Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

2023-жылдын 16-январы № 20

Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;

- социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;

- экономикалык долбоорлор үчүн каржылоону алууга өтүнмө 3-тиркемеге ылайык;

- социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо критерийлери 4-тиркемеге ылайык;

- экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери 5-тиркемеге ылайык;

- Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду максаттуу каржылоо жөнүндө келишим 6-тиркемеге ылайык;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун типтүү методикасы 8-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)