Загрузка документа…
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык |
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге, ошондой эле бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди дайындоо жана анын көлөмү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен жыл сайын бекитилет.
3. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди дайындоо жана анын көлөмү, максаттуу трансферттерди өткөрүл берүүчү жана максаттуу трансферттерди кабыл алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештер) чечими менен бекитилет.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер төмөнкү максаттарга берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде иш-чараларды каржылоого;
2) жергиликтүү бюджеттердин баланстуулугун камсыз кылууга;
3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин бирге каржылоону камсыздоого;
5) шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттердин жалпы көлөмү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен бекитилет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максаттуу трансферттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерине ылайык бөлүнүп берилет.
7. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн берилет. Трансферттин максаттуу багытталышы максаттуу трансфертти бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү кеңештин чечиминде көрсөтүлөт.
8. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттердин көлөмү, жергиликтүү бюджетти түзүү жол-жоболорунун алкагында, максаттуу трансфертти өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.