери боюнча уруксат берилет. Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймылдоо аппаратынын бузулушу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттар, жайлар) пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди кабыл алуу үчүн чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин. Арыздарды кабыл алуу жана кароо мөөнөтү - бир ай. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине суроо-талап жөнөткөн учурда, көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт жооп алынганга чейин токтотулуп турат. Мында арызды кароонун жалпы мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 4а дареги боюнча жайгашкан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.customs.kg сайтынан; - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайты аркылуу; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ММК (газета, радио, телекөрсөтүү); - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты - www.customs.kg; - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайты аркылуу; - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары илинет |
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 146-беренесине ылайык берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга интеллектуалдык менчиктин бир объектисине карата арыз берилет. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: 1) укук ээси жөнүндө, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе өкүлү жөнүндө; 2) интеллектуалдык менчиктин объектиси жөнүндө; 3) Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин объектисине укуктарды коргоо мөөнөтү жөнүндө, бирок 2 жылдан ашык эмес; 4) товарлар жөнүндө, аларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү же бажы контролунун астында турган товарлар менен башка иш-аракеттер укук ээсинин пикири боюнча анын укуктарынын бузулушуна алып келет; 5) тышкы экономикалык иштин товардын номенклатурасына ылайык тышкы экономикалык иштин номенклатурасынын биринчи төрт белгисинин деңгээлинен кем эмес товарлардын коду жөнүндө |
Арызга интеллектуалдык менчиктин объекттерин укуктун бар экендигин жана таандыгын ырастаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка документтер), зарыл болсо - анын кызыкчылыгын коргогон жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет. Арыз ээси арызга товарлардын үлгүлөрүн жана (же) аны пикири боюнча интеллектуалдык менчиктин объекттерине укук ээсинин укуктарын бузуу фактысын ырастаган башка маалыматтарды тиркей алат. Арызга укук ээсинин товарларды чыгарууну токтотууга байланыштуу декларантка, товарлардын ээсине, алуучуга же башка адамдарга келтирилиши мүмкүн болгон мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеси (жазуу жүзүндө) тиркелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобонун тиркемеси). Арызга интеллектуалдык менчиктин объектисин бажы реестрине киргизүү үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция тиркелет | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобонун 9-пункту менен белгиленген. Баалардын прейскуранты бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана www.customs.kg расмий сайтына жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өнүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - 12-пунктта көрсөтүлгөн документтер берилбесе; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок болсо; - арыз ээси анык эмес маалыматты берген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | УДК боюнча авторефераттарды, диссертацияларды (макалаларды) индексирлештирүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 6-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китепканалары; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК). Мекемелердин тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан жогору жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | УОК (универсалдуу ондук сандардын классификациясы) боюнча документте индекс ыйгарылат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта, имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар (мындан ары - ДМЧА) үчүн тоскоолдуксуз кирүү, кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар). Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана РИМКга жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын расмий сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана жумуш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн паспортту көрсөтүп, документти (диссертация, макала, авторефераттар) берүү керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилиши мүмкүн (электрондук почта аркылуу кат жазышуу). Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү); |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу ушул параграфта айтылган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди четтетүү үчүн берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке нотариустардын нотариалдык документтерин мамлекеттик нотариалдык конторасынын архивине кабыл алуу жана сактоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 8-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген мамлекеттик нотариустардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары, кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Нотариат жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 6-пункту); - 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча Нускаманын 1.6, 7.1-пункттары); - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жеке нотариустар тапшырган мукабаланган архивдик документтери жөнүндө архивариустар тарабынан берилген кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары. Мамлекеттик нотариустар тарабынан квартал сайын түзүлгөн маалымкаттар |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алуунун жалпы мөөнөтү - 6 саатка чейин (тапшырыла турган китептердин санына жараша 1 сааттан 6 саатка чейин. Калькуляцияга ылайык 1 китеп - 1 саат) анын ичинде: - документтерди кабыл алуу жана/же көрсөтүлө турган кызматты алуу иш аракеттерине чектелген убакыт 10 мүнөткө чейин; - кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт 15 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдан; - аймактык юстиция органдарынан; - мамлекеттик нотариалдык конторалардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымдоо такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - гезиттер; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты; - аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын даректери, телефон номерлери жана иш режими юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымат такталарында жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органда жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат. Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл: - оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция; - тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган документтерди көрсөтүүсү абзел (башкача айтканда наряддарды түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча нускаманын талаптарына ылайык, китептердин талаптагыдай мукабаланышы, китептин сыртында (титулдук барагында) наряддын аталышы, индекси, сактоо мөөнөтү, жеке нотариустун аты-жөнү, лицензиянын номуру, нотариалдык аймагынын аталышы, башталышы-аягы көрсөтүлүү менен жол-жоболоштурулушу) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана кыймылдуу мүлк бүтүмдөрүн каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Нотариалдык документтерди сактоо жөнүндө кайрылуу берүү жаатында, электрондук форматта жарым-жартылай кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылат: - архивге тапшырылуучу документтер талаптагыдай жол-жоболоштурулбаса; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция көрсөтүлбөсө |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш. Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу-жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |