Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 155
Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин
экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген
факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын
автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү
жана жүргүзүү тартиби жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 730, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ишкердик субъекттеринин экономикалык активдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыздоо, инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, аларды Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестрине киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасындагы ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун реестринин (мындан ары - Реестр) оператору болуп;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун тизмесин түзүүгө жана Комиссиянын кароосуна жиберүүгө жооптуу болуп;
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) тиешелүү шаарлардын аймагында ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринен келип түшкөн ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун тизмесин түзүүгө жана Комиссиянын кароосуна жиберүүгө жооптуу болуп.