Загрузка документа…
|
| |
| КҮЧҮН ЖОГОТТУ 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартибин жөнгө салат. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Казыналык милдеттенмелер түрүндө жоюлууга тийиш болгон кредитордук карыздардын суммасынын минималдуу чеги 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө, ал эми курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери - 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө белгиленет. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Ушул Жобо атайын эсептердин каражаттары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кошпогондо, бюджеттик каражаттар бөлүгүндө гана мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо маселелерин жөнгө салат жана республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер кредиторлору болгон мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарына жайылтылбайт. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтарды чогултуу | |