Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2023-жылдын 24-январы № 34
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 27-январында № 6(3455) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" III бөлүмүндө:
- 29, 30-главалар (Аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтагы аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик каттоо документтерин берүү, аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтагы аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик каттоо документтеринин дубликаттарын берүү) күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 89, 90-главалар менен толукталсын:
89. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтагы аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик каттоо документтерин берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 8-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн камсыз кылуу үчүн арналган коргоо маселелерин тейлеген, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча мамлекеттик аскер саясатын иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр төмөнкүлөр болуп саналат: - аскерге милдеттүүлөр; - мөөнөттүү жана контракттык кызматтардын аскер кызматчылары; - прапорщиктер жана офицерлер; - аскерге чакырылуучулар, аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандар; - 25 жаш курагындагы жана андан улуу, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Аскердик каттоо документин (аскердик билет) алуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү үчүн орундары, даараткана (региондордо борборлоштурулган суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда - короодогу), жылытуусу, суу түтүктөрү, телефону бар жайларда; - имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган (имараттарга, жайларга) аскердик каттоо документин (аскердик билетти) алууну каалаган жарандардын тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган; - жандуу кезек принциби боюнча. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик Согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн маалымат такталарында керектүү документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү | Арыз берүү мөөнөтү - 15 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн/берүүнүн мөөнөтү - 3 жумуш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуунун мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Бир айдын ичинде (эгерде башка райондорго/шаарларга суроо-талап жиберүү зарыл болсо) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүн маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - ишеним телефону боюнча; - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (mil.gov.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылуу аркылуу; - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Иштөө графиги: дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби, жума күндөрү 8.30дан 17.30га чейин. Кабыл алуу жандуу кезек тартибинде жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - газеталар; - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - коомдук кабылдама; - телефон боюнча. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн даректери, телефон номерлери жана иштөө режими коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Келүүчүлөр менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканы сактайт жана төмөнкүдөй болууга тийиш: - сылык-сыпаа, ак ниет, сабырдуу, принциптүү болууга; - жарандарды уга билүү жана алардын көз карашын түшүнүү; - жарандарга кеңеш берүү учурунда өзүнүн оюн аргументтөө жана негизделген жоопторду берүү; - жарандардын кайрылуусунун маңызын кылдат териштирүү, кеңеш берүү менен жардам көрсөтүү жана өтүнүчүн ишке ашыруу үчүн арызды белгиленген тартипте кабыл алуу. Кызмат адамдары кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруучу, жарандарга көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыздаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу, көрүүсү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча ДМЧА) менен баарлашуу аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү аймактык бөлүнүштөргө төмөнкү документтерди берет: - аскер комиссарынын атына арыз; - паспорттун көчүрмөсү (№ 1 формадагы карточканын көчүрмөсү); - паспортто башка райондо жашагандыгы көрсөтүлсө, жашаган жеринен маалымкат; - ак фондо 3x4 см өлчөмүндөгү 2 даана түстүү сүрөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандарттын талаптарына шайкештиги; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын төмөндөгүлөргө шайкеш келүүсү: имаратка кирүүнүн жеткиликтүүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болуусу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болуусу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сылыктыгы жана сыпайылыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө шайкеш келүүсү |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурларда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине же коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана анда төмөнкүлөр камтылышы керек: керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, керектөөчүнүн колу жана күнү. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну каттоого алат жана 1 күндүн ичинде жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды кароо аймактык бөлүнүштөрдүн же коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүнүн жоопту алуу мөөнөтү, анын катталган күнүнөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Керектөөчү жазуу жүзүндөгү жоопко канааттанбаган учурда Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөөчү же сот инстанцияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турушу керек |
90. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Аскерге милдеттүүлөргө, мөөнөттүү жана контракттык кызматтагы аскер кызматчыларына, прапорщиктерге жана офицерлерге аскердик каттоо документтеринин дубликаттарын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 9-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн камсыз кылуу үчүн арналган коргоо маселелерин тейлеген, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча мамлекеттик аскер саясатын иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр төмөнкүлөр болуп саналат: - аскерге милдеттүүлөр; - мөөнөттүү жана контракттык кызматтардын аскер кызматчылары; - прапорщиктер жана офицерлер; - аскерге чакырылуучулар, аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандар; - 25 жаш курагындагы жана андан улуу, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Аскердик каттоо документтин (аскердик билет) дубликаты |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү үчүн орундары, даараткана (региондордо борборлоштурулган суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда - короодогу), жылытуусу, суу түтүктөрү, телефону бар жайларда; - имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган (имараттарга, жайларга) аскердик каттоо документин (аскердик билетти) алууну каалаган жарандардын тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган; - жандуу кезек принциби боюнча. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик Согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн маалымат такталарында керектүү документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү | Арыз берүү мөөнөтү - 15 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн/берүүнүн мөөнөтү - 3 жумуш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуунун мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Бир айдын ичинде (эгерде башка райондорго/шаарларга суроо-талап жиберүү зарыл болсо) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүн маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан (mil.gov.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылуу аркылуу; - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Иштөө графиги: - дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби, жума күндөрү 8.30дан 17.30га чейин. Кабыл алуу жандуу кезек тартибинде жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - газеталар; - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - коомдук кабылдама; - телефон боюнча. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн даректери, телефон номерлери жана иштөө режими коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Келүүчүлөр менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканы сактайт жана төмөнкүдөй болууга тийиш: - сылык-сыпаа, ак ниет, сабырдуу, принциптүү болууга; - жарандарды уга билүү жана алардын көз карашын түшүнүү; - жарандарга кеңеш берүү учурунда өзүнүн оюн аргументтөө жана негизделген жоопторду берүү; - жарандардын кайрылуусунун маңызын кылдат териштирүү, кеңеш берүү менен жардам көрсөтүү жана өтүнүчүн ишке ашыруу үчүн арызды белгиленген тартипте кабыл алуу. Кызмат адамдары кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруучу, жарандарга көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыздаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуусу, көрүүсү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча ДМЧА) менен баарлашуу аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү аймактык бөлүнүштөргө төмөнкү документтерди берет: - аскер комиссарынын атына арыз; - паспорттун көчүрмөсү (№ 1 формадагы карточканын көчүрмөсү); - паспортто башка райондо жашагандыгы көрсөтүлсө, жашаган жеринен маалымкат; - аскердик каттоо документи жоголгон учурда табылгалар столунан маалымкат; - айып пул төлөнгөндүгү жөнүндө билдирме (квитанция); - аскердик билеттин бланкы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция; - ак фондо 3x4 см өлчөмүндөгү 2 даана түстүү сүрөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Баалардын прейскуранты аскердик каттоо документинин (аскердик билеттин) дубликатынын наркын көрсөтүү менен коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жана аймактык бөлүнүштөрүнүн маалымат такталарында жайгаштырылат |