КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-марты № 177
Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" жана 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде бириктирилген айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
- жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын типтүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык;
- айыл өкмөтүнүн чектүү штаттык саны 3-тиркемеге ылайык;
- айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү 4-тиркемеге ылайык;
- айыл өкмөтүнүн штаттык расписаниесинин типтүү формасы 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- пилоттук режимде реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетин аткаруу механизмин иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
- айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарында 2024-жылга жана кийинки жылдарга теңдөөчү трансферттердин жана башка кирешелердин көлөмдөрүнүн мүмкүн болуучу түшпөй калуусу боюнча компенсациялык чараларды иштеп чыксын.