Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

1-тиркеме

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 31-мартындагы № 178

токтомуна ылайык)

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)

мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 788 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана ишин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

2. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), ишин токтотууну каттоо (мындан ары – каттоо) – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети, ал юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик реестрине (мындан ары – мамлекеттик реестр) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра түзүү жана ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Жободо каралган башка маалыматтарды киргизүү аркылуу ишке ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн каттоонун башкача тартиби каралган учурларды кошпогондо, ушул Жобого ылайык бардык юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) каттоодон өтүүгө тийиш.

4. Каттоо төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:

– юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишин токтотуу фактысын күбөлөндүрүү;

– катталган (кайра катталган) жана иши токтотулган юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) эсепке алуу;

– мамлекеттик реестрди алып баруу;

– катталган (кайра катталган) жана иши токтотулган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүү.

5. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары (мындан ары – каттоочу орган)  тарабынан жүзөгө ашырылат.