Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 токтомуна) |
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө ушул Типтүү жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Кодекс) ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жекече курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өздөрүнүн чечимдери менен протоколдорду түзүүгө жана укук бузуулар жөнүндө токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Комиссиялардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизденет.
5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби
6. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссияларды түзөт.
7. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда Комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик органдын кызматкерлери (кызматчылары) кирет.
Комиссияны мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бири же тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси башкарат.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тиешелүү аймактын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана ошол аймакта жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет.
Комиссияны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарларынын бири же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аппаратынын жетекчиси/жооптуу катчысы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси башкарат.
Комиссиянын катчысынын милдеттерин аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын жетекчисинин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызмат адамдарынын бирине жүктөлөт. Комиссиянын катчысы Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Бишкек жана Ош шаарларында Комиссияны мэр тарабынан аныкталуучу кызмат адамы башкарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)