Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык
бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин
ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу
боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 7-июлундагы № 342, 2024-жылдын 23-августундагы № 497, 2024-жылдын 27-августундагы № 526, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 16-январындагы № 11 , 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 246, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86, 174, 187, 205, 213, 236, 239, 245, 246, 258, 269, 288, 295, 302, 303, 320, 321, 347, 354, 364, 375, 376, 386, 407, 409, 411-беренелеринин, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213 жана 288-беренелерине ылайык пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган мүлктү акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык;
5) Бонусту эсептөө тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) Рудадагы жана/же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо тартиби 6-тиркемеге ылайык;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган учурда дубалдардагы материалды, дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоонун тартиби 8-тиркемеге ылайык;
9) Салыктык карызды өндүрүп алуу жүргүзүлбөй турган салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлкүнүн тизмеги 9-тиркемеге ылайык;
10) Пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 10-тиркемеге ылайык;
11) Эксплуатациялоо учурунда алынган кирешелерден кетирилген чыгымдардын ашкан суммалары алынбай турган социалдык чөйрөнүн объекттеринин тизмеги 11-тиркемеге ылайык;