Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 6-апрели № 195

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жол тармагындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жол тармагындагы мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жободо:

- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-пункттун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоону жүргүзүү жана күтүү планын даярдоону жана иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Министрликке бекитүү үчүн берүүнү;";

- 24-пункттун сегизинчи, тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жободо:

- 3-пункттагы "ушул Жобого" деген сөздөр "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пункттагы "натыйжалуу пайдаланууну" деген сөздөр "топтоону жана натыйжалуу пайдаланууну" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункттун 11-пунктчасындагы ", кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн" деген сөздөр алып салынсын;